2020-жыл жана адамзатты мүшкүлгө салган доорлор

2020-жылды пандемиянын айынан "тарыхтагы эң оор жыл" катары аташууда. Эл аралык коомчулуктун каймагы саналган улуу инсандар каза тапты, көптөр жакындары менен жолуга албай, видео аркылуу эле байланышып турду. Ага карабастан, тарыхта мындан дагы оор жылдар болгон.

2020-жылдагы эң негизги окуяларды карап, аларды тарыхтагы окшош учурларга салыштыралы.

Көп кишинин өмүрүн алган Covid-19

Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, 17-декабрда Covid-19 вирусу 74.5 миллиондон ашуун кишиге жугуп, 1.6 миллион адам каза тапты.

Тарыхта Кара тумоо Европада эле 25 миллион кишинин өмүрүн алган. Ал эми 1346-жылдан кийин вирус кеңири тарап, 200 миллион киши каза тапкан. Вирус үч жолу кеңири жайылган, алгачкы жолу б.з.ч 541-жылы катталган. Бул илдет келемишке жабышкан бүргөдөн тарап, андан кийин адамдан адамга аба аркылуу жуккан. 1346-1353-жылдардагы "Кара өлүм" доору эң көп кишинин өмүрүн алган пандемия болуп саналат.

1520-жылдары испаниялык жана португалиялык саякатчылар Амрика континентине чечек вирусун алып келип, түпкүлүктүү калктын 60-90 пайыз кырылган. Вирус организмге аба, чаң, көбүнчө дем алуу органдары, кээде тери аркылуу жугат.

1918-жылы сасык тумоо пандемиясын "Испан тумоосу" деп аташып, андан 50-100 миң киши өлгөн. Вирусту Биринчи дүйнөлүк согуштан кайтып келген аскерлер тараткан деген теория бар. Вирус жайылып жатканда дүйнө калкынын беш пайызына чейин кырылганы айтылат.

Ошондой эле СПИД/ВИЧ вирусу 1980-жылдардан бери 32 миллиондон ашуун кишинин өмүрүн алды.

2020-жылы көптөр жумушсуз калды

Пандемия түзгөн экономикалык кыйынчылык дүйнөнүн булуң бурчунда сезилүүдө. Алдыңкы мамлекеттер ири суммада каражат жумшап, ишкерлерди колдоого алууда. Ага карабастан көптөгөн ишканалар жабылып, жумушсуздук деңгээли өстү.

Бул көрсөткүч 1929-1933-жылдардагы "Улуу депрессия" учурунда жумушсуз калган кишилердин санына караандабайт. Өзгөчө 1933-жылы өтө оор болгон. Германияда үч кишинин бири жумушсуз калгандыктан, популисттик саясатчы Адольф Гитлер бийликке келген.

2020-жылы жакындарыбыз менен убакыт өткөрө албай калдык

Пандемия учурунда аралыкты сактоо, изоляцияда болуу сыяктуу түшүнүктөр пайда болду. Көптөр жакындары менен видео байланыш аркылуу гана сүйлөшүп жатты.

Буга салыштырмалуу 536-жылы көк асман көрүнбөй калган. Бул жылдары Европа, Жакынкы Чыгыш жана Азиянын айрым аймактарында табышмактуу туман каптаган. Кишилер 18 ай бою күн көрбөй калган.

"Бул тарыхтагы эң оор учур болгон",-дейт тарыхчы Майкл МакКормик.

536-жыл абдан суук болуп, түшүм чогулбай, кишилер ачарчылыкка туш болгон. Бул табышмактуу туманга Исландиядагы же Түндүк Америкадагы жанар тоонун атылышы себеп болгон деп жоромолдонууда. Тумандын күлү шамал менен Европага, андан ары Азияга тараган. Ошондон улам температура төмөндөгөн.

