You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Коронавирусту дарылоонун бешинчи протоколу: уу коргошун жок
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Бишкек шаарында эпидемиологиялык абал курчуп, бейтаптар үчүн кошумча стационарлар ачыла баштады. Мэрия шаар тургундарын зарыл иши болбосо үйдөн чыкпоого чакырып, санитардык эрежелерди сактоого үндөп жатат.
Соңку 24 сааттын ичинде Кыргызстанда коронавирустан дагы эки бейтап көз жумду. Вирусту 225 адам жуктуруп, борбор калаа Бишкек оорунун очогу болуп жатат. Илдетти жаңы жуктургандардын 117си шаар тургундары болуп чыкты.
Бишкек мэриясы бүгүн элге атайын кайрылуу менен чыгып, зарыл иш болбосо көчөгө чыкпоого, болушунча сактанууга чакырды:
"Дүкөнгө бүт үй-бүлө, өзгөчө балдар менен барбагыла. Бир эле адамды жөнөткүлө. 60 жаштан жогору иммунитети начар адамдарга коомдук жайларга барбоо сунушталат. Дүкөндөрдүн жетекчилиги эшиктин туткаларын, лифттердин баскычтарын жана башка буюмдарды дезинфекциялоону камсыздаңыздар",- деди Мамлекеттик эпидкөзөмөл кызматынын өкүлү Айнагүл Рыскулбекова.
Саламаттыкты сактоо министрлиги да бүгүн өлкөдөгү эпид кырдаал боюнча маалымат берип, ооруканаларда орун жетишсиз болуп калышы мүмкүн экени белгилүү болду.
"Бишкек шаары боюнча коронавирус бейтаптарына керебеттер чукул азайганына байланыштуу 132 орунду дагы бир стационар ачылып, ал кызыл зонада дагы төрт бригада иштеп жатат. Жалпы Бишкек шаары боюнча учурда бейтаптарга 281 бош орун бар" , -деди министрдин орун басары Жалалидин Рахматтулаев бүгүн өткөн брифингде.
Анын айтымында азыр өлкө боюнча 2 миң 560 адам коронавирустан дарыланып, анын жарымы үй шартында ден-соолугун чыңдап жатат.
Уу коргошун менен коронавирусту дарылоо чуусу басыла электе Саламаттыкты сактоо министрлиги бул илдетти дарылоонун бешинчи протоколун бекитти.
Документте арбидол, эргоферон, интерферон, виферон жана башка препараттарга тыюу салынат. Бул дарылардын айрымдары былтыр оорунун биринчи белгилери пайда болгон жарандарга иммунитетти көтөрүү үчүн сунушталып келген.
Ошондой эле жеңил жана орто ооруп жаткан бейтаптарга антибиотикетерди берүүгө чектөө коюлду.
"Клиникалык бешинчи түрү иштелип чыкты. Ага уу коргошун менен дарылоо кирген жок. Жаңы протоколду иштеп чыгуу үчүн былтыр ноябрда жумушчу топ түзүлгөн. Бешинчи протокол төртүнчү протоколдон абдан чоң айырмасы бар деп айта албайм. Дарылоо ыкмасы ошол бойдон эле калды. Антибиотиктердин саны кыскарды. Анткени, антибиотикти көп колдонуунун да терс таасири бар ", -деди Медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Нургүл Ибраева.
Кыргызстанда былтыр коронавируска байланыштуу абал июлда курчуп, илдеттен көп киши каза болгон эле. Бейтапканаларда орун жок болуп, ыктыярчылар атайын стационарларды ачышкан.
Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, бирок кышында вирус кеңири тараган жок. Быйыл марттан тарта ооругандар жана каза болгондор кайрадан көбөйүп, адистер вирустун болжолдуу үчүнчү толкуну май-июнь айларына туура келерин болжоп жатышат.
Өлкөдө коронавируска каршы жапырт эмдөө 29-мартта Кытайдын "Sinopharm" вакцинасы менен башталган. Бүгүнкү күнгө чейин аны менен он миңден ашуун адам эмдөөдөн өттү. Ушул күндөрү Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын делегациясы Орусияда "Спутник V" вакцинасын алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат.