You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргызстанда президенттик шайлоо: Талапкерлер тууралуу эмне билебиз?
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы мөөнөтүнөн мурун өтүп жаткан президенттик шайлоого 18 талапкерди каттады. Бул эгемен өлкөнүн тарыхындагы эң жогорку сан. 2017-жылы өткөн шайлоодо 13 талапкер чыккан эле.
Талапкерлер тиешелүү документтерин тапшырып, 1 млн. сом өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төгүп, 30 миңден кем эмес шайлоочунун колтамгасын чогултту.
10-январда президенттик шайлоо менен бирге мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөнү жатат. Мындан он жыл мурун парламенттик башкаруу жолун тандаган Кыргызстан кайрадан бул жолдун тууралыгынан шектенип, президенттик башкаруу жолуна кайтып барууну референдумда элдин элегине койгону жатат.
Талапкерлер кимдер?
Президентикке ат салышып жаткан талапкердердин ичинде жаштар жана жаңы ысымдар бар. Башынан баштасак, "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров Кыргызстандагы эң белгилүү саясатчы. 2010-жылы анын партиясы парламенттик шайлоодо жалпы шайлоочулардын 8 пайыз добушун алып, бирок аз гана айырма менен беш пайыздык босогону багындыра албай калган. Бирок А.Мадумаров шайлоодо партиянын жеңиши уурдалганын айтып жүрөт. 2011-жылкы президенттик шайлоодо экинчи орунда келип, жалпы добуштардын 15 пайызын алган эле. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо 7 пайыздай добуш алган. Быйылкы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо ал жетектеген партия босого чектен өткөн жалгыз оппозициялык партия болду.
Арстанбек Абдылдаев буга чейинки президенттик шайлоолордо дагы талапкер катары ат салышып, соңку 2017-жылы өткөн шайлоодо 0,12 % добуш алган эле. Арстанбек Абдылдаевди кыргыз коомчулугу адаттан сырт айтылган пикирлери аркылуу жакшы тааныйт. "Эл үчүн" деген партияны негиздеген.
45 жаштагы Канат Исаев "Кыргызстан" саясий партиясынын төрагасы. Күздөгү жокко чыгарылган шайлоодо аталган партия үчүнчү орунда келген эле. Октябрдагы бийлик алмашуудан кийин Исаев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Бирок президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, төрагалыкты өткөрүп берди. Исаев 2017-жылдагы президенттик шайлоонун алдында бийликти басып алууга аракет кылды деп айыпталып, камакка алынган. Исаев президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабановду сүрөп чыккан эле.
62 жаштагы милициянын генерал-майору Рашид Тагаев Жогорку Кеңештин IV чакырылышында депутат болгон. 2016-жылдан "Газпром Кыргызстандын" Оштогу филиалын жетектеди. Ага чейин узак жылдар милицияда иштеп, ИИМдин Талас, Ош, Жалал-Абаддагы башкармалыктарын жетектеп, ЖККУда эмгектенген.
54 жаштагы Жеңишбек Байгуттиев 2009-2010-жылдары Экономиканы жөнгө салуу министрлигин жетектеген. Учурда "Толубай" ЖАК АКБнын директорлор кеңешинин кеңешчиси.
Жалгыз аял талапкер Клара Сооронкулова "Реформа" партиясынын лидери. Соңку жылдары активдүү саясатчы катары белгилүү боло баштады. Буга чейин Конституциялык палатаны жетектеп, БШКда эмгектенген.
46 жаштагы Аймен Касенов буга чейин Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунда иштегени белгилүү. Жергиликтүү басылмалар ага чейин "Газпром-Нефть Казакстан" жана "Газпром-Нефть Тажикстан" ишканаларында эмгектенгени тууралуу жазышты.
55 жаштагы Адлал-индустрия ѳнүктүрүү борборунун директору Мыктыбек Арстанбек кыргыз коомчулугуна журналист катары белгилүү. Соңку жылдары диний ишмер катары дагы өзүн таанытты.
36 жаштагы Бактыбек Калмаматов V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты. Ал «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен депутаттыкка шайланган.
37 жаштагы Имамидин Ташов "KG Групп" курулуш компаниясынын жетекчиси. Кайрымдуулук иштери аркылуу коомчулукка таанымал инсан.
Ички иштер министринин мурдагы орун басары, генерал-майор Курсан Асанов 54 жашта. Узак жылдар милиция тармагында иштеп, V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Кой-Таш окуясы боюнча, кийин 5-9-октябрдагы Бишкектеги массалык башаламандыкка байланыштуу кылмыш иштери козголгону белгилүү.
51 жаштагы Каныбек Иманалиев белгилүү саясатчы. Жогорку Кеңештин II, V жана VI чакырылыштарынын депутаты.
50 жаштагы Равшан Жээнбеков Жогорку Кенештин V чакырылышынын депутаты. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгон окуяларга айыпталып, камакка алынган эле. Саясатчы муну саясий буюртма катары четке каккан. Жээнбеков оппозициялык саясатчы катары таанымал.
39 жаштагы Эльдар Абакиров 2016-2019-жылдары экономика министринин орун басары болуп иштеди. Октябрдагы шайлоодо "Ата-Мекен" партиясынын тизмеси менен шайлоого катышкан.
Мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров 46 жашта. V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2017-жылдагы президенттик шайлоого катышып, 0,50 % добушка ээ болгон. Октябрдагы жокко чыгарылган шайлоодо бийликчил саналган "Биримдик" саясий партиясынын тизмеси менен барды.
44 жаштагы Бабур Тольбаев "Мөл Булак Финанс" микрокредиттик компаниясынын жетекчиси.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев 47 жашта. Аскар Акаевдин учурунда басма сөз катчысы болуп иштегени белгилүү. 2010-жылдан кийин Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы, кеңешчиси болуп, кийин УКМКнын төрагалыгына келген. Атамбаев учурунда камакка алынып, кылмыш иши козголгон саясатчылар УКМКны бийликтин камчысын чапканы үчүн айыптап жүрүшөт.
52 жаштагы Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке эки жолу депутат болуп шайланган. Жапаров ушул жылдын 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык учурунда абактан бошотулуп, өкмөт башына келди жана президенттин милдетин убактылуу аткарды. Ал коомчулукка Кумтөр алтын кенине байланышкан маселелерди көтөрүп чыкканы менен белгилүү. Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында митинг уюштуруп, өкмөттүн ошол кездеги Ысык-Көл облусу боюнча атайын өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга катыштыгы бар деп айыпталган. Садыр Жапаров өлкө сыртында жүрүп, 2017-жылы 25-мартта өлкөгө келип, чек арадан өтүп жатканда кармалган. Аны колдоп митингге чогулгандар таратылып, "коомдук тартипти бузган" деп бир нече киши кармалып, 12 киши "бейбаштык", "башка бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү" сыяктуу беренелер менен айыпталган. Камакта кармалып турган учурда Садыр Жапаров өзүнө-өзү кол салганы белгилүү болгон. Садыр Жапаровдун жактоочулары муну саясый куугунтук катары баалап, ага адилетүү чечим чыгарууну талап кылып келишти. (AbA)