Матраимовдун мүлкүнө байланышкан талаштуу чечим: УКМК батирлерден баш тартты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кызматкерлерине берилет деген батирлерди албай турганын билдирди. Бажыдагы коррупциядан мамлекетке келген зыянды толуктоо үчүн кайтарылган 8 батир УКМК кызматкерлерине берилет деген маалымат коомчулукта кызуу талкуу жараткандан кийин комитет чечимин өзгөрттү.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовго козголгон тергөө иши тууралуу маалымат берип жатып, ал мамлекетке келтирген зыянды толугу менен төлөп бергенин билдирген. Анын айтымында, тергөө 2 млрд сом деп эсептеген чыгымдын 1 млрд 400 миллион чамасын Матраимов акчалай, калган 600 миллион сомду кыймылсыз мүлк менен кайтарган.
Ташиев 23-декабрда маалымат жыйынында билдиргендей, 10 кыймылсыз мүлктүн бирөө Бишкектеги "Эльдорадо" соода борбору, тогузу батир. Бир батир социалдык мекемеге, сегизи УКМКга берилмек.
"Бул кылмыш ишинин алкагында Матраимов менен чогуу кылмышка барган башкалар тарабынан 53 млн сом зыян келгени да аныкталды. Ошентип азыркы тапта 2 млрд 53 миллион сом толугу менен кайтарылды. Ал эми Матраимовдун иши кыска мөөнөттө сот органдарынын териштирүүсүнө жөнөтүлөт", - деген Ташиев батирдин чоңу социалдык мекемеге, калганы УКМК кызматкерлерине таратыларын айткан.
Ал белгилегендей УКМК өтө кыска убакытта бажыдагы коррупциялык схеманы жок кылды жана Матраимовдун күнөөсүн далилдей алды. Ал үйлөрдү бөлүштүрүү боюнча жакынкы күндөрү токтом чыгарын айткан.
Андан эки күндөн кийин вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду гана соттун чечими менен бул батирлерди өзүнө ала алат деп жазды. Анын айтымында, фонд мүлктү же аукцион аркылуу сатып, акчасын республикалык бюджетке кошот, мындан башка мыйзамдуу жолу жок.
"Мен вице-премьер-министр катары башка токтомго кол коё албайм", - деп жарыялады Сурабалдиева.

Сүрөттүн булагы, Social media
Ошентип, мындай билдирүүдөн бир күндөн кийин жана коомдогу талкуулар күчөгөндө УКМК батирлерди өзүнө албай турганын расмий кабарлады.
"Кайтарылып жаткан мүлк мамлекеттин менчигине тийиштүү тартипте алынат", - деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.
Мүлк кантип мамлекеттештирилет?
Камчыбек Ташиевдин билдирүүсү коомдук тармактарда жана коомчулукта сынга кабылды. Эксперттер, жарандык активисттер күч түзүмдөр буга чейин алган үйлөрүн санап, мугалимдер, дарыгерлер же социалдык кызматкерлер бир да жолу андай камкордукка алынбаганын жазышты.
Күч кызматкерлерине үй ыйгаруу туура эмес экенин Сурабалдиева да Фейсбуктагы баракчасына жазды: "Канча жылдан бери Матраимов тууралуу журналисттик иликтөөлөргө үн катпаган УКМКнын кызматкерлерине анын квартираларын белекке берүү туура эмес. Кечээ да парламенттен депутаттар ушул жөнүндө суроо беришти. "Жетимдерге Матраимовдордун квартираларын бербейсиңерби? Аларга батирлерди мамлекет салбайт, социалдык тамдарды күтүп чарчашты" деп. Канчалаган мугалим, доктурлар, социалдык кызматкерлер да туура көрмөк. Бажы, милиция, укук коргоо органдардагы кызматкерлердин иши оор, сыйлайбыз. Бирок бүгүнкү күндө акыйкаттыктын бир чоң белгиси - аярлуу катмар жөнүндө өкмөттүн кам көрүүсү болуш керек".
Кыймылсыз мүлк мамлекетке кандай өткөрүлөт? Экономика министрлигинин өкүлү Элдана Сатарованын айтымында, бул оюнча өкмөттүн токтому бар.
"Негизи конфискацияланган мүлктөр боюнча өкмөттүн токтому бар. Конфискацияланган жана ээси жок мүлктү каттоо, баалоо, колдонуу тартиби боюнча жобо бар. Бул жобо 2014-жылы бекитилген, номери 575. Жалпы эрежеге ылайык, турак үйлөр, имараттар, гараждар, жер тилкелери сыяктуу кыймылсыз мүлктөр мамлекеттик мүлктөрдү башкарган мамлекеттик мекемеге өткөрүлүп берилет", - деди Би-Би-Сиге Сатарова.

