You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
АКШ-Кытай соода алакасы: Бээжин "кансыз согуш түшүнүгүнөн" алыстайлы деп эскертти
Кытайдын президенти Си Цзиньпин "кансыз согуш" доорунда калыптанган көз караштан алыстайлы деп айтып, Бээжин чет мамлекеттер менен соода алакаларын күчөтөт деп билдирди.
Бул кайрылуу Кытай Вашингтондун соода боюнча айрым талаптарын аткарууга даяр экенин айгинелейт. Дүйнөдөгү эки ири державанын буга чейин бажы төлөмдөр боюнча пикири келишпей, аталган өлкөлөр соода жаатында тиреше баштады деп байкоочулар кооптонгонун айтышкан.
Си Цзиньпин быйыл чет өлкөдөн импорттолгон унааларга жана башка товарларга бажы төлөмдөр төмөндөйт деп маалымдады.
Андан тышкары чет өлкөлүк компаниялар Кытайга жеңилдетилген жол менен инвестиция салууга мүмкүндүк алат. Бирок Бээжин кандай жеңилдиктер берилерин так айткан жок.
Башка өлкөлөрдөн импорттолгон унаалар арзанырак болот жана чет өлкөлүк компаниялар келечекте жергиликтүү өнөктөшү жок эле бизнес ачууга мүмкүнчүлүк алат. Бул эки маселе АКШ көтөргөн негизги көйгөйлөрдүн катарына кирет.
Си Цзиньпиндин кадамы АКШ президенти Дональд Трамптын нааразылыгына жооп катары сыпатталууда.
Кытайдын президенти өз кайрылуусунда, Вашингтон менен кайым айтышуусуна токтолгон жок. Бирок Трамптын "биринчи орунга Американы коём" деген ураанына Си Цзиньпин жооп катары дүйнөдөгү мамлекеттерди ачык болууга чакырды.
"Соңку кырк жылдын ичинде Кытайдын калкы дүйнөгө кучагын жайды жана дүйнөлүк экономикага өз салымын кошту. Реформа жана ачыктык аркылуу ири жараяндар жүрүп, Кытай жана дүйнөдөгү мамлекеттер бирге өнүктү. Кытайдын калкы ачыктыкты улуттук саясаттын пайдубалы катары кабыл алат", -деди Си Цзиньпин.
Кытайдын лидери ааламдашууну колдоп келген саясатчылардын бири. Ал эл аралык жыйындарда ааламдашуунун артыкчылыктарын сөзсүз белгилеп өтөт.
Кытай менен АКШ ортосунда "соода согушу" тутанабы деген кооптонуулар айтылып жатканда, президент Си "кансыз согуш" доорунда калыптанган көз караштан алыстап, диолог аркылуу маселени чечели деген ойду айтты.
Айрым сынчылар президент Си бажы төлөмдөрүн азайтуу, чет өлкөлүк компанияларга иш жүргүзүүнү жеңилдетүү жана интеллектуалдык менчикти коргоо тууралуу буга чейин дагы сөз кылганын белгилешет. Бирок иш жүзүндө Кытай чет өлкөлүк компаниялар сезчүдөй жеңилдиктерди сунуштаган эмес.
Си Цзиньпиндин 2013-жылы бийликке келиши менен өлкөдө экономикалык реформалар жүргүзүлүп, коррупцияга каршы катаал өнөктүк жүрдү. Ал башкарган алгачкы беш жылда эл арасында Синин кадыры абдан бийиктеген. Ошол эле учурда улутчулдук өсүп, жарандык укуктар чектелген.