You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Ысырапкорчулукту токтоткон Түштүк Корея
Түштүк Кореянын мыйзамдары таштандыга ыргытылган тамак-ашты чогултуп жана кайра иштетүүнү талап кылат.
Отуз жылга жетпеген аралыкта Түштүк Корея "ысырапкорлордун өлкөсүнөн тамак-ашты кайра иштетүүчүлөрдүн улутуна" айланды. Иш абдан ийгиликтүү болуп, учурда кайра иштетүү 95% жетти.
Корея буга кантип жетишти?
"Банчан" - салттуу корей тамактарын көп кошумчалар менен берүү ыкмасы. Кээде тамак аягына чейин желбей таштандыга кетет. Бирок бул аны жөн эле таштанды челекке төгүү дегенди түшүндүрбөйт. Түштүк Кореяда мыйзам тамак-аш калдыктарын таштандыдан бөлүп чогултууну жана аны кайра иштетүү үчүн акы төлөөнү талап кылат.
Бул чарага канча төлөнөт? 1800 вон ($1.60), отуз жылга жетпеген аралыкта өлкө ысырапкорлордон кайра иштетүүчүлөрдүн улутуна айланды.
Шин командасы менен бир жылдан бери тамак-аш калдыктарын чогултат. "Жай. Жыт буруксуйт. Кышында кээде тоңуп, төгүлбөй калат. " - дейт ал.
Айрым таштандылар компост же биоотун чыгарууга жөнөтүлөт. Бул ишканада таштандылар кургатылып, тоок жемге айлантылат.
1997-жылга чейин таштандылардын көбү таштанды полигондорго төгүлчү. Бул жакшы идея болгон эмес. Чириген тамак-аш глобалдык жылууланууну ылдамдаткан метандын чоң
булагы. Каңырсыган жыт элди, өзгөчө полигонго жакын жашагандардын көңүлүн иренжитет.
Буга каршы көп иш-чаралар болуп турчу. Ким Михуа системаны өзгөртүүнү талап кылгандардын бири. Анын айтымында "кореялыктар карышылыктарга олуттуу жарандык мамиле кылышат. Керек болсо ата-энелер балдарын мектепке жибербей коюшат. Айрымдары жолго жатып алып транспорттун кыймылын бөгөттөшөт. Жигердүү каршылыктар болгон".
1997-жылы өкмөт жооп кылып, тамак калдыктарын бөлүп чогултуп, кайра иштетүүнү талап кылган мыйзамдарды киргизди.
Кайра иштетүүчү ишканаларды ишке киргизүүгө жана тургундарды үйрөтүүгө дагы 16 жыл кетти. 2013-жылы тамак-аш калдыктары "ыргытканга жараша төлө" системасына кошулду.
Таштандыларды ылгоо канчалык кыйын экенин түшүнүү үчүн биз Ли мырзанын ресторанына кайттык.
Чыгымын азайтуу максатында ал калдыктарды чарага чогултуп, саркындысынан арылтат. Алдын ала төлөнгөн чаптамалардын бирин чакага чаптап, таштанды чогулткан машинелердин бирине алып чыгат.
Бул чакалардан башка өлчөөнүн дагы эки жолу бар: алдын ала төлөнгөн пластик баштыктар, же алдыңкы технологиялар.
Бул терминал ID-картыңызды окуйт, таштандыны салмактайт дагы акы алат.
Түштүк Кореяда тамак-аш калдыктарын кайра иштетүү акыркы жылдары дүркүрөп өсүп 95% жетти.
Бул мүмкүн болгон эң жогорку деңгээл деп эсептелет.
Бирок маселелер дале бар. Кайра иштетүүчү жүздөгөн ишканалардын көбү киреше таппайт.
Анткени алардын көбүнүн өнүмү бекер. Ошондуктан система туруктуубу деген суроорлорду туулат. Кайра иштетүү деңгээли жогору болгону менен, ысырап дагы көп.
Өтө көп тамак-аш таштанды болот. Жаныбарлардын кайра иштетилген жемдерин 20%-30% колдонулбайт. Түштүк Кореянын системасы жетик эмес, бирок анын жогорку майнаптуулугу, кылганга эрк болсо, бул иш ар кимдин колунан келерин билдирет.