Муфтийдин орду талашка түштүбү?

Көптөр муфтий Максат Токтомушевдин кармалышын саясаттагы тирешүүгө байланыштырууда. Жакын арада муфтийликке шайлоо өтмөк. Ал арада эксперттер бул тармакка реформа зарыл экенин бир ооздон белгилеп жатат.

КМДБнын Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү Бакыт Нурдинов муфтийдин ордун эки-үч таасирдүү тарап талашып жатканын айтууда. Ал ошол топтор президентти ар түрдүү маалыматка ишендиргенге аракет кылып жатат деп ойлойт.

"Анткени президент инаугурацияга чейин муфтиятка келип кеткен. "Биз кийлигишпейбиз, өзүңөр татыктуу муфтийди шайлап алгыла. Шайлоо өткөнгө чейин муфтий ордунда турсун. Эгерде каржылык кемчиликтер болсо, өзүм бир өкүл берем, силердин өкүлүңөр менен текшерип чыксын" деген. Ал жолугушууга мен күбө болгомун",- деди Нурдинов Би-Би-Сиге.

Анын ишениминде, өз кишисин муфтийликке алып келгиси келген күчтөрдүн бири УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, экинчиси президенттин ишенимдүү адамдарынын бири аталып жаткан Арзымат Бурканов. Нурдинов Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы директору Акин Токталиев муфтий мыйзам чегинде алыныш керек дегени үчүн адегенде өзү кетирилди, андан соң муфтийди камашты деп эсептейт. Нурдиновдун айтымында, комиссиянын жаңы директору Камчыбек Ташиевдин жердеши жана ишенимдүү адамы.

Бирок Камчыбек Ташиев мындай жоромолдорду четке какты.

"Акин Токталиевдин ордуна келген адам менен мен эч качан көрүшкөн да, сүйлөшкөн да эмесмин. Токталиев мени койдурду деп ойлоп жатат окшойт. Мен тескерисинче, Токталиев менен Токтомушев калсын деп жүрөм. Билип билбей эле сүйлөй бербесин да. Ага өздөрүнүн кишилери ушундай мамиле кылып жатат. Менин эч кандай тиешем жок", - деген Ташиевдин билдирүүсүн журналист Өткүрбек Рахманов өзүнөн алынганын, ишенимдүү маалымат экенин айтты.

Дин иштери боюнча комиссиянын директору Медер Карабаев Камчыбек Ташиев менен эч кандай мамилеси жок экенин билдирди.

"Айтылып жаткан сөздөрдүн баары жалган. Камчыбек Ташиев менен эч кандай мамилем жок. Ал менен иштешкен дагы эмесмин, тааныбайм дагы, мындай эле тааныйм. Бул кызматка мен суранып, аракет кылып келген жокмун. ИИМде оперативдик иштерге аралашпаган жалгыз теолог адис болчумун, теология илимдеринин докторумун. ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын Теология бөлүмү бар, ошол жерде иштечүмүн. Милдетим экстремизмдин алдын алуу боюнча окуучуларга, студенттерге, мугалимдерге, имамдарга, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө түшүндурүү иштерин жүргүзүү эле. Кызматка менин талапкерлигимди ким сунуштаганын билбейм, өзүмө дагы күтүүсүз болду", - деди Карабаев.

Акин Токталиев мыйзамсыз аракеттерди жасоодон баш тартканы үчүн кызматтан алынганын айтып жатат. Ага Карабаев ошондой "схеманы" буга чейин сунуштаганын билдирди. Карабаев аны куру доомат деп атады. Акин Токталиев буга чейин президент Садыр Жапаровдун адвокаты болгон. Комиссиянын башына октябрь окуяларынан кийин келген. Комиссиянын жамааты аны менен иштешүүгө каршы чыкканы да бар. Ал Муфтияттын башкы эсепчиси 100 миң доллар пара менен кармалды деген маалыматка ишенбейт, УКМКнын Муфтиятты текшерүүгө алганы дагы мыйзамсыз дейт.