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
Жаңы бийлик келген октябрдан бери бир да мүлк мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна келип түшө элек.
Тергөө аркылуу алынып жаткан аталган имараттарды мамлекеттештирүү тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун басма сөз кызматы төмөнкүнү билдирди:
"Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун тажрыйбасында мүлктү мамлекеттештирүү маселелери болгон. Бирок соттун чечими менен гана бизге келип түшкөн".
УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбековдун айтымында, күч түзүмдөрү да башка мамлекеттик органдар же мекемелердин катарында эле кайтарылган мүлк мамлекеттештирилгенден кийин алуу зарылдыгы болсо арыз менен кайрылат.
Коррупция менен күрөшүү аракети шек санатууда
Артур Медетбеков чоң жетекчилик кызматта отургандар эмоция менен билдирүүлөрдү жасап жатканын белгиледи.

Камчыбек Ташиев маалымат жыйынын Коопсуздук кеңешинин чоң жыйыны өтүп жаткан учурда уюштурганын да маалымат каражаттары белгилешти. УКМК төрагасы ага биринчилерден болуп катышуусу керек эле.
Артур Медетбеков мүлктөр кантип кабыл алынып, ким тарабынан бааланганы бүдөмүк бойдон калтырылганына көңүл бурду.
"Биз уушунча кустурдук, кустуруп жатабыз, аттарын айтпайбыз дешти, бул өтө туура эмес. Эгер ошондой операция жасап жатышса, ал мыйзам чегинде болуп жатабы? Бизге белгисиз. Эмне менен төлөп жатышканын коомчулук билиш керек. Акча менен келгендери бюджетке түшүп жатканы боюнча министрликтер маалымат берип туруш керек. Мыйзамсыз жолдор менен жасалса, бул өнөкөткө айланып кетет. Анын бизге кийин чоң зыяны тийет. Матраимовдон биринчи баскычта алынды деген акча каражаттын дайыны талаштуу болду го", - дейт Медетбеков.
Жаңы бийликтин ири кылмыштардын бетин ачууда көз боёмочулук менен алектенип жатканын бир катар активисттер талкуулап келатат.
Көз карандысыз журналист, Матраимовдордун схемасын иликтегендердин бири Али Токтакунов "мамлекет бүтүн нан алгандардан күүкүмүн гана кайтарып жатат" деп элди алданбоого чакырды:
"Биз Матраимов 100 миллиондогон доллар уурдаганын деталдуу көрсөтүп, кайсы жерден кандай үй, соода борборун алганынан бери чыгарып бергенбиз. Эл аралык коомчулук дагы Раимбек Матраимовду бажы системасынан 100 миллондогон доллар уурдаган чоң коррупционер деп таанып жатат. Ошол эле учурда биздин Улуттук коопсуздук кызматы Матраимов 2 эле миллиард сом, башкача айтканда 25 миллион доллар уурдаган анын баарын биз мамлекетке кайтардык деп отчёт берип жатат. Бул таптакыр туура эмес".
Камчыбек Ташиев Матраимовдун иши уланаарын, эми анын чет жердеги иш-аракеттери иликтенээрин билдирди.
Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Раимбек Матраимов 20-октябрда кармалып, мамлекетке келтирилген зыянды төлөп берүү убадасы үчүн үй камагына коё берилген. Ал күнөөнү мойнуна алып албаганын бир да жолу билдирген жок. Ага чейин бир тууганы, депутат Искендер Матраимов күнөөсүз экенин айтып келген.








