Уу коргошун боюнча министр Бейшеналиевди кызматтан алуу сунушу

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алуу сунушу өкмөткө жолдонду.

"Министр А.Бейшеналиевди кызматтан кетирүү жана ордуна сабаттуу, компетенттүү министр дайындоо тууралуу сунушумду тиешелүү комитет жүз пайыз колдоду. Эми кеп өкмөт башчыда калды. Табыпчылыкты пропаганда кылган киши медицина тармагын жетектөөгө укугу барбы?",-деп жазды аталган комитеттин мүчөсү депутат Жанар Акаев.

Өткөн апта соңунда министр Алымкадыр Бейшеналиев басма сөз жыйынын өткөрүп, Covid-19 бейтаптарын уу коргошун чөбүнүн тундурмасы менен дарылап жатышканын жар салган эле.

Министр "уу коргошун ооруканада жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөнү тууралуу" айтып, мындай дарылоону президент Садыр Жапаров сунуштаганын билдирген эле. Ошондуктан президенттен кеңеш сурап жатканын кошумчалаган.

Министрдин билдирүүсү курч реакцияларды жана талкууну жаратты. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму клиникалык изилдөөлөрдөн өтпөгөн каражатты калкка колдонууга болбой турганын белгиледи.

Уу коргошун аталган чөптүн тамыры (аконит) Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун уулуу өсүмдүктөр боюнча тизмесинин сап башында көрсөтүлгөн. Уу коргошун - Кыргызстандан сырткары Кашмирде, Кытайда, Казакстанда 2500-3000 метр бийикте өсөт. Кыргызстанда "Ысык-көл тамыры" деген ат менен дагы белгилүү. Мунун кытайдын элдик медицинасында дагы колдонулары айтылып жүрөт.

Тамырда борбордук нерв, дем алуу жана жүрөк-кан тамыр органдарына катуу таасир эте турган күчтүү уу бар. Кыргызстанда буга чейин "Ысык-Көлдүн тамырын" ичкен соң ууланган учурлар болгон. 2007-жылы баш калаа Бишкекке жакын Новопавловка айылынын 11 тургуну "Ысык-Көлдүн тамырынан" жасалган тундурмадан ууланып, алардын үчөө каза тапкан. 2012-жылы Саламаттыкты сактоо министрлигинин эки кызматкери дагы уу коргошундан жабыркап, бирөөсү гана аман калган.

"Азаттык" сайты "Фейсбук" компаниясына шилтеме берип, "Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 15-апрелде жарыяланган COVID-19дан "айыктыруучу дары" тууралуу постун өчүрүлгөнүн" жазды. Министрдин басма сөз жыйынынан бир күн алдын президент Садыр Жапаров "дарыгерлер коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапты" деген билдирүү жазып, өзүнүн коомдук сайттагы расмий баракчасына "Уу коргошун" деген жазуу бар бөтөлкөлөргө суюуктук куюлуп жаткан видеону койгон эле.

"Кудай буюрса, баары жакшы болот. Сиздерден бир гана сураныч, дайыма эрежелерди сактап, бет кап кийип жүрүңүздөр. Оорунун белгилери пайда болору менен үйдө жатып албастан, дароо ооруканага жөнөңүздөр.Оору башталганда барсаңыздар дарыгерлер бир же эки күндүн ичинде таптаза айыктырып чыгарып жибере турган дары таап алышты. (Видеоматериалдан дарысын билсеңиздер болот)",-деп жазылган анда.

Көп өтпөй президенттин басма сөз кызматы Жапаровдун билдирүүсү "сырттан кийлигишүү жок эле жеке демилге" менен өчүрүлгөнүн айтты. Саламаттык сактоо министрлиги уу коргошун боюнча илимий иликтөөсүн улантат деп белгилеген.