You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Айзаданын өлүмүнө президенттин реакциясы, митинг жана милициянын жообу
Киши колдуу болуп каза тапкан Айзада Канатбекова футболка менен муунтулуп өлтүрүлгөн. Ал эми кылмышка шектелип жаткан Замирбек Теңизбеков өзүнө тушкагаз кесүүчү канцелярдык бычак сайган.
27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмүнүн чоо-жайы боюнча Бишкек шаардык милициясы басма сөз жыйынын өткөрдү. Анда "шектүү буга чейин Орусияда каракчылык үчүн айыпталып, 6,5 жылга эркинен ажыратылганы", "мурда үйлөнүп, эки балалуу экени тууралуу" маалымат берилди. З.Т аттуу жаран Кыргызстанга мындан төрт жыл мурун келип, такси кызматында иштеп жүргөн, соңку эки айдан бери Бишкекте жүргүнчү ташып иштеп, ошол эле машинасында түнөп жүргөнү да такталды. Айдап жүргөн унаасын анын иниси утурумдук ижарага алганы ырасталды.
Шаардык милиция ыкчам-издөө иштери болушунча тездик менен жүргөнүн айтууда.
"Кылмыш иши Аламүдүн РИИБине берилди. Бишкек ШИИБдин Борбордук аппараты да адам урдоо боюнча бул ишти көзөмөлгө алды. Тажрыйбалуу полковник, адис, тергөөчүлөр да кошулуп жатат. Ушу тапта болушунча ыкчам-тергөө амалдары жасалып атат",-деди Бишкек ШИИБдин Тергөө кызматынын начальниги Нурлан Утемисов
Айзаданын өлүмү бүгүн Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү. Депутаттар Аида Касымалиева, Жанар Акаев, Айнуру Алтыбаева, Эмил Токтошев бул окуяга бийлик өкүлдөрүнүн жана милициянын кайдыгерлигин айыптап, ИИМ жетекчилигинин келишин талап кылышты.
"Мен эртең менен эле президенттен да, премьер-министрден да бул окуяга реакциясын күткөм. Жогорку Кеңеште Баш мыйзам каралып жатканда же шайлоого байланыштуу мыйзам каралып жатканда баарыбыз залга толо келебиз. Бирок адам өлүп жатканда көңүлкош мамиле. Парламент бул ишти көзөмөлгө алып, аягына чейин чыгуу керек. Айзаданын апасы кайсы бөлүмгө кайрылган, алар кандай иш алып барган, мунун баарын текшерүү керек. Милиция иштебей жатат, коомчулукта аларга нааразылык күчөдү",-деди А.Касымалиева.
"Бурулайдын өлүмү эч кимге сабак болбоптур, өкүнүчтүү. Демек, кылмышкерлер жазасын алган эмес. Ала качууга дагы жаңы мыйзам керек. эми ала качканга жардам бергендерге да бирдей жаза колдонуп, кылмышкер катары катуу жазалоо керек. Эч кандай сүйлөшүү, тосмо арыз деген колдонулбаш керек! Кесиптештериме айтаарым келгиле, мыйзамды дагы күчтөндүрөлү. Бул окуя толук жана ыкчам иликтенсин. Коомчулукка толук маалымдалсын. Ыкчам турундо иштебеген ички иштер кызматкерлеринин иши да тыкыр каралсын.",-деп жазды депутат Э.Токтошев.
Саат 12.00дө ИИМ имаратынын алдында жарандык коомдун жана активисттердин митингине министр Улан Ниязбеков чыккан жок. Чогулгандар анын отставкасын талап кылышты. Аларга тилектештик билдирип парламент депутаттары Наталья Никитенко, Дастан Бекешов жана Айсулуу Мамашева келип, ала качуу салтын айыпташты.
"Ала качуу бул салт эмес, коом ошого каршы болуп, айыпташы керек. Жогорку Кеңеште бул маселе сөзсүз министрдин катышуусунда талкууланат",-деди чогулгандарга депутат Дастан Бекешов.
ИИМ алдына чогулгандар өкмөт үйүнүн алдына келишти. Миттингге чыккандар менен өкмөт үйүнүн алдында премьер-министр Улукбек Марипов жолугуп: "Ички иштер министрин эртең менен кабыл алып, катуу тапшырма бергенмин. Кызматтык териштирүү жүрүп жатат. Жогорку кызматтагы милиция өкүлдөрүнө чара көрүлөт. Териштирүү кыска мөөнөттө бүтөт, жыйынтыгы боюнча маалымат беребиз. Бул маселе президенттин да көзөмөлүндө",- деп айтты.
"Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу президент Жапаров дагы билдирүү жасады.
"Айзада Канатбекованы ала качкандыгы жана анын өлүмү жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Коомубузда кыздарды мажбурлап никеге тургузуу дагы деле орун алып жатканы кабыл алынгыс көрүнүш. Айзаданын башына келген окуя анын үй-бүлөсү үчүн гана эмес, биздин жалпы мамлекетибиз үчүн бул чоң трагедия. Кыз ала качуу, кыздарды зордоп кармоо менен аларды эркине койбой никеге турууга мажбурлоо ар дайым трагедияга алып келет",-деп жазды президент Садыр Жапаров.
"Айзада Канатбекованы ала качып, ага ушунчалык ырайымсыз мамиле кылган кайгылуу окуя, тарыхта ала качуунун акыркысы болушу керек. Азыркы өнүккөн коомдо буга такыр жол берилбеши керек. Мындай кылмыш иштери үчүн баардыгы жазаланышы зарыл. Мен Айзада Канатбекованын ишин жеке көзөмөлүмө алам. Бул иш аягына чыгарылышы зарыл жана жазасы сөзсүз болот. Кыргызстандын бардык жарандарын, эгерде кыз ала качуу аракеттерин көрүп калса, кайдыгер карабоого чакырам. Ар бир кыргызстандыктын өмүрү жана эркиндиги баарынан жогору турат. Айзада Канатбекованын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам. Белиңиздерди бекем бууңуздар. Бул каргашалуу окуяга түздөн-түз катышкандар мыйзам чегинде катуу жазаланат",-деген президент Садыр Жапаров.