Донбасста ок атышпоо келишими күчүнө кирет

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйшөмбүдөн тарта Донбасста ок атышпоо келишими күчүнө кирет.
Бул тууралуу чечим ишембиде Мюнхенде "Норманд төрттүгүнө" кирген - Германия, Франция, Орусия жана Украинанын Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда кабыл алынды.
Жолугушуудан кийин Германиянын Тышкы иштер министри Зигмар Габриэл, "Норманд төрттүгү" Украина чыгышындагы ок атышпоо келишимин ишке ашырууга болгон таасирин колдонот деп айтты. 1-мартта Минск шаарында жаңы сүйлөшүүлөрдү өткөрүү боюнча чечим кабыл алынган. Бул ирет туткундарды алмаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт.
Мунун алдында Германия канцлери Ангела Меркель Мюнхен конференциясында коопсуздук боюнча сөз сүйлөп, Минск келишими аткарылбай жатканын, Донбасста толук кандуу тынчтык орнотуу аракети көрүлүшү зарыл деген эле.
Донбасстагы кырдаал 29-январдан бери курчуп кетти. Украина орусиячыл жикчилдерди Авдеевканы жапырт аткылады деп күнөөлөдү. Ал эми өздөрүн аймактык түзүм кылып жарыялап алган ДЭР өкүлдөрү украин аскерлерин биринчи ок чыгарды деп айыптап жатышат.




