Пандемия сабагы: чаржайыт саясат, күчөгөн оору

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

2020-жылы Кыргызстанда коронавирустан 1356 адам каза тапты. Жалпысынан вирус 81 миңден ашуун кишиге жукту.

Пандемия учурунда өлкөдө эки саламаттыкты сактоо министри жана социалдык блок үчүн жооптуу эки вице-премьер министр алмашты. Дүйнө жүзүн каптаган COVID-19 вирусуна Кыргызстан канчалык даяр эле?

Коронавирус Кыргызстанда март айында биринчи катталды. Сауд Арабияга кичи ажылыкка барып, үйгө кайтып келе жаткан Сузак районунун тургунунда 16-мартта коронавирус бар экени тастыкталды. Андан көп өтпөй вирус Пакистанга даватка чыгып келген Нарын шаарынын тургунунан аныкталды.

"Бул вирус дүйнө үчүн ааламат болуп калды. Биз эле эмес, бизден чоң, күчтүү, алдуу деген мамлекеттер: АКШ, Европа алдастап азыр, кандай чара көрөрүн билбей турган учуру. Мына ушундай шартта биздин чама-чаркыбыз чак болгондон кийин, аябай тыкандык жана тартипти сактоо менен гана мындан чыга алабыз. Кыргызстанга оору эки канал аркылуу келип жатат: биринчиси - умрага барып келгендер, экинчиси - Индия, Пакистанга барып келип жаткан даватчылар аркылуу. Жакында эле Бангладеш, Малайзияга барып дават кылгандар ачыкка чыгышы керек. Өзүлөрү барып, текшерилип, кимге, кайсы жерге барганынан бери айтып бериши коом үчүн абдан маанилүү", -деген пикирин билдирген эле Стратегиялык изилдөө институнун директору Эмилбек Каптагаев Би-Би-Сиге.

Вируска алгач ишенбей, беткап кийүү, аралыкты сактоо өңдүү эрежеге баш ийбеген жарандар көп болду. Вирусту жеңил көтөргөн айрым жарандар ооруканада жатып, жөн гана күчтөп кармалып жатканын айтып видео тартып-таркатуусу ал күндөрү вируска болгон ишенимсиздикти ого бетер күчөттү.

Мындан улам оорунун жайылуу темпи күчөп, 25-мартта Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Катаал карантин чараларына карабай, апрель айында Кыргызстанда коронавирусту 256 адам жуктурганы тастыкталды. Алардын көбү Бишкек, Ош шаары жана Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарына туура келип жатты.

Талас облусу ал күндөрү COVID-19 вирусуна туруштук берүү боюнча үлгү көрсөткөнү эсте.

Апрелде саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чыныбаев жана социалдык блок үчүн жооптуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова отставкага кетишти. Коопсуздук кеңеши жетиштүү убакыт болсо да, бул аткаминерлер пандемияга чала даярдык көргөнү үчүн айыптап чыккан эле.

1-майдан тарта экономикага карап, кыргыз бийлиги катаал карантин чараларын жеңилдетип, ишкерликтин айрым түрлөрүнө уруксаат берилди. Бишкек шаарынын кире беришине коюлган блокпосттор алынып, жол кыймылы жанданды.

Катаал карантин чараларын жумшартуудан кийин коронавирус боюнча кырдаал кандай өнүгөт, эпидемиологдор тобу май айында кыргыз өкмөтүнө эскертүүлөрдү бергени, бирок ал элес алынбай калганы айтылып келет.

"Май айынын башында эле өкмөткө боло турган сценарийлерди айтып беришкен. Өзгөчө кырдал режими алынары менен бейтаптар саны өсүшү мүмкүн экени эскертилген. Бирок бул боюнча эч чара көрүлгөн эмес. Ооруканаларда 1 700 орун бар деп коюп, тынчып калышкан. Кошумча орундар, дарыканаларда дары-дармектер жок, эми алардын запасы да түгөнүп баратабы деп ойлойп атам",-деген эле анда эксперт Айбар Султангазиев.

Июнь айында Кыргызстанда коронавирус жуктургандар саны эки миңден ашып калган убак эле. Күн жылып, элдин каттоосу дале болсо уланып жатты. Коронавирус кулачын жайып, ооруканаларда орундар азайып, дары-дармек, бош орун издегендер көбөйүп жатты.

"Карантин чаралары, албетте, керек болчу. Локдаун пандемияны токтото албайт эле, бирок даярдык көрүп алууга убакыт берген. Мына ошол убакытты биз тиешелүү деңгээлде колдоно алган жокпуз. Керектүү нерселерге көңүл бурулбай, адамдык жана финансылык ресурстарыбыз башка нерселерге жумшалып кетти. Карантиндик чектөөлөрдү ошондой жол менен алганыбыз үчүн июлдагы кырдаал жаралды",- дейт эпидемиолог Чынар Жумалиева.

Июль айы Кыргызстанда коронавирус туу чокусуна жетип, күнүнө 80ден ашуун киши вирустан каза таап жатты. "Кара июль" атыккан бул айда Жогорку Кеңештин экс-спикери Чыныбай Турсунбеков, теле- журналист Бүбүкан Досалиева, диний аалым Чубак ажы Жалилов өңдүү бир катар таанымал адамдар коронавирустан каза тапты.

