Кол чырак менен жүрөккө жасалган операция

- Author, Айбек Абдылдаев
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Оштогу кабарчысы
Кыргызстандын Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунда электр жарыгы өчүп калып, жүрөккө жасалып жаткан операция кол чырактар жана мобилдик телефондордун жарыгы менен улантылганы тууралуу <link type="page"><caption> видео</caption><url href="https://www.facebook.com/video.php?v=658820247565400&set=vb.100003122915935&type=2&theater" platform="highweb"/></link> социалдык түйүндөрдө курч талкууларды жаратты.
Айрымдар бул окуяны мүмкүн эмес деп эсептешип, мындай шарттарда операция жасоо оор деп айтышууда. "Дарыгерлердин <link type="page"><caption> бул кылганы </caption><url href="https://www.facebook.com/video.php?v=658820247565400&set=vb.100003122915935&type=2&theater" platform="highweb"/></link>кылмышпы же каармандыкпы?", - деп суроо бергендер да бар.
Бул окуя тууралуу Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун директору Калдарбек Абдраманов Би-Би-Сиге айтып берди:
“Операциянын негизги этабына кирип калганбыз. Демейде электр жарыгы беш мүнөткө чейин өчүп калган учурлар болчу, бирок бул ирет 25-30 мүнөткө чейин өчтү деп айтып жатышат. Кыска убакытка өчкөндө медициналык шаймандардын бардыгы батарейка менен жыйырма мүнөткө чейин иштеп берет да.
Жүрөктү токтотуп, анын клапандарын алмаштырып баштаганда ошондой окуя болду. Мен эми хирургдардын, операцияга катышып жаткан дарыгерлердин абалын сөз менен айтып бере албайм. Караңгыда кол чырактардын жардамы менен жүрөктүн так ортосундагы эки клапанды тигип, бирөөнү жамап туруп чыгып кетиш керек эле. Эки саатка чейин жүрөк токтоду, бирок ошонун отуз мүнөтү бизди стресс абалда кармады”.
"Бизди бейтаптын өмүрү гана кызыктырат"

Азыр бул операцияны башынан өткөргөн 23 жаштагы кыздын абалы жакшы деп айтылып жатат. Жүрөккө ушундай шартта операция жасоого мүмкүнбү? Ал жердеги медициналык жабдыктар, шаймандар кантип иштеди? Бул суроо көпчүлүктүн акылын айраң калтырып турганы менен дарыгер буга мүмкүн экенин турмуш чындыгы ырастады деп айтууда:
“Шарт жок болсо деле мындай операция жасап, сенсация кылганга аракет кылып жаткандай жоругандар болуп жаткандыр. Биз дарыгербиз, биз бейтаптарды айыктырышты гана ойлойбуз. Башка жоопкерчилик мени кызыктырбайт. Бул учурда мен сыртта болуп жаткан нерселер тууралуу ойлогон жокмун. Айрыкча энергетика, башка маселелерди такыр оюма албадым. Болгону операцияда жаткан кыздын гана өмүрү тууралуу ойлоп, ошону жараткандан да тилеп жаттым. Азыр ал кыз дагы бул сөздөрдү угуп, ушундай абалдан чыктымбы деп стресс болуп жатат".
Борбордун жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Кайрат Эргешов ошол операцияга катышкан дарыгерлердин бири:
“Эң маанилүү учур болчу. Жасалма калпакты биз орнотуп жатканбыз, жасалма кан айлантып жаткан учур болчу. Жарык өчкөндө генератор жок болгон үчүн кол чырактардын, телефондордун жарыктарын колдонууга аргасыз болдук. Кудайга шүгүр, жыйынтыгы жакшы болду".
Журөк кан тамыр оорулары Кыргызстандагы курч көйгөлөрдүн бирине айланган. Илдеттен каза тапкандар саны көбөйүп, оорунун жашарып баратканы, борбор калаадан башка жерлерде операция кылуу мүмкүнчүлүгү жок экени айтылып келгени бар.
Жалал-Абаддагы бул борбор өлкөнүн түштүк облустарындагы бирден бир жүрөккө операция жасаган өкмөттүк мекеме саналат. Эки жылдан бери иштеп жаткан борбор түзүлгөн шарттар, электр энергиясы, суу түтүктөрү боюнча көйгөлөрдү айтып, ондогон кайрылууларды бийликке жөнөтүшкөн.
“Бул мен үчүн же башкалар үчүн эле керек эмес да. Түштүк облустарында үч миңден ашуун бейтап операцияга муктаж болуп турат. Ошолор үчүн керек да. Эгерде медицинанын маселесин чече албасак, биз өзүбүздү кантип мамлекетпиз деп айтабыз. Дарыгер катары ушул сөздөрдү айткым келди, мүмкүн туура эмес айтып жаткандырмын. Жүрөк хирургиясында 35 жыл иштедим. Анын он жылын Москвада өткөрдүм. Ал жактагы кесиптештерим “эмне кино тартып жатасыңарбы?” деп чалышты. Адамда ошондой бүдөмүк ой жаралат экен да. Себеби мындай болуп калат деп эч ким ойлобойт”, - деди Абдраманов.
"Бул ооруканада 24 саат жарык өчүп калышы мүмкүн"
Бул окуя боюнча "Жалал-Абад электр" ишканасынын жетекчи орун басары Азамат Паизов Би-Би-Сиге төмөнкүлөрдү айтты:
“Авария болуп, кайра жыйырма беш мүнөттө жарык берилген. Бул жерде жүрөк эмес башка операция болгон күндө деле резервдик линиялар болушу керек эле. Ошого биз бир канча ирет эскертүү бергенбиз. Бул борбор Кан тапшыруу мекемесинин имаратында жайгашкандыктан, биз келишим түзгөндө 3-категориядагы колдонуучу деп түзгөнбүз. Бул деген бир суткага чейин да жарык өчүп калышы мүмкүн дегендик. Алар ошол жердеги тургундар колдонгон көмөк чордонунан жарык алышат. Эгер ал күйүп кетсе анда кандай болот?”.
Соңку окуя миңдеген кыргызстандыктарды эгер ооруканадагы абал ушундай болсо арты эмне болот деген кабатырланткан, чоочуткан суроолорго жооп издөөгө аргасыз кылууда.
Энергетикалык каатчылыкты мында кой, адамдын өмүрү менен өлүмү ортосунда күрөш жүргөн, ошондой операцияларды өткөргөн мекемедеги шарттын жоктугу, жок эле дегенде кошумча электр жабдыктарын, генаратор орнотуп коюу маселесинин чечилбей келатканы саламаттыкты сактоо тармагынын азыркы абалын көрсөттү деген пикирлер айтылып жатат.












