"Алдын ала пландалган куралдуу агрессия". Кыргызстан Тажикстанды айыптады

    • Author, Кубатбек Чекиров
    • Role, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасап, Тажикстандын чек арадагы аракеттерин "Кыргызстанга алдын ала даярдалган куралдуу агрессия" деп атады. 19-сентябрь өлкөдө аза күтүү күнү болуп жарыяланды.

"Тажик тараптын адамгерчиликсиз аракеттеринин натыйжасында 2022-жылдын 18-сентябрына карата Кыргыз Республикасынын 59 жараны каза таап, 140 жараны жарадар болгон. Мындан тышкары 140 миңге жакын адам эвакуацияланууга мажбур болду. Ошону менен бирге эбегейсиз зор материалдык зыян келтирилди",-деп айтылат билдирүүдө.

Мындан мурда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги дагы билдирүү таратып, Кыргызстанды чек арага чектеш тажик айылдарын аткылап кол салды, "куралдуу агрессия жасады" деп айыптаган. Расмий Бишкек Дүйшөмбүнүн бул билдирүүсүн дезинформация деп атады.

"Биз тажик тараптын "Тажикстан Республикасына куралдуу агрессия жасалды" деген негизсиз айыптоолору жоопкерчиликти жана күнөөнү Кыргыз Республикасына жүктөө максатындагы ыплас аракет деп эсептейбиз. Тажик тарап Кыргыз Республикасынын коргонуу аракеттерин дискредитациялоого багытталган, кеңири жайылган дезинформациялык кампанияны баштады.

Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана башка компетенттүү органдарынын маалыматы чындыкка дал келбейт деп жоопкерчилик менен билдиребиз. Кыргыз тарапта тажик аскерлеринин Кыргыз Республикасынын аймагындагы агрессиянын башталышы, ошондой эле бардык мыкаачылыктары жана кылмыштары чагылдырылган толук далилдер (фото жана видео материалдар) бар. Керек болгон учурда кыргыз тарап аталган далилдерди берүүгө даяр".

Расмий Бишкек Тажикстан тарапты ошондой эле "жүзүкаралык менен кол салды" деп атап, өзүнүн позициясы жалаң гана коргонуу максатында болгонун белгилейт.

Ишеним өчтү

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 18-сентябрда кечиндеги маалымат боюнча чек ара чатагында курман болгондор саны 59 адамга жеткенин кабарлады.

Тажикстан тараптын жоготуулары расмий түрдө жарыя боло элек, расмий Дүйшөмбү үчүн мындай маалыматты жашырып коюу биринчи жолу эмес.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Лейлек районунда тажикстандык куралдуу адамдар тарабынан жыйырма үй таланып, өрттөлгөнүн, дагы башка имараттар, мектептер, көпүрөлөр талкаланганын билдирди.

Тийиштүү мамлекеттик органдар чек арага куралдуу кол салуудан болгон зыяндын көлөмүн эсептеп, анын кесепетин жоюу чараларын көрүүгө киришти. Бирок чек арадагы абал мурдагыдай эле чыңалган абалда турат. Тажикстан тараптан кайрадан кол салуу болбойт деген ишеним эч кимде жок.

Өзгөчө кырдаал жарыяланган Баткен областына 209 миң тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Гуманитардык жардам Бишкекте жана бардык областтардан чогултулган.

Кыргыз-тажик чек арасына куралдуу кол салуунун натыйжасында Баткен жана Лейлек районунда чек арага чектеш жети айылдын, Чоң-Алай районунда бир айылдын жашоочулары үй-жайын таштап кетти. Баардыгы коопсуз жайга эвакуация болгондор саны 140 миңден ашуун деп кабарланды.

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуулар чек арадагы конфликттердин эң чоңу болуп калды. Кыргызстан Тажикстанды чек арадагы айылдарга согуштук оор техника менен күтүүсүз кол салды деп айыптады. Сүйлөшүүлөр болуп, ок атышпоо жөнүндө келишимдер болгонуна карабай, тажик тарап аны бузуп, кайра-кайра чек арадагы айылдарды аткылаганы аларга болгон ишенимди биротоло өчүрдү.

Тажик тарап өз кезегинде кыргыз тарапты келишимдерди аткарбай жатат деген билдирүүлөрдү таркатууда. Кыргызстандык ЖМКлар тажик тараптын билдирүүлөрүн текшерип, анын жалган маалыматтарга негиздилгенин тактап төгүндөп жатат.

