You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Путиндин Борбор Азиядагы саясий сакасы кандай конот?
- Author, Кубатбек Чекиров
- Role, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек
12-14-октябрда Астанада эл аралык жолугушуулар убагында лидерлер Азия регионундагы коопсуздукту, КМШдагы соода-экономикалык кызматташтыкты жана "Борбордук Азия-Россия" форматында биргелешкен иш-аракеттерди карап талкуулашат. Бул расмий Бишкек менен Дүйшөмбү бири-бирин куралдуу агрессияга айыптап, дипломатиялык кайым айтышып, Путин Рахмонду региондогу коопсуздукту камсыз кылганы үчүн деп орден менен сыйлап, ал эми буга таң калган Кыргызстан ЖККУнун аскердик машыгууларын өткөрбөй койгон учурда болгон жатат. Садыр Жапаров Путиндин 70 жылдык мааракесине арналып Санкт-Петербургдагы өткөн саммитке барган эмес.
Кыргызстандын президенти Астанада боло турган жолугушууларга катыша турганын анын администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
"13-октябрда президент Азиядагы ишенимди чындоо боюнча алтынчы кеңешме саммитке катышат. 14-октябрда ал КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Ошол эле күнү Садыр Жапаров "Борбордук Азия-Россия" форматындагы биринчи саммитке катышат".
Садыр Жапаров Астанага барганда Владимир Путин менен жолугарын орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Анын айтымына караганда, бул жөнүндө эки президент Санкт-Петербургдагы саммиттин алдында телефондон сүйлөшкөндө макулдашкан экен.
Садыр Жапаров 7-октябрда Путиндин 70 жылдык мааракесине арналып Санкт-Петербургда өткөн бейформал саммитке барган эмес. Анын соңунан Кыргызстанда мурда пландалган ЖККУнун аскердик машыгууларын өткөрүүдөн баш тартканы белгилүү болду. Анын соңунан Москвадагы кыргыз элчисин Россиянын Тышкы иштер министрлигине чакырышты.
Мунун баары Кыргызстандын президенти Тажикстан тарапты БУУнун трибунасынан агрессор деп айыптап билдирүү жасап, анын артынан Путин Рахмонду регионду коопсуздукту камсыз кылгандыгы үчүн деп "Мекенге кызмат" ордени менен сыйлагандан кийин болуп отурат. Путиндин чечими, албетте, кыргыз элине да, бийлигине да катуу тийди. Ошондуктан Тышкы иштер министрлигинин өкүлү "Сыйлык күнөөлүүнү тапты" деп билдирүү жасап отурат. Ал эми ЖККУнун "Бузулгус боордоштук" деп аталган аскердик машыгуулары кыргыз элинин кулагына шылдың болуп угулууда. Чек арадагы чабылган айылдары менен балдарын, жакындарын жоготкон үй-бүлөлөр сыздап отурганда, ошондой кандуу тополоң жасаган коңшу өлкөнүн аскери менен Кыргызстан кантип машыгуу өткөрмөк эле.
А бу деген менен Садыр Жапаровдун бул чечими канчалык туура болду деген дагы суроо турат.
"Россияга Рахмон эмес, ВВП чакырган. Эми Садыр Жапаров баары бир Астанага бара турган болууда, ал жактан Россиядагыдай эле курам менен жолугат: КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинде башкалар менен катар Рахмон да болот. Ал эми бүгүн россиялык ЖМКлар билдиргендей, Кыргызстандын элчиси Россиянын ТИМине чакырылды. Кайсы бир маселе боюнча оор сөз зарылдыгы чыкканда ушундай болорун практика көргөзүп келатат. Биздин элчи менен Россиянын ТИм жетекчилиги эмне деп сүйлөштү, аны болжоп билүү кыйын деле эмес. ЖККУнун машыгуулары Бишкекте өтмөк эле, аны өткөрбөй калышты. Эмки жаңылык, машыгуулар Тажикстанда болот, ЖККУга мүчө өлкөлөр аскерин ошол жакка жиберүүдө. Эми өзүңөргө суроо берип көргүлө: биздин демарштан ким утту, ким утулду?",-деп суроо салды журналист Курманбек Мамбетов.
"Менимче, так ушундай демарш керек эле,- деп өзүнүн жүйөсүн билдирди аналитик Алмаз Акматалиев. - Баары туура: эч нерсе болбогондой түр көрсөткөн жарабайт! Маселе кыргыз-орус мамилесинде эмес. Анда проблема жок. Маселе Рахмондо. Ага болгон мамиле БУУнун трибунасынан айтылды. Андан ары тергөө иликтөө гана жүрөт. Эки өлкөнүн ортосунда эч кандай проблема жок экенин Песков айтпадыбы. Кыргызстандын эки дипломатиялык жүрүшүн Россияда түшүнүү менен кабыл алышты деп ойлойм".
Айрым эксперттер кыргыз-тажик жаңжалында Путин кыргыздарга караганда Рахмондун таламын талашат деп, ага бир катар жүйөлөрдү келтирүүдө. Эгер бул билдирүүлөр кайсы бир деңгээлде негиздүү болсо, анда Кыргызстанда стратегиялык өнөк болуп саналган Кремлдин саясатына кыргыз коомунда болгон ишенимге оңбогондой доо кетет, бул Путиндин дагы, аны менен союздаш болуп жаткан кыргыз бийлигинин да кадырын түшүрөт. Ошондуктан Садыр Жапаров үчүн алдыдагы жолугушуулар, сүйлөшүүлөр абдан маанилүү. Ал орус президентине өзүнүн жүйөсүн айтып, коңшу өлкөнүн күпүлдөгөн лидеринин тизгинин тарттырып кое албаса, анда кыйын болот.
Экинчи жагынан кыргыз-тажик жаңжалына үчүнчү өлкөнү ашыкча кийлигиштирип алууда да сак болушу керек. Анткени көп жылдан бери чечилбей келаткан кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу жерлерди тактоого Орусияны ортомчу кылуу керек деп келаткан саясатчылар бар. Бирок буга да таптакыр каршы болуп жаткан экинчи тарап бар.
Ошол эле убакта кыргыз коомунда чек арадагы коркунучту токтотуп кала албаган, кереги жок уюм катары ЖККУнун курамына чыгууга чакырган талаптар барган сайын күчөп баратат.
Бир эле учурда жарандык активисттер Тажикстандын чек арадагы кайра-кайра кайталанган агрессиясына далил болчу маалыматтарды топтоп, эл аралык сотторго арыз берип, ошол жактан акыйкаттык үмүт этип турушат.