Чек аранын оор көйгөйүн эске салган Көк-Серек менен Ак-Сайдагы окуя

Бишкектеги Өкмөт үйүнүн алдында чек ара көйгөйлөрү боюнча отуздай киши нааразылык акциясын өткөрүп, бийликтен коңшу өлкөлөр менен чек ара такташууда так маалыматтарды берүүнү талап кылды.

Мунун алдында Баткендин Ак-Сай айылында жана Жалал-Абаддын Көк-Серек айылында коңшу өлкөлөр чек ара тилкесинен өтүп кеткени тууралуу нааразылыктар айтылган. Биз Чек ара кайтаруу боюнча башкармалыктын башчысы Нурбек Турганбаевге кайрылып, соңку окуялар тууралуу сурадык.

"Кыргыз-өзбек чек арасынан баштайын. 14-февралда Баткен районундагы Суу-Башы деп аталган жерде Өзбекстан менен чектеш жердеги такталбаган аймакта өзбек жарандары электр чубалгыларын тартуу максатында үч мамы орнотушкан. Жергиликтүү бийликтин, чек ара кызматынын сүйлөшүлөрүнөн кийин булар алынды",-деди Н.Турганбаев.

Баткендеги дагы бир окуя Ак-Сайда катталып, жергиликтүүлөр жайыт жерди тажик чек арачылары кайтарууга алып жактаны тууралуу коомдук сайттарга жазып, видеолорду жарыялашты. Андан кийин дагы ушундай чыңалуу пайда болгон тилкелер болду. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирүү таратып, Баткендеги окуялар боюнча түшүндүрмө берди.

"14-февралда Кыргызстандын чек ара кезмети Баткен облусунун Баткен районунун Паскы-Арык айлынын Уч жерлигиндеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын такталбаган аймагында Тажикстандын жарандары тарабынан көчөттөрдү отургузуу аркеттерине бөгөт койгондугун маалымдайт. Бүгүн кыргыз чек арачылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын шарттуу сызыгына жакын жерден курулуш иштерин жүргүзүү аракетине бөгөт коюшту. Тажикстандын жараны - Сурх айылынын тургуну Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен районунун Миң-Өрүк жерлигинин тушунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын такталбаган аймагындагы шарттуу чек ара сызыгынан 10 метр аралыкта тосмо пайдубалынын тургузууга аракет кылган. Тез аранын ичинде эки тараптын застава башчылары андан кийин айыл аймак башчылары жолугушуп, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап мамлекеттик чек аранын такталбаган аймагында ар кандай чарбалык жумуштарды токтотууну талап кылган. Тажик тарап башында кыргыз тараптын талабын аткаруудан баш тартышкан. Ошол эле учурда чектешкен Кыргызстандын Миң-Өрүк жерлигинде жана Тажикстандын Сурх жерлигинде 25-30 чактыдай Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары топтолушкан. Кыргызстандын жарандары көчөттөрдү шарттуу чек ара сызыгына жакын жерге отургузууга аракеттенишкен. Чыр-чатактын күчөп кетпөөсүн алдын-алып эки тарап тең курулуш иштерин токтотту",-деп кабарлады Чек ара кызматы.

Ал эми Ала-Буканын Көк-Серек айылына караштуу Кош-Болот участогунда өзбек тарап тактала элек тилкеге эле зым тартып жатканы айтылган. Муну чек ара кызматы мындайча түшүндүрдү:

"Бул чек ара такталган чек ара деп саналат. 2017-жылы 5-сентябрда Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда келишимге кол коюлуп, ратификация болгон жер",-дейт Турганбаев. Бул жер тактоодо Өзбекстанга таандык тилке катары таанылган.

Жергиликтүү эл аны эмнеге укпай, билбей калды деген сурообузга Чек ара кызматы жооп бере албай турганын айтты. Ошондон улам дагы Бишкектеги митингде айтылган негизги талаптардын бири - чека ара сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу так маалымат берүү маселеси болду.

"Бизде эки эле талап бар. Балким, бирөөсүн өтүнүч десек да болот. Баткенге шайланган өкмөттүн өкүлүнүн ыйгарым укуктарын кеңейтүү маселесин жергиликтүү тургундар дагы көтөрүп жатат. Ал эми биздин талап - 1991-жылы СССР тарап кеткенде Алматыда келишим түзүлүп, союздук республикаларынын баары өзүнүн ошол кездеги кармаган объект, субъектилери, чек аралары менен калат делген. Биз ушул талапты коюп жатабыз. Анткени чек ара чечилерине көз жетпейт. Акыркы жылдары коңшу өлкөлөр менен чек араны чечүүдөгү кадрлардын чабалдыгынан утулуп жатабыз деп эсептейбиз",-деди нааразылык акциясына чыккандардын бири Бекназар Айталиев.

2017-жылы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Бишкекке сапары учурунда эки өлкөнүн чек арасы боюнча өткөөл келишимге кол коюлган. Ошол убакта чек аранын 85 пайызында тактоо иштери бүткөнүн эки тарап тең жарыя кылган. Адистер Өзбекстан менен Кыргызстан ортосундагы талаштуу маселе Ала-Букадагы Гава-Сай аймагы жана негизи документтерде Анжиян суу сактагычы деп жүргөн Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча болоорун айтып келишет.

Ал эми Тажикстан боюнча чек ара такташуу маселеси акыркы жылдары ордунан жылбай калды. Чек ара тилкесинде жашаган конуштарда тынымсыз чыр-чатактар катталып, чыңалган абалда турат.

"Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселесине келсек, көп жылдан бери канча жолу сүйлөшүүлөр жүргөнүнө карабастан, өзгөчө акыркы он беш жыл ичинде чеке жылытаарлык бир натыйжа алынбай келет. Эмне үчүн иштер ордунан жылбай жатат? Мунун себептери көп. Менимче, алардын ичинен эң негизгиси сөз болуп жаткан чек ара маселесине кыргыз жана тажик тараптардын көз караштарынын бири-биринен айырмаланып турушу. Биз жалпы жонунан чек ара маселеси катары санап келебиз, мунун айланасында ой жүгүртүп, ошого жараша чара көргөнгө аракет кылабыз. Ал эми тажик тарап муну чек ара маселеси эмес, тигил же бул жердин талашы катары карап, жыл сайын жазгы талаа жумуштары менен күзгү түшүм жыйноо мезгилине туштап бир нече ирет чатак чыгарышат. Кыргызстандын аймагына кирген жер аянттарын талашып тартып алуу үчүн ар кандай жаңжал салып, бийлик органдарынын көңүлүн буруп, өздөрүнүн ыгына жараша чечтирип калууну көздөшөт. Муну адат кылып алышкан. Ал эми биз дагы чатак чыкканда гана туш-туштан ызылдап калабыз. Андан ары жылыш болбой кала берет. Ар бир маселенин өзүнүн структурасы болот эмеспи, мына ошону кылдат талдап чыгуу зарыл. Кайсыл жерде чек ара маселеси, кайсыл жерде эки кошунанын мамилеси, кайсыл жерде малдын аралап кеткени талаш-тартышка себеп болуп жатат? Чек ара, жер-суу маселелеринде эч бир нерсени майда барат деп саноого болбойт. Баарын иргеп, айырбаштап, анын негизинде айыл өкмөттөн акимчиликке чейинки жергиликтүү бийликтин, анан облустук деңгээлдеги жана борбордук бийлик тарабынан каралып, чечиле турган жактарын аныктап, бөлүштүрүп, аткаруу талабы коюлууга тийиш",-деген эле Би-Би-Сиге маегинде Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Бактыгүл Каламбекова. (AbA)