2020-жылы полициянын зомбулугу жаңылыктардын баш сабына чыкты

2020-жылдагы олуттуу темалардын бири коопсуздук кызматкерлеринин зомбулугу болду. Өзгөчө АКШда Жорж Флойд аттуу афро-америкалык полиция тарабынан өлтүрүлгөндө бул көйгөй дүйнөлүк кыймылга айланды. Кошмо Штаттарынан тышкары полиция зомбулугу Нигерия, Колумбия, Гонконг, Франция жана башка мамлекеттерде дагы катталды.

Тилекке каршы, полиция зомбулугу жаңылык деле эмес. 1992-жылы апрель айында Лос-Анжелесте төрт полиция кызматкери афро-америкалык Родней Кингди сабап, аны видеого түшүргөнүнө карабастан күнөөсүз деп табылган. Бул окуя башаламандык менен коштолгон ири демонстрацияга түрткү болгон.

Бир нече күн бою талап-тоноолор болуп, полиция менен кагылышуу учурунда 54 киши каза тапкан. Лос-Анжелес бир миллиард доллар чыгымга учураганы дагы айтылууда.

2020-жылы Бейруттагы кубаттуу жарылуу

4-августта 2,750 тонна амоний нитраты жарылып, 190 кишинин өмүрүн алды, алты миңден ашуун адам жабыркады. Бул окуянын масштабы дүйнөнү нес кылды жана аны өзөктүк куралдан тышкары эң кубаттуу жарылуу катары эсептешүүдө.

1984-жылы декабрь айында Индиянын Бхопал шаарында химиялык заводдон уулуу заттар чыгып кетип, үч жарым миң киши бир нече күндүн ичинде мүрт кеткен. Ошол аймакта жашаган 15 миңден ашуун киши бир жылдын ичинде өпкө илдетине кабылып каза тапкан.

Бхопал шаарында пайда болгон туман ондогон жылдардан кийин гана кеткен. Бул окуяны тарыхтагы эң коркунучтуу өндүрүш кырсыктарынын бири катары аташууда.

2020-жылы миллиарддаган жапайы жаныбар өлдү

Австралиядагы токой өртүнөн үч миллиард жапайы жаныбар жабыркаганы айтылууда. Токой өртү 2019-жылдын аягында башталган жана адамдын аракети өрттү күчөткөнү айтылып келет.

Токой өртү 33 кишинин өмүрүн алып, миңдеген гектар жерди күлгө айлантты. Буга салыштырмалуу 1923-жылы сентябрь айында Жапониянын Токио менен Йокогама аймагында кубаттуу зилзаладан улам ири токой өртү тутанган. Окуяда 140 миң киши каза тапкан.

2020-жыл

2020-жылды он, отуз жылдан кийин карап көптөр таң калса керек. Пандемия учурунда социалдык аралыкты сактоо, "локдаун", колду улам жууп туруу жана учурашуу ыкмасы дагы өзгөрдү.

Бирок бул жылы жагымдуу жаңылыктар дагы көп болду. 2020-жылы бийликке келген аялдардын саны жыйырмага чыкты. 1995-жылы 12 аял лидер өлкөнү башкарганы рекорд бойдон турган. Ошондой эле БУУнун маалыматына ылайык, 2020-жылы парламентке келген аялдардын саны дагы эки эсеге өскөн.

Камала Харристин АКШнын вице-президент катары дайындалганы тарыхый окуя болду. Ал Кошмо Штаттарындагы вице-президент катары кызматка кирген биринчи аял, биринчи афро-америкалык жана биринчи мигранттардын үй-бүлөсүнө туулуп-өскөн жаран болуп калды.

Айлана чөйрөгө байланыштуу дагы жагымдуу жаңылыктар болду. Дүйнөнүн булуң-бурчундагы компаниялар зыяндуу заттардын абага бөлүнүп чыгышын азайтууга макул болду. БУУга тараткан маалыматка ылайык, 2020-жылы айлана-чөйрөгө көңүл бурууга убада кылган ишкана менен мамлекеттердин саны эки эсеге өстү. Алардын арасында Facebook, Ford жана Mercedes-Benz сыяктуу чоң компаниялар дагы бар.

Эми 2020-жылдагы пандемиядан сабак алалы, жок дегенде санитардык эрежелерге көңүл буруп калдык окшойт.