You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"COVID-19 эч кайда жоголуп кеткен жок": БУУнун саясий партияларга кайрылуусу
БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү шайлоого катышып жаткан саясий партияларга кайрылуу жолдоп, COVID-19 вирусунун тарашына жол бербей, этият болууга чакырды.
Кайрылууда 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган парламенттик шайлоонун үгүт иштеринде партиялар көп элди чогултпай, сактык чараларды көрүшү зарылдыгы айтылган. "Расмий маалыматтарда коронавирустун жаңы учурлары азайганы менен COVID-19 эч кайда жоголуп кетпегенин белгилегибиз келет",-деп айтылат билдирүүдө.
"Ошондуктан биз шайлоого катышып жаткан саясий партияларды бардык санитардык жана эпидемиологиялык чараларды, анын ичинде социалдык аралыкты сактоо, беткап менен жүрүү жана колду санитардык каражаттар менен тез-тез жууп турууга чакырабыз".
Буга чейин коомдук сайттарга жайнап чыккан саясий партиялардын жарнамалык материалдарында партиянын талапкерлери эч кандай эрежени сактабай жүргөнү сынга түшкөн. Көпчүлүк партиялар эч кандай эрежелерди эске албай жаткандай.
"Партиялар эпидемиологиялык эрежелерди сактабай жатат деген арыздануулар БШКга келген жок. Бирок алар өздөрү коомдук сайттарга фото, видео жүктөп, ал жерде эч кимиси коопсуздук чараларын сактабай жатканы айдан ачык эле көрүнүп турат. Пандемия шартында өткөн шайлоолордо саясий партиялар өздөрүнө кошумча жоопкерчилик алып, коронавирусту жайылтып албайлы деши керек болчу. Боршайком жолугушууларда бекер беткап таратса болот деген көрсөтмөлөрдү деле берген. Беткап таратуу добуш сатып алууга жатмак эмес. Республикалык штаб деле партияларга массалык иш-чараларына элүү адамдан көп эмес киши чогулта аларын айтып жатат. БШК дагы партияларга ошол эрежени сактоого чакырат. Бузуулар Кодексинде үгүт эрежелерин бузгандарга чара бар, айталы БШК жеке адамдарга жети жарым миң сомго чейин айып пул сала алат. Коопсуздук деген азыр эң башкы маселе болуп аткандан кийин биз бул маселеге өзгөчө көңүл бөлөбүз. Партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрун чакырып бул тууралуу талкуулайбыз. Үгүт маалында өзгөчө жабык жайларга эл топтоо коркунучтуу",-деди БШК өкүлү Гүлнара Журабаева
Өткөн аптада өкмөт ушул айдын соңунда эл арасында вирус массалык жугушу мүмкүн деген божомолун айткан.
"Адистердин божомолу боюнча, коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну 2020-жылдын ноябрь айында болушу мүмкүн. Калк эгер ден соолугуна көңүл кош караса, сентябрь айынын аягында эл массалык түрдө оорушу ыктымал. Бул коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталбашы, кафе жана ресторандарда элдин көп баруусуна байланыштуу. Жарандар куран окутуп, ар кандай салтанаттарды өткөрүп жатышат. Кафе-ресторандардын кожоюндары 3000 сом айып пул төлөп коюп, келгендерди бейкапар эле кабыл алууда. Ресторан бизнеси жапа чегип жатканы түшүнүктүү, бирок биз COVID-19 менен калктын кайрадан массалык түрдө оорушуна жол бербешибиз керек", - деген өкмөт башчы Кубатбек Боронов.
Пандемия шартында шайлоо кандай өтүшү керектиги тууралуу кеңири макала төмөндөгү шилтемеде:
Мындан эки ай мурун эле өлкөдө кырдаал өтө курчуп кетип, ондогон кишилер коронавирус инфекциясынан каза тапты. Ооруканалар толуп, дарыгерлер жетишпей, ыктыярчылар тартылган. Бирок ошондон аз гана убакыт өткөнүнө карабай, саясатчылар вируска маани бербей жатканы эл аралык уюмдардын да назарына түштү окшойт. (AbA)