2017-жылы көз карашты өзгөрткөн 12 сүрөт

Кунг-фу в Кабуле

Сүрөттүн булагы, Reuters/Mohammad Ismail

BBC Culture 2017-жылы ар бир айда тартылган маданий символго терең 12 сүрөттү тантады.

Январь: маданий символдун өзгөрүшү

Hollyweed

Сүрөттүн булагы, Gene Blevins/AFP/Getty Images

2017-жылдын 1-январында белгисиз адамдар Голливуд тоосундагы жазуунун эки тамгасын өзгөртүп салган. Голливуд деген жазуу Hollyweed деп өзгөргөн (weed деген сөз англис тилинде марихуана деп которулат).

BBC Culture кызматынын кабарчысы Келли Гровье, атактуу британиялык өнөрпоз Жон Бёржердин айткан сөзүн эстеп, маданий символдор аялуу экенин жана аны оңой эле бурмалап салса болоорун белгилейт.

Февраль: Кабулдагы аялдардын кунг-фу клубу

Ушу

Сүрөттүн булагы, Reuters/Mohammad Ismail

Ушу, заманбап кунг-фу боюнча машыктыруучу өзүнүн окуучулары менен Кабулдун четиндеги тоодо сүрөткө түшкөн.

Тайманбаган аялдар Ооганстандын тургундары экенин эстен чыгарса болбойт. Бул коомдо аялдын кролу так жана спортко аралашкан аялдардын саны дээрлик жокко эсе.

Март: Алепподогу урандыларда жаңырган музыка

Алеппо

Сүрөттүн булагы, Credit: Joseph Eid/AFP

Бул сүрөт Сириядагы Алеппо шаарында 2017-жылдын март айында тартылган. Сүрөттөгү 70 жаштагы аксакал, талкаланган үйүндө музыка угуп, тамеки чегип отурат.

BBC Culture кызматынын кабарчысы Келли Гровьенин айтымында, бул сүрөт эч добуш чыгарбай туруп, согуштун кесепетин айгинелейт.

Апрель: адамкерчиликтин символу

Алеппо

Сүрөттүн булагы, Baladi News/Muhammad Alrageb

Алеппо шаарында тартылган сүрөттө фото-журналист Абд Алькадер Хабак камерасын таштап, оор жаракат алган баланы куткарууга аракеттенүүдө.

Май: дүйнөнү өзгөртө алган жарака

Тріщина

Сүрөттүн булагы, NASA/John Sonntag

Антарктикада соңку жылдары Ларсен мөңгүсүндө эбегейсиз чоң жарака пайда болду. Анын узундугу 177 чакырымды түздү. Бул сүрөттү НАСАнын илимий кызматкери Жон Зоннтаг 2016-жылы нобярь айында тарткан.

Ларсен мөңгүсүнөн A68 aйсберги ушул жылдын июль айында бөлүнүп чыккан. Окумуштуулардын айтымында, бул көрүнүш глобалдык жылуулуктан улам климаттык өзгөрүүлөр абдан бат жүрүп жатканынан кабар берет.

Июнь: торнадодон коркпогон адам

Торнадо

Сүрөттүн булагы, Cecilia Wessels/Facebook

Канаданын Альберта провинциясынын тургуну кубаттуу бороон жакындап калганына карабастан бакчасындагы чөптү кырка берген. Бул сүрөт социалдык тармактарда топ жарды.

Сүрөт 1939-жылы тартылган "Оз мамлекетинен келген сыйкырчы" көркөм тасмасынан алынган кадр сыяктуу эле болуптур.

Июль: чөнтөк телефондо видео көргөн горилла

Горила

Сүрөттүн булагы, Lindsey Costello

АКШнын Кентукки штатындагы Луисвилл зоопаркында тартылган сүрөттө горилла чөнтөк телефонду катуу кызыгып караган.

Сүрөттү "Инстаграм" баракчасына жарыялаган Линдси Костелло телефонунда жаш гориллалар тууралуу видео койгонун айткан. BBC Сulture кызматынын кабарчылары бул сүрөт бир четинен назик болуп, экинчи тарабынан адам баласы менен жаныбардын ортосундагы ажырымды көрсөтөт деген пикирде.

Август: талкаланган эстеликтер

Повалена статуя

Сүрөттүн булагы, Reuters/ Kate Medley

Би-Би-Синин кабарчысы Келли Гровье "бир эл тууралуу түшүнүгүңүздү кеңейткиңиз келсе, алардын эстеликтерин изилдөөнүн кажети жок. Анын оордуна талкаланган эстеликтерине көңүл буруңуз" деп жазып, бул сүрөттү август айында жарыялаган. Сүрөттө Каролинанын түндүгүндө конфедерат армиясына таандык эстелик талкаланууда. Бул сүрөттү маданий төңкөрүштүн символу катары баалашууда.

Буга чейин чоң өзгөрүүлөрдөн кийин эстеликтер талкаланып келген. Мисалы, 1991-жылы Москва шаарындагы Лубянка аянтында Феликс Дзержинскийдин эстелиги талкалаган. 2003-жылы Багдадда Саддам Хуссейндин жана 2011-жылы Триполи шаарында Муаммар Каддафинин эстеликтери талкаланган.

Сентябрь: токой өртү жана гольф

Гольф

Сүрөттүн булагы, Beacon Rock Golf Course/Facebook

Норт-Бонневиль шаарында токой өртү тез жайылып жатканына карабастан гольфчулар оюнун уланта берген. Бул сүрөт социалдык тармактарга жарыялангандан кийин тез тарап, топ жарган.

Октябрь: жаратылыштын кубаты

Лондон

Сүрөттүн булагы, Peter Macdiarmid/LNP

Көптөр бул сүрөттү карап, кандайдыр бир эффект колдонулса керек деп ойлошу мүмкүн. "Офелия" бороону Сахара чөлүнөн чаңды Лондон шаарына чейин алып келип, күн кирип жатканда дүйнөдөгү мегаполистердин биринде көркөм тасма тартчудай эффект пайда болду.

Ноябрь: дарактын тамырларында жоголуп бара жаткан айкел

Скульптура

Сүрөттүн булагы, Mathew Browne/ Historic Photographer of the Year

Таиландда "Жунгли" токоюнда буддисттер 700 жыл мурун тургузган эстелик дарактардын арасында жоголуп бара жатат. XIV кылымда тургузган өнөрпоздун чыгармасын жаратылыш акырындап жутуп жаткандай.

Декабрь: үмүттүн символу

Кулька

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Эл аралык адам укуктары күнү 10-декабрда белгиленет. Мексикалык адам укуктарын коргогон активист АКШ менен Мексикада бөлүнүп калган үй-бүлөлөрдү бириктирүү боюнча акция уюштурду.

Бул сүрөт Сьюдад-Хуарес шаарына жакын АКШ менен чек арадагы дубалда тартылган. Анда оор абалды түшүнбөгөн жаш кыз чек арада ойноп жүргөнүн көрсө болот. Сүрөт үмүттүн символу катары бааланууда.

Макалынын түп нускасын BBC Culture сайтынан окуңуздар.