АКШга жол ачкан жаңы кыргыз паспорту

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
АКШнын жаңы президенти Жо Байдендин миграциялык чектөөлөрдү алып салуу жөнүндө жарлыгын Кыргызстанда жылуу кабыл алышты.
Туура бир жыл мурун Трамптын администрациясы жети мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын айрым жарандарынын АКШга киришин чектеп койгон эле. Жаңы жарлык менен "грин-карт" (Diversity Visa) визаларына болгон чектөөлөр да жоюлат.
Адилет Айтикеевдин АКШда иштеп, жашап жүргөнүнө көп болуп калды. Кошмо Штаттардын иммиграциялык жаңы саясатын ал жактагы кыргызстандыктар сүйүнүү менен кабыл алып жатышат дейт ал.
"Трамптын убагында аз эмес санда кыргызстандыктар АКШда жашоо укугун алышты. Саясий баш паанек, диний же гендердик кысымдан улам ал жакта жашоого мүмкүнчүлүк алышкандар көп. Аларга бала-чакасын, жубайларын да алып келиш үчүн иммиграциялык визалар аябай зарыл болчу. Анан Трамптын ошондой прокламацияга кол койгону бизге аябай сокку болду. Бүгүнкү жаңылыкты уккандардын баары кубанып атышат".
2020-жылы 31-январда Трамптын администрациясы жети өлкө: Беларус, Мьянма, Нигерия, Судан, Эритрея, Танзания жана Кыргызстанга "Грин-карт" (Diversity Visa) визаларын алууга да чектөө киргизген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Жакын тууганым грин-картты утуп алып, бирок жанагыдай чектөөлөр болгонуна байланыштуу убагында виза ала албай калды. Трамптын прокламациясы көп адамдын үмүтүн өчүргөн болчу, Байдендин жарлыгы эми кайра жандырды",- дейт Адилет.
Трамптын администрациясы андагы чектөөлөрдү кыргыз жарандарынын биометрикалык паспорту жок экени менен түшүндүргөн. Бирок Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги биометрикалык паспорту жок дүйнөдөгү 80ден ашык өлкөлөр ичинен тандалма тизмеге кыргыз жарандары да кирип жатканына расмий нааразылыгын билдирген.
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги чектөөлөр алынып жаткандыгы тууралуу бүгүн билдирүү жасап, кыргыз өкмөтүнүн бир жыл ичинде өз жарандарын коопсуз паспорт менен камсыздоо аракетин жогору баалады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Кошмо штаттары менен бир топ онлайн конференцияларды жүргүзүп жаттык. Биометрикалык паспортту киргизүү боюнча ар бир кадамыбызды айтып, түшүндүрүп жаттык. Эми азыр АКШ ал чектөөлөрдү карап жатат. Биздин биометрикалык паспортубуз дүйнө жүзүндөгү алдыңкылардын бири болуп эсептелип атат",- деди журналисттерге Мамлекеттик каттоо кызматынын төрага орун басары Тилек Батырканов.
Жаңы паспорттордо электрондук чип орнотулуп, лазердик технология колдонулган. Отуздан ашык коргоо элементтери бар, эл аралык жарандык авиация стандарттарына жооп берет.
Кошмо штаттары былтыркы имимиграциялык саясатын биометрикага эле байлабай, "террордук чабуулдардан коргоону" үчүн өзгөртүп жатканы да айтылган.
Кыйырга кеткен кыргыз паспорту
Буга чейин Түркия жана Орусияда болгон теракттарга кыйыр жана түз катышкандардан кыргыз паспорттору чыккан.
2016-жылы Стамбул аба майданында катар-катар жардыруулар болуп, президент Эрдоган анда бул терактка кыргыз жарандарынын дагы тийиштиги бар экенин айтканы эсте.
2017-жылы Санкт-Петербург шаарында метродо теракт болуп, ал үчүн кыргызстандык ага-ини Джалиловдор айыпталган. 2018-жылы Швецияда теракт уюштурганы жаткан деп шектелип кармалган алты адамдын бири кыргызстандык болуп чыккан.
Алмамбет Шыкмаматов убагында Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеген саясатчы:
"Кудайдан жөө качкандардын бардыгы: террористти болобу, мыйзамдагы уурубу, Аблязовдой казак качкыны болобу, Кыргызстандын жасалма паспортун көтөрүп жүрүшөт. Бул кыргыз паспортун жасап, сатууга чоң мүмкүнчүлүк бар экенин көрсөтүп жатат. Мунун эң эле биринчи кедергиси мамлекетибиздин аброюна залакасын берип атат. Экинчиси, биздин мигранттардын укугун бузганга алып келип атат. Орусия, Европа болобу Кыргызстандын жаранын шектөө менен карайт, укук коргоо органдары жаман мамиле жасайт. Ансыз деле кыйналып жүргөн биздин мигранттарды ансыз деле басынтып, кемсинткенге алып келип атат".

Сүрөттүн булагы, Official
Жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттор жарандарга быйыл апрель айынан тарта жапырт бериле баштары күтүлүп жатат. Ал тапта башаламандык менен коштолгон кезектеги бийлик алмашуудан кийин Кыргызстандан чыгып кетүүнү каалагандар көбөйгөн. Мисалы, Google Trend кызматына ылайык былтыр октябрь-ноябрда кыргызстандыктарды көчүү, туруктуу жашоо жери өңдүү суроолор көбүрөөк кызыктырган.








