Армениянын премьер-министри кысым алдында кызматтан кетти

Армениянын премьер-министри Серж Саргсян кысым алдында кызматтан кетти.

Буга чейин Ереван шаарындагы нааразылык акцияларга аскерлер дагы кошулган.

Демонстрацияга чыккандар мурдагы президент Серж Саргсяндын премьер-министр катары дайындалышына каршы 11 күн бою нааразылык акцияларды улантышты.

Жекшемби күнү оппозициячыл саясатчы Никол Пашинян камакка алынган. Учурда ал бошотулду.

Өткөн аптада миңдегендер көчөгө чыкканына карабастан, парламент 76 добуш менен Серж Саргсянды премьер-министр катары шайлашкан. 17 депутат каршы добуш берген.

Серж Саргсян кызматтан кетүү арызында "Никол Пашинян туура экен. Мен туура эмес экем" деп жазды.

"Түзүлгөн кырдаалды бир нече кадам менен чечсе болот, бирок алардын эч бирине мен барбайм. Ал менин жолум эмес. Мен өлкөнүн жетекчилигинен баш тарттым, өкмөт башчылыктан баш тарттым",-деди Саргсян маалымат каражаттарына берген маегинде.

Тынч мүнөздөгү "баркыт ыңкылабы"

Нааразылык акциялар башталып жатканда оппозициячыл саясатчы Никол Пашинян демонстрацияларды тынч мүнөздөгү "баркыт ыңкылабы" деп атаган.

"Биз мамлекеттик системанын ишине бөгөт койсок, бийлик элге өтөт",-деген Пашинян.

Демонстранттар таштанды чогулткан кутуларды жана отургучтарды колдонуп, баш калаадагы өкмөт имараттарын тосуп алышкан.

Нааразылык акцияга чыккандар "Серж алдамчы" деп кыйрып, өлкөнүн премьер-министр кызматына барбайм деп убада кылган Саргсянды кызматтан кетүүсүн талап кылышкан.

Армениялыктардын көбү бийлик алмашканда гана өзгөрүүлөр болот деген пикирде.

Саргсян 2007-жылдан бери жогорку кызматтарды ээлеп келди. 2008-жылы өлкөнүн президенти болуп шайланган. 2013-жылкы шайлоодо кайрадан президенттик кызматка келет. Ушундан кийин Армения башкаруунун парламенттик формасына өтүүгө даярдана баштаган. Ага ылайык премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейтилип, президентин укуктары кыскарган.

Эгерде Саргсян премьер-министр бойдон кала берсе, өлкөнү 2022-жылга чейин башкармак.