You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Армениядагы бийлик кимге тийет?
Арменияда бийликтеги Республика партиясы шейшемби күнү оппозициячыл саясатчы Пашинянга атаандаш катары премьер-министр кызматына өзүнүн талапкерин сунуштабайт.
Саргсяндын парламенттеги Республика партиясы (105 мандаттын 58ине ээ) өкмөткө каршы демонстрацияларды уюштурган Пашиняндын премьер-министр болуп шайланышына тоскоолдук кылбайбыз деп билдирди.
Армениянын парламенти шейшемби күнү убактылуу премьер-министрди шайламакчы.
Партиянын жогорку даражадагы расмийлеринин билдиргенине ылайык, Республика партиясы Пашинянга атаандаш катары премьер-министр кызматына өзүнүн талапкерин сунуштабайт.
Демек, 1999-жылдан бери биринчи жолу жаңы премьер-министр бийликтеги партиядан чыккан саясатчы болбойт. Республика партиясы премьер-министр катары башка талапкерди колдойбуз деп билдирди.
Митингдердин башында оппозициялык ишмер, либералдуу жана европалык "Елк" блогунун лидери Пашинян "шайлансам" дароо кезексиз шайлоо жарыялайм деп билдирди.
"Колубуздагы кризисти жайгаруу үчүн бир гана жол бар - эл тандаган талапкерди премьер-министр катары шайлоо", - деди Пашинян.
Орус депутаттары менен жолугушуу
Жекшемби күнү Никол Пашинян Москвага учуп барып, орус депутаттары менен жолукту. Пашинян Орусия менен мамиле бузулбайт деп белгиледи.
"Бул жараян аркылуу эч кандай геосаясий кутум уюштуруп жаткан жокпуз. Бул жерде эч кандай геосаясий контекст да жок. Бул жараян, биздин кыймыл бир гана ички процесс. Биз бардык эл аралык милдеттерибизди сыйлайбыз. Армениянын ЕАЭБ менен ЕККУга болгон милдеттери аткарылат. Бирок бул эч кандай маселе жок экенин айгинелебейт. Аны сүйлөшүүлөр аркылуу жайгаруу зарыл. Бул көйгөйлөрдү орус өнөктөштөрүбүз менен талкуулайбыз", -деди Пашинян.
"Елк" - либералдуу оппозиция, алар Армениянын европалык интеграцияга киришин жактап, Европа Биримдиги менен эркин соода келишимин түзүүгө чакырып, Орусия жетектеген ЕАЭБ экономикалык биримдигине каршы болуп келишет.
Арменияда көпчүлүк жарандар коррупцияга каршы көчөгө чыкканга даяр эле. Бирок сырткы саясат, евроинтеграцияны колдогондор аз экенин өткөн шайлоолор көрсөттү.
Геосаясый жактан алганда, өлкөнүн душмандашкан эки коңшусу (Азербайжан менен Түркия) жана эки анчейин тынч эмес коңшусу (Грузия менен Иран) турганда, армяндар үчүн жакынкы Орусиядан четтеп, алыскы ЕБге кирүү реалдуу көрүнбөйт.
"Мен Батышты колдогон, Орусияны колдогон же Американы колдогон саясатчы эмесмин. Мен Арменияны колдойм, ал менин чыныгы позициям. Евразиялык экономикалык биримдик тууралуу сөз кылсак - мен Армениянын Биримдикке мүчө катары кошулушуна каршы болчумун. Бирок Армения Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү, бул факт. Кандай гана саясачы болбосун бул фактты эске алышы керек", - деди Пашинян.
"Елк" блогунун лидери бардык тараптар менен, анын ичинде Орусия менен тыгыз мамиледе болууну көздөп турганын белгиледи. Пашиняндын айтымында, Орусия Армениянын ички маселесине, анын ичинде экономикалык өнүгүүсүнө кийлигишпейт.
Арменияга кандай башкаруу системасы ылайыктуу?
"Бул жерде түпкү маселе башкаруу форматы эмес, башкаруунун маңызы. BMW же Mercedes унаасы мыкты деп тынымсыз талашса болот. Бирок кеп кайсыл унаа жакшыраак эмес, эрежелерди карманып, мыйзамды сактап айдоодо. Себеби эки унаа тең мыкты. Демократиялуу бийликти, мыйзамды сыйлаган башкаруу системасын, экономиканы өркүндөтө турган жараяндар эки форматта тең болот. Демек, түпкү көйгөй башкаруу системасынын маңызында", -деди Пашинян.
Никол Пашинян жергиликтүү калк баарына бирдей мүмкүнчүлүк түзүлгөн системаны жактыраарын белгилеп, ал парламенттикпи же президенттикпи маанилүү эмес деп айтты.
Эгерде шейшемби күнү парламент анын талапкерин колдобосо, Пашинян өлкөнүн коопсуздугуна эч кандай коркунуч жаралбайт деп билирди. "Мен коррупция, мыйзамсыздык жана башалмандыкка каршы оппозициядамын. Бул көйгөйлөрдү биз чечебиз", - деди Пашинян.
Пашинян ким жана "Елк" эмне болгон блок?
42 жаштагы Никол Пашинян мурдагы журналист, 2000-жылдардын ортосунан тарта саясатка аралашкан.
Ал "Жарандык келишим" партиясын жетектеген. 2016-жылы "Елк" либералдык кыймылына кирген.
Пашинян Серж Саргсяндын өкмөт башына келишине каршы чыккан акциялардын башында туруп, аны миңдеген кишилер колдоого алган.
Бирок 2017-жылы апрелде өткөн парламенттик шайлоодо үч партиянын башын бириктирген "Елк" кыймылы 105 мандаттын тогузун гана алды.
Калган оппозициянын жагдайы
Армениядагы негизги оппозициялык күч катары "Царукяндын блогу" аталган кыймыл эсептелет. Бул бизнесмен Гагик Царукяндын партиясынын негизинде түптөлүп, парламентте 31 мандаты бар.
Бирок бул кыймыл каршылык акцияларына катышкан жок. "Елк" кыймылы буларды башкаруучу коалициянын жашырынган өнөктөшү катары эсептейт.
17-апрелде парламент Серж Саргсянды премьер-министр кылып шайлаганда, 76 депутат "макул" деп добуш берген. Ал эми 17 депутат каршы болгон. Демек, "Царукяндын блогундагы" кеминде 11 депутат Саргсян үчүн добуш берген.