Бир жыныстуу чычкан түгөйлөр балалуу болду

мыши

Сүрөттүн булагы, Leyun Wang

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эки ургаачы чычкандын тукум алышы болочокто генетикалык зор өнүгүүгө үмүт жаратты.

Эки ургаачы чычкан эркеги жок эле өздөрү балалуу болушту. Бул тууралуу Кытай илимдер академиясынын окумуштуулары кабарлашты.

Мындай көрүнүш ген инженериясынын бир кыйла алдыга жылышынан улам ишке ашты.

Окумуштуулардын айтуусунда, чычкандардын эки ургаачы балдары учурда өздөрүн жакшы сезип жатышат. Азырынча алардын генетикалык коду өзгөргөнү байкала элек.

Буга чейин эркек чычкандар менен жасалган мындай эксперимент ийгиликтүү болгон эмес. Алардан жаралган чычкандар болгону 48 саат жашаган.

Мындай изилдөөлөр эмне үчүн керек?

Сүт эмүүчүлөр, алардын ичинде адамдар дагы, ургаачысы менен эркегинин ортосундагы жыныстык катнаштын жыйынтыгында гана тукум улай алат.

Бирок жаратылыштын калган бөлүгү бул эрежелерге баш ийбейт.

Кескелдирик, амфибия жана балык сыяктуу жаныбарлардын окшош жыныста болсо дагы, ал тургай түгөйү жок болсо дагы тукум улай ала турган түрлөрү бар. Алардын кээ бирлеринде - мисалы, гермафродиттерде эки жыныска бөлүнүү жок.

Сүт эмүүчүлөрдө азырынча мындай көрүнүш мүмкүн эмес.

Кытай окумуштуулары бир жыныстуу чычкандардан тукум алуу үчүн репродукция эрежелерин кандай өзгөртүш керек экенин аныктап чыгууну чечишти.

Бул эрежелердин эмне үчүн мынчалык маанилүү экенин түшүнүүгө жардам берет.

Алар муну кантип жасашты?

Изилдөөчүлөр бир чычкандын жумурткасын, ал эми экинчисинен атайын клетка - гаплоиддик эмбриондук клетканы алышты.

Булардын баарын бир жерге чогултуп коюу жетишсиз болду. Аларды бири-бири менен айкалыштырыш үчүн окумуштуулар ген түзөтүү деп аталган технологияны колдонушту.

Бул түйүлдүк өсүп жатканда жана төрөлгөндөн кийин жашоого тоскоол болуучу генетикалык аномалиялардын өрчүбөшү үчүн жасалды.

Эки чычкан 29 чычкан төрөдү. Алар чоңойгончо жашап гана тим болбостон, тукум улаганга да жетишти.

Эркек чычкандар менен болгон эксперимент татаалыраак болгон. Алгач окумуштуулар сперма, эркек гаплоиддик эмбриондук клетка, генетикалык маалыматы жок жумуртка алып, андан соң жети генди өчүрүп коюшкан. Бирок бул ишке жараган эмес.

Гендер бузулду, эми эмне болот?

Cell Stem Cell белгилегендей, биздин генетикалык код, атадан же энеден жаралганына жараша өзүн ар түрдүү алып жүрөт.

Окумуштуулардын айтуусу боюнча, эч ким аял же эркектин көчүрмөсү жок төрөлбөйт.

Профессор Ли белгилегендей, бул изилдөө келечекте бир жыныстуу түгөйлөр дагы балалуу болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп калуу ыктымалын көрсөтөт.

Бирок, көпчүлүк изилдөөчүлөр бул методдон жана анын адамдарга колдонулушунан күмөн санашууда.

Komodo dragons

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көп рептилияларга тукумдаш үчүн жыныстык түгөйдүн кереги жок

Алар муну кантип жасашты?

Изилдөөчүлөр бир чычкандын жумурткасын, ал эми экинчисинен атайын клетка - гаплоиддик эмбриондук клетканы алышты.

Булардын баарын бир жерге чогултуп коюу жетишсиз болду. Аларды бири-бири менен айкалыштырыш үчүн окумуштуулар ген түзөтүү деп аталган технологияны колдонушту.

Бул түйүлдүк өсүп жатканда жана төрөлгөндөн кийин жашоого тоскоол болуучу генетикалык аномалиялардын өрчүбөшү үчүн жасалды.

Эки чычкан 29 чычкан тууду. Алар чоңойгончо жашап гана тим болбостон, тукум улаганга да жетишти.

Эркек чычкандар менен болгон эксперимент татаалыраак болгон. Алгач окумуштуулар сперма, эркек гаплоиддик эмбриондук клетка, генетикалык маалыматы жок жумуртка алып, андан соң жети генди өчүрүп коюшкан. Бирок бул ишке жараган эмес.

мыши

Сүрөттүн булагы, Leyun Wang

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Атасы жок эле туулган чычкан балдарынын жашоосу 48 саатка жетпей токтоду.