You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Экс-министрдин камалышы: "күтүлгөн окуя болчу"
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Беш ай мурун кызматынан алынган мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Каржы полициясы тарабынан кармалды. Ага шалаакылык жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу айыптары коюлуп жатат.
Аткаминердин кармалышы Коопсуздук Кеңешинин кезектеги жыйынына утурлай орун алып, шайлоо алдында бийлик Чолпонбаевди саясий курмандыкка чалып жатканы айтылууда.
Эксперт, жарандык активист Бурул Макенбаева экс-министр Космосбек Чолпонбаевдин камалышы күтүлгөн окуя болчу деген пикирде:
"Бийлик Космосбек Чолпонбаевди саясий курмандыкка чалып жатат. Мындай болору мурдатан эле айтылып жаткан. Себеби, пандемияда Кыргызстан чоң жоготууларга учурады. Коронавирус залакасын азайтуу мүмкүнчүлүгү бар болчу. Жоопкерчиликтин барын үйгөнгө бир адам керек болуп жаткан. Эл аралык индикаторлор менен бааласа деле Чолпонбаев иштеп жаткан мезгилде колдо бар каражатка ылайык иштер натыйжалуу жана өз убагында жасалган. Биринчи стадияда эпидемия Кытайдан түз кирген жок. Оору Чолпонбаев менен Алтынай Өмүрбекованы отставкага кетирилгенден кийин жайылды".
Жетиштүү убакыт болсо да коронавирус менен күрөшүүдө кыргыз өкмөтү чабалдык кылганы парламентте далай жолу көтөрүлдү. Депутаттар март айынан тарта эле өкмөттү сындап, Саламаттыкты сактоо министрин жоопко тартууну талап кылып келишти.
"Аскердик режимде шалаакылык кылган бул кылмыш. Демек, Чолпонбаевди Аскердик прокуратурага өткөрүп бериш керекпи? Анын айынан эки ай бою реагенттер, сактоочу кийимдер болгон жок. Анын кесепетинде биз Италиядай болуп калдык. Вирус жуккан ар бир бешинчи киши врач болуп атат",-деген эле депутат Каныбек Иманалиев.
Көп өтпөй Коопсуздук Кеңешинин чечимдерине ылайык, андагы өкмөт курамындагы социалдык блокту жетектеген вице-премьер Алтынай Өмүрбекова жана Космосбек Чолпонбаев кызматтарынан алынышты.
Вирус кийин күч алып, июнь-июлда ооруканаларга киши батпай, тест, дары-дармек жетишсиздиги орун алды. Жүздөгөн жарандар каза таап, бирок ал үчүн бир да аткаминерге жоопкерчиликке тартылган жок. Бул коомдогу нааразылыкты жаратты.
Айболот, андагы апаатта жакынын жоготкон миңдеген жарандардын бири.
"Ошо күндөрү атабыздан айрылып калдык, абдан оор болду. Бул оору биздин саламаттыкты сактоо тармагында, министрликте кандай кризис бар экенин көрсөттү. Ошол эле убакта өкмөттүн эч кандай даярдыгы жок экени билинди. Доктурлар башында адамдарды кантип куткарышты билбеди, туш келди дарылап жатышты. Ошол себептүү, көп адамдардын оорусу күчөдү. Ооруканада орун жок, көп эле киши үйүндө өтүп кетти го".
Мындай нааразылыктардан уламбы же келе жаткан шайлоо алдында коомдук маанайды жайгаруу максатындабы, шейшембиде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Каржы полициясы) экс-министр Космосбек Чолпонбаев кармалганын жарыялады.
"Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооптуу жетекчилери кызматтык абалынан кыянат пайдаланып, мамлекеттик кызыкчылыкка каршы пайдасыз контракт түзүшкөнү (консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө) аныкталды",- деди Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлү Анастасия Пискур.
Экс-министр ал келишим менен мамлекетке тогуз миллион сом эсебинде чыгым алып келгени айтылууда.
Апрелде отставкага кетирилген Чолпонбаевди Каржы полициясы июль айынан тарта суракка чакыра баштады. Анда аткаминер айрым фармкомпаниялардын кызыкчылыгын сүрөө фактысы боюнча чакыртылганы айтылып, бирок ал кайсы компания, кандай кызыкчылык болгон тергөө кызыкчылыгы деп ачыкталган эмес.
Каржы полициясы экс-министрге коюлуп жаткан шалаакылык айыбы боюнча деталдуу маалымат бере элек.
Космосбек Чолпонбаев тууралуу соңку жолу 10-июлда ал пневмонияга кабылганы тууралуу жаңылык чыккан эле.
19-августта "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен шайлоого бара жаткан Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук Кеңеши Космосбек Чолпонбаевди кызматынан ала албай койгонун, себеби экс-министр кайсы бир депутаттын агасы болорун айтып чыккан.
Космосбек Чолпобаев министрлик кызматка эки жыл мурун бекип, бирок анын кадрдык саясаты, башкаруу даремети тууралуу артынан далай сын-пикирлер ээрчип келди.