Ооруну жуктургандар саны 10 миңге жетип, кунүнө вирустун жаңы 700-800дөн ашык учуру катталып жатты. Саламаттыктыкты сактоо министрлиги элди тейлегенге алы жетпей, бейтаптар үйлөрүндө калып, өз алдынча дарыланганга туура келип жатты. Укол сая алган кыз-келиндер ыктыярчылыкка чыгып, карапайым жарандар аларга шоопур болуп, өз алдынча мобилдик топтор пайда боло баштады.

Ал кездеги Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, анын орун басары Нурболот Үсөнбаев да июнь айында бул вируска чалдыгып, саламаттык тармагы бир саам убакытка жетекчисиз иштеди.

Август айында оору акырындык менен кайтып, аны жуктургандар саны азая баштады. Жаңы окуу жылына даярдыктар башталып, балдарды мектептен окуутуу керекпи же жокпу маселеси турду. Бирок өкмөттүн чечими менен балдарды дале болсо аралыктан окута туруу чечими кабыл алынды.

Сентябрда мурунку саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев камакка алынды. Каржы полициясы экс-министрге шалаакылык жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу айыптары коюлуп жаткандыгын ачыктады. Аткаминердин кармалышы Коопсуздук Кеңешинин кезектеги жыйынына утурлай орун алып, шайлоо алдында бийлик Чолпонбаевди саясий курмандыкка чалып жатканын айткандар болду. Эксперт, жарандык активист Бурул Макенбаева экс-министр Космосбек Чолпонбаевдин камалышы күтүлгөн окуя болчу деген пикирин билдирген:

"Бийлик Космосбек Чолпонбаевди саясий курмандыкка чалып жатат. Мындай болору мурдатан эле айтылып жаткан. Себеби, пандемияда Кыргызстан чоң жоготууларга учурады. Коронавирус залакасын азайтуу мүмкүнчүлүгү бар болчу. Жоопкерчиликтин барын үйгөнгө бир адам керек болуп жаткан. Эл аралык индикаторлор менен бааласа деле Чолпонбаев иштеп жаткан мезгилде колдо бар каражатка ылайык иштер натыйжалуу жана өз убагында жасалган. Биринчи стадияда эпидемия Кытайдан түз кирген жок. Оору Чолпонбаев менен Алтынай Өмүрбекованы отставкага кетирилгенден кийин жайылды".

Октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, бирок анын жыйынтыгына нааразы болгон эл массалык митинге чыкты. Өлкөдө бийлик алмашып, өкмөт жаңырды. Саламаттыкты сактоо министри болуп Алымкадыр Бейшеналиев дайындалды. Үгүт, шайлоо, андан кийинки массалык митингдерден кийинки коронавирус кайрадан баш көтөргөнсүп, экинчи толкун тууралуу кооптонуулар орун алды.

Ноябрда Кыргызстан коронавируска каршы вакциналардын жеткиликтүүлүгү камсыздоочу альянс COVAX сурам кат жолдоого даярдана баштады.

4-декабрда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна бекер вакцина бөлүп берүү өтүнүчү менен кат жолдонду. Учурда жапырт эмдөөнү жүргүзүү боюнча улуттук план иштелип жатат. Эмдөө кандай шартта жүрөт, вакцина кандай шартта сакталат деген суроо боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги атайын жумушчу топ түздү.

Кыргызстанга коронавируска каршы вакцинанын алгачкы партиясы 2021-жылдын жаз айларында келип калары күтүлүүдө.

COVAX механизми аркылуу кыргызстандыктардын 20% Pfizer, Moderna вакциналары менен эмделиши күтүлүүдө. Бекер вакцина менен биринчи кезекте дарыгерлер эмделет. Өлкө боюнча алардын саны 60 миңден ашпайт. Андан кийин улгайган, өнөкөт оорулары бар жарандарга сайылат.

Ал эми калган кыргызстандыктарга вакцина качан жеткиликтүү болот?

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча эффективдүүлүгү боюнча үч вакцина топ башына чыгып жатат. Бул америкалык Moderna, америкалык-германиялык Pfizer жана Biontech, ошондой эле орусиялык Спутник-V вакцинасы.

"Кыргызстан үчүн Pfizer жана Moderna вакциналарын сактоо эрежелери кыйла татаалыраак болуп калат. Себеби, алар -70, -80 градуста сакталышы керек. Алар ээритилгенден соң беш күндүн ичинде пайдалануу керек, андан кийин жараксыз. Ал эми Спутник- V вакцинасы сактоого ийкемдүүрөк. Ал эки түрдө чыгарылат. Эритме түрүндө: тоңдурулган суюктук. Аны сактоо эрежеси -18 градустан өйдө болбошу керек. Экинчи түрү кургатылган порошок: леотифилат деп коебуз. Аны сактоо эрежеси +2, +8 градус, кадимки эле муздаткычка сактаса болот. Спутник-V вакцинасын сактоого Кыргызстанда шарттар даяр деп айтсак болот",-дейт көз карандысыз дарыгер-эпидемиолог Чынар Жумалиева.

Декабрда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Орусияга барып, вакцина боюнча сүйлөшүп келди.

Пандемия башталгандан бери төрт миңден ашуун медицина кызматкери бул оорунун жуктуруп, 90го жакыны вирустан каза тапты. 600гө жакын дарыгерге 200 миңден кенемте акы төлөнүп берилди. Каза тапкан отузунун жакындарына 1 миллион сомдон компенсация которулду.

Ошентип, 2020-жылы саламаттык тармагын сынаган оор жылдардан болду. Жыл соңунда коронавирустун мутацияланган жаңы түрү пайда болуп, дүйнө жүзү 2021-жылга түпөйүл кадам таштап турган чагы.