Москванын ролу

Кыргыз-тажик чек арасындагы согуштук аракеттерге ЖККУ реакция жасап, эки өлкөнү чыр-чатакты тынчтык жол менен чечүүгө чакырды. Ошол эле убакта Кыргызстан менен Тажикстан мүчө болгон бул аскердик уюмга кыргыз калкынын ичинде нааразылык күчөп, анын курамынан чыгуу сунуштары көп айтылууда. Керек болсо, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда Москванын да тымызын катышы бар деген эксперттер да, жөнөкөй жарандар да жок эмес.

"Бул маселенин дагы бир кооптуу болгону, өзүңөр байкасаңар, бүгүн бул окуянын баары Фергана өрөөнүндө болуп жатат. Фергана өрөөнүнүн бир бурчунда ШКУнун саммити өтүп, кеминде он мамлекеттин президенттери келип, дүйнө жүзүнө тиешелүү масштабдуу маселелер чечилип жатса, ошол эле учурда Фергананын бир бурчунда кайсы бир мамлекет кыргыз мамлекетине кол салып, чек арада жаңжал чыгарып жатат. Бул эмне? Сценарийби? Же кошуналарыбыз башка бир мамлекеттердин бир тапшырмасын аткарып жатабы?",-дейт генерал Токон Мамытов.

Ошол эле убакта экс-вице-президент Феликс Кулов чек арадагы окуяларга анализ кылып, андагы чыр-чатакты токтотуу үчүн Кыргызстан, Тажикстан жана ЖККУнун аскерин кошуп, үч тараптуу кайгуул уюштуруу керек деген сунушун берди.

Президент Садыр Жапаров кырдаал көзөмөлдө экенин билдирүүдө, бирок чек арадагы соңку конфликттин алдын алуу үчүн жетиштүү аракет эмнеге көрүлгөн эмес, саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөр эмнеге натыйжа бербей жатат, чек арадагы талаштуу жерлерди тактоо боюнча сүйлөшүүлөр эмнеге жылбай жатат деген көп суроолор элде болуп жатат.

Кыргыз бийлиги коңшу өлкөнүн аракетин "кыянат баскынчылык" деп атагандан кийин, жөнөкөй адамдар баскынчылар менен дипломатиялык сүйлөшүүнүн кереги барбы деген суроону коюшуда. Ошол эле убакта саясий оппозиция бийликти сындоону токтотуп, агрессияга каршы турууда бийликтин айланасына биригүүгө чакырууда.

Эгерде Москва бул чатакты токтотуп кое албаса, анда Кыргызстан Түркия, АКШ сыяктуу башка жактан колдоо издеши керек. Бирок Путиндин колдоосуна таянган Рахмондун бул кылыгына "сабыр кылып тура берүүгө" болбой калды деген пикирлер көп.

Рахмон чек арадагы кырдаалды толук көзөмөлдөй албай жатат деген сөзгө бул тарапта эч ким ишенбейт. Эксперттер Тажикстанда бир дагы аскердик кыймыл президенттин буйругусуз болбойт, ал жакта авторитардык бийликтин көзөмөлү чоң деп жатышат. Демек, Рахмондун өзүн агрессор деп атоого көп негиз болуп жаткандай.

Москва кандай кеңеш айтты, шарт койду же көрсөтмө берди, анын баары дипломатиялык протоколго ачык жазылбайт. Бирок, чек ара кризиси создугуп курчуган сайын, Россия үчүн кийлигишүүгө ыңгайлуу маневр түзүлүп жаткандай. Бул жагынан Москванын дагы өзүнүн планы, алыска караган стратегиясы бар экени шексиз.

Кыргыз-тажик чек арасында кайра-кайра кайталанып аткан куралдуу кагылышуулардын бир себеби чек арадагы талашуу жерлерди чечүүнүн оор болуп жатканында эле эмес, ошол көйгөйдүн геосаясий кызыкчылыкта колдонулуп жатканында деген пикир айткан эксперттер болууда. Москва башкарган аскердик блоктун пассивдүү позициясынын да себеби ушул жакта, дейт Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Алик Орозов:

"Негизи ЖККУ өзүнүн ичинде ушундай чыр-чатак чыкканда өзү басып коюш керек. Кезексиз саммит чакырып маселени чукул карап, чара көрүш керек эле, бир блоктогу союздаш өлкөлөр чабышып атат. Алар Рахмонго болушат, ошон үчүн карап турат. Рахмон ошондон пайдаланып атат. Мындай болушу керек эмес. Биз ЖККУда калганга аргасызбыз. Кыргызстан качан жардам сураганда алардын аскери кирет. Бул саясат. Аскердик каражаттар менен саясий оюн болуп атат. Беш миң жылдан бери болуп жаткан принцип, бөлүп-жарып анан башкар деген. Бири менен бирин согуштурат, анан келип тартип орнотот".