Чаар жылкылары - кыргыздын байлыгы
"Сырдуу тулпар: Аппаллузанын тек-жайын териштирүү" аттуу, аппалузанын «ата-теги» тууралуу тасма обого чыккандан бери, Би-Би-Си менен бирге мага дагы көп телефон чалуулар түшүп жатат. Мени кубантканы «менде чаар жылкысы бар эле» дегени, бирок, өкүнткөнү «сатам» дегени.
Бирөөндө да «менде бар эле» деген сыймыктануу сезимдерин байкаган жокмун.

Сүрөттүн булагы, The Secret Horse
Бул тасма тартылаардан мурун биз 4 жыл бою чоң иликтөө эмгектерин жасаганбыз жана жыйынтыгын мына эми эл жүзүнө алып чыгып отурабыз. Бул жетишкендик кыргыз журтуна, жалпы кыргыз тарыхы үчүн чоң мааниге ээ. Себеби, жоголуп калган руханий байлыгыбыз табылып жана түптөлүп калган дүйнөлүк тарыхта чоң өзгөрүү болуп жатат. Дүйнөдө жоголуп бара жаткан, атагы чыккан аппалуза жылкысынын ата-теги бизден табылып жана илимий жол менен аныкталып жатат. Бул кыргыздар үчүн чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик!
Скотт айым «силер бактылуу экенсиңер кооз жаратылыш менен бирге ушундай укмуш жылкылардын ээси экенсинер. Ушуну сактап калышыңар керек, чаар жылкыларды жоготуп албагыла, биздин башыбыздан мындай өкүнүчтүү окуя өткөн, мындай катаны кайталабагыла», -деп айтып кеткен.
Бизде чаар жылкы бар дегенибиз менен, азыркы учурда абал өтө кооптуу. Себеби чаар жылкыларды атайын өстүргөндөр жок. Байкасак, алар бир экиден болуп ар кандай үйүрлөрдө жүрүшөт. Бир нече жылдан кийин, эгерде ушул маселени колго албасак, биз дагы чаар жылкыбыздан айрылабыз.

Сүрөттүн булагы, Munarbek Kuldanbaev
Ошол себептен чаар жылкыларыңар болсо сатпагыла! Жапа-тырмак чогулуп, таза чаар жылкылардын санын көбөйтүп алалы. Кызыккандар болсо көбөйтүү жолун мен түшүндүрүп айтып берем. Азыркы күндө биз бул жылкыны сатууга даяр эмесбиз. Туура, жалаң патриоттук сезим менен курсак ток болбойт, кыргыз эли намыскөй болот. Менин айтаарым, азыр бул жылкыны 4 же 5 миң долларга бирөөнүн артынан менин жылкымды алып кой деп куру намыс менен чуркагандан көрө, Чаар жылкыны асырап көбөйтүп, тарыхын билип алып, ветеринариялык жана башка экспорттоого керектүү иш чараларын тууралап алсак, сатып алуучулар (а бул бүткүл дүйнө) өздөрү сиздерди издеп келсе, анык намыс менен мен Чаар аттын ээсимин деп тургандан артыгы жок.
Азыр сата албайбыз дегендин техникалык жагы да бар, негизги себептери жана талаптары:
- Жылкынын саны аз жана аны атайын өстүргөн фермердик хозяйстволор жок; <pullOut title="Мунарбек Кулданбаев"><quote><quoteText>Кызыккандар болсо көбөйтүү жолун мен түшүндүрүп айтып берем.</quoteText></quote></pullOut>
- Ата-теги жок, бул жылкы сатууда эң негизги талаптарга кирет (минимум 2 же 3 муун такталышы керек. Буга 6, 7 жыл талап кылынат);
- Эпизоотикалык абал начар. Бизде азыр ветеринариялык контроль жокко эсе. Экспортко чыгуучу жылкыдан 10дон ашуун инфекциялык жана башка ооруларга анализ алынат. Эгерде жылкы экспортко чыккан кезде (мисалы Жаңы Зеландия же Кытайга), карантин убагында (бул 90 күндөн бир жылга чейин) айтылган оорулардын бирөөсү чыкса, жылкы ошол жерден өлтүрүлөт жана келишимге ылайык утилизация процессинин чыгымдары, айып пул жана жылкынын сатылган баасынын кайтарылуусу сатуучуга жүктөлөт;
- Кыргыз ветеринариялык сертификаттар дүйнөдө таанылбайт. Муну жолго салыш үчүн мамлекет аралык келишимдер жана башка иш чаралар көрүлүш керек экен. Муну кыргыз өкмөтү чечиш керек.

Сүрөттүн булагы, Munarbek Kuldanbaev
Жогорудагы себептер жана талаптар кулакка татаал угулганы менен, колдон келе турган эле жөнөкөй, бирок, өтө маанилүү талаптар. Булар иреттелип жолго салынгыча бир нече жыл кетет. Ошол убакытты текке кетирбей жылкынын санын көбөйтө берели. Себеби, бул жылкынын тарыхы жана өңү түсүнөн сырткары дагы көп жакшы сапаттары бар. Бул жылкылар, тоодо жакшы жүрөт, көп тоют талап кылбайт, сүтү көп жана башка жылкыларга караганда интеллекти жогору. Бул жылкыны спортто, айыл чарбада, туризмде колдонсо болот.
Азыркы Конор жана Скотт бирге жасаган ишибиз бул чаар ат-аппалуза чоң пайдубалына бир эле кирпичин койгонго барабар. Эми чогулуп ушул укмуштуу жылкыны сактап, асырап, көбөйтүп, сыймыктанып биздин балдарыбызга, небере, чөбөрөлөрүбүзгө өткөрүп берели.
Урматтоо менен,
Мунарбек
Автор: Мунарбек Кулданбаев
kyrgyz@bbc.co.uk