"Документтерди мыйзамсыз текшерүүгө алгандан кийин бухгалтерге "мен сенин ишиңди жаап берейин, анча-мынча" акча бер деди да. Миң доллар берсе, атайын чагымчылдык кылып алдыртып, "кызматтагы кишиге пара берди" деп жазып туруп, ошол менен камады. Эгерде 100 миң доллар берсе, ютубдан чыгат эле. Акчаны кандай жайып алып санагандарын көрүп жүрөбүз го", - деди Токталиев.

Аты аталган Арзымат Буркановдон комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Ажылыктын акысы

Максат Токтомушев 10-февралда камалды. Ага чейин Муфтияттын башкы эсепчиси кармалган. Улуттук коопсуздук комитети Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгында ири каржылык кылмыштын бетин ачканын жарыялады.

"Муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар тарабынан чогултулган акчадан жеке каржы мекемелерине 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыяларды берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен өздүк максаттарына жумшаганы аныкталды", - деди УКМКнын басма сөз кызматы.

УКМК 11-февралда ошол каржылык иштерге Токтомушевдин тиешеси боюнча далилдер бар экенин айтты. Башкы эсепчи ушул кылмыштарды жабуу жана тергөөнү токтотуу үчүн 100 миң доллар пара сунуштаганы үчүн камалганы расмий айтылган.

Кыргызстанга ажылык сапарга 6110 орун келген. Пандемиядан улам сапар аткарылбай калды. Ар бир киши ал үчүн 3350 доллардан төлөшкөн. Айрым адамдар акчасын кайра кайтарып алалбай жатканы тууралуу буга чейин маалымат каражаттарында жазылып, Максат Токтомушев аны төгүндөп жаткан. Муфтияттын акчасы тууралуу Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү Бакыт Нурдинов буларды билдирди:

"Борбордук текшерүү комиссиясы чечим чыгарып Аалымдар кеңешине бердик. Президенттин өкүлү менен каржы жагын карадык. Пандемияга байланыштуу бир жылдык ажылык сапар болбой калды. Жыйынтыгында, акча турат экен. Банктагы акча кайда деген суроодон башталган. Акча кайсы бир күнү чыккан, кийин киргизилген экен. Жалпы 18 млн доллар чогулган экен. 7,5 млн долларды ажылар кетпейбиз деп кайтарышкан. Азыр РСК банкында 11 млн чамалуу доллар турат", - деди Нурдинов.

Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев акча банк аркылуу чогултулуп, баары электрондук жол менен жүрөөрүн, колго акча кармалбай турганын билдирди. Каражат билетке, Сауд Арабия өлкөсүнө, мейманканаларга, кийим-кече, тамак-ашка, эмдөөгө, ажы башчыларынын акысына жана башка чыгымдарга жумшалат. Атабаев акыркы беш жылда Сауд Арабиянын Ажылык министрлиги тарабынан Кыргызстан сапарды "эң жакшы", "жакшы" уюштурду деген мактоо баракчаларын алып келатканын кошумчалады.

Эмне үчүн муфтиятты башкаруу маанилүү?

Дин иштери боюнча комиссиянын мурдагы директору Орозбек Молдалиев муфтиятта мурдатан каржылык көз боёмочулук бар экенин белгиледи. Ал орозодо чогулган битир садаканын кенедей гана бөлүгү элге таратылган мисал, ал жердеги абалдан кабар берерин айтат.

