Куурчакты сүйүп жашоо. Жапондор эмнеге аниме-голограммага үйлөнүп жатышат?

Акихико

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Стефани Хегарти
    • Role, Би-Би-Си

Жапондордо компьютердик оюндар менен анимеден баш көтөрбөй отургандарды отаку деп коюшат. Бул категориядагы жаштардын арасында мультиктердин каармандарын гана сүйүп, реалдуу адамдарды такыр карабай калгандар көбөйүп жатат.

Акихико Кондо күн сайын эртең менен өзүнүн аялынын үнүнөн ойгонот. Ал бөлмөнүн башка бурчунан өзүнүн баладай назик жана бийик үнү менен чакырат. Ал бөлмөнү айланып чимирилип бийлеп да жиберет.

А чынында Акихико эки кабаттуу керебетинин астында колунда куурчак кармап отурат. Эгер ал биротоло ойгонуп кетсе, анда YouTube каналдан анын ырдаганын угуп отурмак.

Мунун себеби Акихиконун "аялы" кыялда гана жашайт, ал - Мику деп аталган аниме-мультфильмдеги каарман.

Акихиконун чыныгы турмушунда ал айнек капсуладагы голограмма түрүндө жашайт, кечке бөлмөнүн бир бурчунда текчеде турат, ал эми түн киргенде Акихико аны жумшак оюнчук сыяктуу бооруна кысып жатат.

Акихико

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Мику ар кандай болуп кубула алат. Мисалы, этеги айрык кыска юбка, жеңи ачык жеңил кофта кийген, көкүрөгү тирсийген назданган айым болуп бере алат.

Ɵткөн жылы ноябрда Акихито үйлөнүү тою деп атаган өзүнчө бир үлпөт болду. Ал расмий той болбосо дагы мейман көп келди - 39 адам. Жапон тилинде бул сан "аялдын" атына окшош жазылат, үч деген сөз "ми", ал тогуз - "ку".

Микунун өзү аппак көйнөк кийип, узун фата менен чыкты. Мунун баарын бир чебер дизайнер колго тигип берди.

Үлпөт тойдо Акихито өңүнөн жылмаюу кетпей, өзүнүн төрт чарчы көз айнегин көзүнөн түшүрбөй, аппак фрак кийип, төшүнө да аппак гүл тагынып жүрдү. Ал эми колунан аялы менен бир букет гүл түшкөн жок.

Ал өзү жана аялы үчүн сүйүүнүн салтанаттуу убадасын берип, аялын капталына кармап алып, алтарга өттү. Меймандар кол чаап колдоп турушту. Андан кийин жаштар столдун башына отурушту, Акихито ак отургучка, Мику болсо анын жанына отурду. Бул үлпөт тойдун видеосун көрүп отуруп азыр Акихито өзүнчө бир жылмайып алды:

"Мен бул үлпөт тойду эки себеп өткөрдүм,-дейт ал. - Биринчиден, Микуга болгон сүйүүмдү далилдешим керек эле. Экинчиден, азыр көп жаш отакулар анименин каармандарын сүйүп калып жатышат, мен аларды колдой турганымды билгизгим келди".

Акихико

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жапон ботандар эмнени каалайт?

Отаку жапон тилинде "ботан" дегенди билдирет, адатта видео оюндарга же анимеге азгырылгандарга колдонулат. Алардын көпчүлүгү бул сөздү мактоо катары кабыл алат, бирок бул сөз коомдон обочолонгон адамдарга карата кемсинтүү маанисинде да болуп калышы мүмкүн.

Акихитого окшогон кээ бирөөлөр өзүнүн оюн дүйнөсүн жаңы экстремалдык деңгээлге алып чыгып, реалдуу карым-катыштан чыгып калышы ыктымал. Мындайлардын саны көбөйүүдө.

Ɵткөн жылы Акихитого Микунун голограммасын жасап берген компания Gatebox өзүнүн кардарлары үчүн расмий эмес "нике күбөлүктөрүн" чыгара баштады, мындай күбөлүктү алгандар саны 3700 болду.

Мунун өзү, балким, көп деле эместир, бирок бул жаңы тенденцияга иштеп аткан бир эле компания эмес.

Социология профессору Масаширо Ямада, Yomiuri газетасындагы жеке маселелер боюнча колонканын автору, көп жылдан бери жаштардын жашоодогу нарк-насилдери жөнүндө сурамжылоо жүргүзүп келатат.

Сурамжылоонун тизмесинде үй жаныбарларынан тартып популярдуу ырчы жана спорт жылдыздары, анименин каармандары жана виртуалдык кумирлерге чейин бар. Ушул жылдын сурамжылоосуна катышкандардын 12% анименин каармандарын жана видеоюндарды сүйүп калганын белгилешкен.

Акихико

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Акчанын айынан акылдан айныгандар

Ямаданын айтымында, бул жерде көп нерсе экономика жана салт менен байланышкан. Биринчи кезекте көп жапон кыздар көп акча таппаган жигитттерди карабай тургандыгын айтыш керек.

2016-жылы 20 жаштан 29 жашка чейинки кыздардын 47% күйөө акча таап келиш керек, ал эми аял үй оокатын кылыш керек деген пикирге макул болушкан.

"Азияда, Жапонияда жана Түштүк Кореяда чоң акчанын айынан адамдар акылынан айнып жатат, бул тенденция азайып калбастан кайра күчөп жатат, -дейт социолог. - Жапон аялдары сүйүү өчпөйт деп ойлошот, бирок алар акчага гана ишенет".

Жапонияда көп акча тапкан эркектер азаюуда, анткени экономиканын темпи басаңдап жатат, анын таасири эмгек акынын өлчөмүнө тийбей койгон жок.

Натыйжада көп кыз-келиндер өздөрүнө акчалуу шерик издегилери да келишпейт, ал эми жаш жигиттердин көбүндө кыздардын тилин тапканга акчасы жок.

Микунун голограм версиясы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Микунун голограмма версиясы

Хикикоморилер кимдер?

Акихико чыныгы кыз менен мамиле куруу жөнүндө эч бир ойлогон да эмес.

"Мени чыныгы аялдар эч кызыктырган эмес. Мен өзүмө суроо берип көрдүм, эмне үчүн? Анткени мен аларга жакпайм".

Мектепте аны "ботан" деп шылдыңдашчу, мындай мамилеге ал жаңы ишке киргенде да кабылды. Ал башталгыч мектепте 12 жыл мурда иштеп баштаганда кокустан эки аял аны басмырлап баштады, бирөө өзү теңдүү, экинчиси - бир кыйла улуу.

Биринчи жолу учурашканда алар аны көзгө илбей коюшту. Андан кийин алар аны сыртынан шылдыңдаганга өтүп алышты. А эгер бир каталык кетсе, анда окуучулардын көзүнчө тилдеп башташчу.

Мындай кемсинткен мамилеге чыдабай акыры иштен кетүүгө туура келди. Эки жыл бою өзүнүн бөлмөсүнөн чыкпады.

"Мен хикикомориге айланып калдым", - деп эскерет. Жапония менен Түштүк Кореяда атасынын үйүнөн эч кайда чыкпай, элге көрүнбөй, керек болсо туугандары менен катташпай, кечил сыяктуу жашаган эркектерди ушинтип аташат.

Мындай типтеги адамдар болжол менен бир миллионго барат. Ошентип жүрүп Микуга жолукту. (КС)