You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Би-Би-Си Бишкектеги журналисттик үч орунга конкурс жарыялайт
Би-Би-Си Кыргыз кызматы Бишкектеги кеңсесинде иштөө үчүн кесипкөй 3 (үч) журналисттин кызмат ордуна конкурс жарыялайт.
Кесипкөй даярдыгы жана интеллектуалдык деңгээли жогору, чыгармачылык чабыты бийик, медиа-инновациялык потенциалы бар, санарип билими жетиштүү журналисттерди командабызга чакырабыз. Талапкерлер кыргыз тилин жогорку деңгээлде билиши зарыл, англис тилин билүү артыкчылык берет.
Чамдаш керек, анткени конкурстун мөөнөтү кыска, бир аптага гана жарыяланды (2023-жылдын 29-январына чейин).