"2014-жылга чейин 3-4 млн сом битир садака элге таратылыптыр. Мен Борбордук эсеп комиссиясынын жетекчисинен "Кыргызстанда намаз окуса окубаса дагы ар бир мусулман битир садака берет, анан ушунча эле таратылабы" деп сурадым. Айылдагы, райондогу молдолор өзүнүн үлүшүн алып калат. Ошондо дагы жок дегенде 30-40 млн сом таратылыш керек болчу. Муфтий Абдыжапар ажы Араев бир аз жардам берсеңер көбөйтөбүз деди. Ошол эле жылы 22 млн сом таратылды, жети эсеге көбөйдү. 2015-жылы 31 млн сом таратышты. Муфтиятка эмнеге мынча кызыгышат деген суроого жооп. Муфтияттын жанына барып турсаңыз, бир молдо жөө келбейт. Баарынын машинасы, батирлери, чоң үйлөрү бар. Көп жыл ажы башчысы болуп жүрүп, өзүнүн бизнесин ачкандар бар", - деди Молдалиев.

2020-жылы 9,5 миллион сомдон ашык орозо битир чогулганы жарыяланган.

Молдалиев акча саясатчылардын муфтияттагы жалгыз кызыкчылыгы эмес экенин кошумчалады. Шайлоолордо диний лидерлерди добуш чогултууга колдонуу тажрыйбасы да бар.

"Биринчи муфтий Кимсанбай ажы Абдурахманов бийликтин таасири менен кеткен. Кийинки жолу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия сунуш кылган талапкер өткөн. Баары ушундай болуп келатат. Бийлик колдобогон, өз алдынча талапкердин өткөнүн мен көрө элекмин", - деди Молдалиев.

Муфтиятта көп акча айланаарын, көпчүлүктүн кызыгуусу ошондон экенин Бакыт Нурдинов да бышыктады.

Саясатташкан ислам

Муфтийдин орун басары, теолог Кадыр Маликов болуп жаткан окуялар коомдогу деградациянын көрүнүшү, ыйыктыктын калбаганы деди. Ал ислам акыркы жылдары куру эрежелер, тышкы белгилер, жасалма ишенимди көрсөтүү, агрессивдүүлүккө айланып, жумшактык, сүйүү, чынчылдык болбой калганын айтты.

"Мусалмандар дин башкармалыгы элдин көзүнө эми кантип карайт? Дин тутунгандар, айрыкча жаштар эми кимге ишенет жана кимди ээрчийт. Бул негизги маселе, мамлекеттин да негизги маселеси", - деген Маликов башкармалык толук реформага муктаж экенин белгиледи.

Орозбек Молдалиев 2014-жылы бул тармакты жаңылоого жакшы эле аракеттер башталып, токтоп калганына көңүл бурду.

"Исламда уруу урууга, топторго бөлүнбөйт, баары бир тууган деп эсептелет. Бүгүнку күнү ошол нерсе аткарылып жатабы? Көпчүлүк диний кызматкерлердин билим деңгээли төмөн. Жогорку билимдери жок. Молдолордун көбү медресени гана бүткөн. Дин тармагындагы билим берүүнү реформалайлы деп баштаганбыз. Азыркы бийлик ошону эле улантып кетсе бул тармакты бат эле жөнгө салууга болот. Ушундай окуялардан кийин эл "молдонун айтканын кыл, кылганын кылба" деген позицияда турат", - деди Молдалиев.

Молдалиевдин айтымында, Ислам суннилер жана шииттер деп бөлүнөт. Суннилер ичинде төрткө ажырайыт, алардын бири ханафи мазхабы, Кыргызстанда салттуу агым деп айтылып келген мазхаб.

2014-жылы Коргоо кеңешинде кабыл алынган чечимде жана Дин иштери комиссиясынын жобосунда ушул агым бекитилип, муфтийликке ушул мазхабдан тандалсын деген эреже киргизилген.

Муфтийди шайлоо апрелде өтмөк. Аалымдар кеңеши талапкерди көрсөтүп, өлкө боюнча чогулган мусулмандар курултайда добуш беришет. Аалымдар кеңеши 11-феврала Токтомушевдин отставкасын кабыл алды. Максат Токтомушев үчүнчү жолу шайлоого бараарын айткан. Ал 2014-жылдан бери иштеп жаткан.