Башкы прокурор: уу коргошунду ооруканада 400 киши ичкен

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Саламаттыкты сактоо министрлиги уу коргошун ичип ууланган адамдар ооруканага түшкөнү тууралуу маалыматты тастыктады.

Бирок министр Алымкадыр Бейшеналиев алар министрлик сунуштаган тундурманы эмес, башка уу коргошун ачыткысын ичкенин жүйөө келтирип, "24.kg" агенттигине комментарий берген.

Жогорку Кеңеште бүгүн депутаттар депутаттык комисссия түзүү сунушун берип, уу коргошун кандай шартта, кантип жасаларын изилдөөгө чакырды.

71 жана 66 жаштагы жубайлар шейшемби күнү ооруканага кайрылып, аларга "аконит менен уулануу" диагнозу коюлган. Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда жаткан жубайлардын абалы азыр жакшырып калганы айтылууда. Алар уу коргошунду дарылык максатында өз алдынча узак убакыт колдонуп жүргөнү белгилүү болду.

Ошол эле күнү Кардиология жана терпия боюнча улуттук борборго 63 жаштагы дагы бир адам кайрылып, ага да уулануу диагнозу коюлган. Ал киши эмнеден ууланды тийиштүү анализдер алынып, жыйынтыгы чыга элек.

Бул улануулар министр Алымкадыр Бейшеналиевдин коронавирусту уу коргошун менен дарыласа болорун айткандан кийин орун алып жатат.

"Эгер ооруканаларда, врачтын көзөмөлүндө уу коргошун берилип, каза болгон бейтаптар болсо, ал үчүн мен жоопкерчилик алам. Бирок эми бул чөп сатыла баштайт. Үй шартында андан турдурманы жасап келишкенин баарыбыз эле билебиз. Ал сатылат, чөптү туура эмес ичип алып буга чейин деле каза болгон учурлар болгон. Алар үчүн жоопкерчиликти дары катары уу коргошунду ким сатса же сунуштаса ошол алышы керек", -деген эле министр өзү.

Ал тапта мамлекеттик телеканалдар ооруканада жатып уу коргошунду ичкен жарандар тууралуу бай-бай берүүлөр көрсөтүп жатат:

"Мен Бүбүзуура, 68 жаштамын. Эки өпкөмөн ковид болуп, оор акыбалда келгемин. Компот сыяктуу чай берди. Биз ошондон бутубузга туруп, жакшы болуп калдык".

Жогорку Кеңеш депутаттары мындай көрсөтүүлөрдү тымызын пропагандага теңеп, министр Алымкадыр Бейшеналиевге ишенбестик көрсөтүү, отставкага кетирүүнү демилгелеп жатат. Парламенттин жыйынында депутат Дастан Бекешов уу коргошун чуусу боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

"Дүйнөгө өтө эле шылдың болдук, биз буга баары берип, текшеришибиз керек. Депутаттык комиссия түзөлү же комитетке тапшырма берели. Ковид күчөп атат, ошол эле маалда Саламатыткты сактоо министрлиги уу коргошунду жарнамалап жатат. Аны кайда кайнатып атышат? Эгер резиденцияда болсо бул иш, анда ал мамлекеттик мекеме да", -деди Дастан Бекешов.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев парламентте отчет берди. Анын жүрүшүндө депутат Эмил Токтошев Саламаттыкты сактоо министринини үстүнөн жарандык активисттер жазган арыз эмне болгонун Башкы прокурордон сурады.

"Министрлик менен текшерүү, сурамжылоо ишин баштадык. Бирок иш-аракеттердин мыйзамдуулугу боюнча текшерүү ИИМге карайт экен. Андыктан бизге келген маалыматтарды ИИМге жолдодук. Алар тиешелүү жыйынтык чыгарат. Бул жерде кылмыш ишин козгоо үчүн кайрылуу эмес, кесепеттерин карашыбыз керек. 400 жаран өзүнун макулдугу менен уу коргошунду колдонуптур. Эч кимисинде оорунун белгилери же уулануу белгилери катталган эмес. Бул боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат",- деди Курманкул Зулушев.

Министрди жоопкерчиликке тартуу талабы менен жарандык активист Умай Арыкова күч органдарына арыз жазган эле. Жарандык коом өкүлдөрү да министрдин уу коргошун ичүү үгүтүнө юридикалык баа берүү өтүнүчүн келтирген.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев азырынча анын дарегине айтылган ачуу-сын пикирлерге расмий жооп менен чыга элек. Бул маселеде президент да үн ката элек.