You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Кыргызстан" партиясынын документтери артка кайтарылды
Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу "Кыргызстан" саясий партиясынын документтерин артка кайтаруу чечимин кабыл алды. Аталган партиянын лидери БШК үстүнөн сотко кайрыла турганын билдирди.
Парламенттик шайлоого партияларды каттоо маселесинде чыр чыккан эле. Өлкөдөгү белгилүү партиялардын бири "Кыргызстан" шайлоо тизмесин мыйзамда көрсөтүлгөн убакытта тапшыра албай калган. Атаандаш партиялар жана жарандык коом өкүлдөрү аталган партияны шайлоого катышырбоону талап кылып жатышат.
Бүгүн жумушчу топ Борбордук шайлоо комиссиясына "Кыргызстан" саясий партиясынын талапкерлер тууралуу документтерин артка кайтарууну сунуштады. Анын негизги себеби документтерди партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүү алып келбегенинде деп билдирди жумушчу топтун мүчөсү, БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов:
"Ал субъект БШК менен партияны байланыштырып турган кызмат адамы болуп эсепелет. Документтер башка бирөөлөр аркылуу келди. Биз чалып жатып, партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү менен байланыша алган жокпуз".
"Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөсү, депутат Талант Мамытовдун айтымында ыйгарым укуктуу өкүл ооруп калган.
"Мыйзам бузулат"
Ал арада бир катар саясий партиялар "Кыргызстан" катталса мыйзам бузулаарын айтып, президентке, УКМКга арыз жазышты. Бул аракетти адегенде "Реформа" партиясы баштап, УКМКга ачык кайрылуу жолдогон эле.
"Кыргызстан" саясий партиясы өз кезегинде талапкерлерин каттатуу үчүн документтерди БШКга өз убагында тапшырганын билдирип жатат. Партиянын лидери Канат Исаев башка партиялардын мүчөлөрү менен жарандык активисттер БШКга басым жасаганын айтты.
"Түндө баарыңар күбө болдуңар. Маалымат жыйынында башка саясий партиялардын өкүлдөрү барышты. БШКнын төрайымына кысым кылуу аракети болду. Биздин партиялаштар да барып, талашып-тартышып, туура эмес жагдайларды жаратуусуна жол берген жокпуз. Баары маданияттуу, мыйзам чегинде болсун деген үмүттөбүз. Берилген документтер толук же толук эмес экенин, убагында келип же келбегенин БШК жарыя кылат", - деди Исаев журналисттерге.
Анын партиясы билдирүү таратып, БШК тизмелерди кабыл алгандан кийин 24 сааттын ичинде документтерде дал келбестиктер болсо, партияга билдириш керек деди.
Документтик эрежелер
"Саясий партия кабарлоону алган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тиешелүү шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу", - деп айтылат билдирүүдө.
Бирок бул мыйзам партияларга бербеген документтерин алып келе алат дегенди билдирбейт деп жазды БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова Фейсбукта.
"Президентти жана ЖКны шайлоо мыйзамынын 61-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык, эгерде БШК талапкердин же талапкерлердин тизмесинин документинде аларды каттоого тоскоолдук жараткан дал келбестиктерди аныктаса, документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде саясий партияга дал келбестиктер тууралуу билдириш керек. Саясий партия билдирүүнү алгандан тарта 48 сааттын ичинде тиешелүү техникалык өзгөртүүлөрдү жана оңдолгон документтерди БШКга алып барып бериш керек. Мыйзам каттоо үчүн партияга документтердин толук эмес топтомун тапшырууга, ал эми БШКга кабыл алууга жол бербейт", - деп чечмеледи Абдрахматова.
Башкача айтканда, документти кийинки 48 саатта алып келгенге болбойт, техникалык каталарын оңдоп бергенге болот.
Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев бир мүнөт болсо да айтылган сааттан кечиккенден кийин мыйзам бузулган болуп эсептелет дейт.
"Ушул мыйзам бузулган убакта санкциясы кандай дегенге келиш керек, - деди Молдалиев, - Клара Сооронкулова териштирип бергиле деп УКМКга кайрылды. Башкы прокуратура массалык маалымат каражаттарына чыккан материалдарга деле таянып иш козгоп, тапшырганга акысы бар. Бирок албетте кааласа, каалабаса байкабай деле калышат".
Эки күндөн бери уланып жаткан бул чыр эки ача пикирди жаратты. Бир эсе жарандык коомдун активдүү өкүлдөрү менен саясий партиялардын мүчөлөрү бир партиянын кечигип калганын айтып, БШКнын документтерин жана видео көзөмөлүн көрсөтүүнүн талап кылганын колдошууда. Анткени мындай жолго барбаса, саналуу партиялар калкалоодо болуп, мындай алешемдиктери билинбей келген дешет. Экинчи тараптагылар басымдуусу жаштар БШК имаратына кирип алып жүргөндөрүн сынга алып жатышат.
Молдалиев жарандардын БШКда өзүн алып жүрүү тартибинде мыйзам бузуу табылса, аларды сотко берүүгө болорун кошумчалады.
Шайлоо жараяны ошентип чуу менен башталды. Орозбек Молдалиев Кыргызстанда чоң шайлоолорду дайыма эле чыр коштоп келгенин айтты.
Парламенттик шайлоого 17 партия талапкерлеринин тизмесин тапшырды. Аны БШК он күн ичинде текшерип чыгыш керек. Шайлоо 4-октябрда өтөт.
Түнкү жаңжал
БШК мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө (24-август саат 18:00) 17 партия шайлоого катышуу үчүн тизмесин тапшырганын жарыялаган эле. Бирок көп өтпөй "Кыргызстан" партиясы тиешелүү документтерин кечигип бергени тууралуу маалыматтар чыгып кетти. Мунун чын-бышыгын тактоо үчүн БШК алдына чогулган партия өкүлдөрү, жарандык активисттер видео байкоону, документтерди каттаган журналды көрсөтүүнү талап кылышкан. Түн жарымына барып аларга видео байкоону көрсөтүштү. Анда "Кыргызстан" партиясынын өкүлү кечигип келгенин көрүүгө болот. Бирок БШК мүчөлөрүнүн бири "бул саат 13 минута алдыда" экенин, саат 18:00гө имараттын эшиги жабылганын айтты. Каттоо журналында болсо "Кыргызстан" партиясы келген убакытты 17:59 деп көрсөтүлүп, бул дагы оңдолгон деген күмөн жаратты. Ошол эле маалда документтерди партиянын өкүлү катары катталган киши эмес, башка эле киши алып келген. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул маселени 24 сааттын ичинде карап чыгып, чечим кабыл алышаарын билдирген.
24-августта саат 18:00дө Борбордук шайлоо комиссиясы саясый партиялардын талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн тиешелүү документтерди кабыл алууну аяктады. Эми талапкерлердин маалыматтары 4-сентябрга чейин текшерилип чыгат. Андан кийин үгүт иштерине уруксат берилет.
Саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топ ишин баштады, деп билдирди БШК.
Жалпысы болуп 17 партияны каттаган:
- "Актив"
- "Афганистан согушунун жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкан ардагерлердин жана катышуучулардын саясий партиясы"
- "Мекен Ынтымагы"
- "Ата-Мекен"
- "Мекенчил"
- "Бир Бол"
- "Ыйман Нуру"
- "Замандаш"
- "Чоң Казат"
- "Реформа"
- "Республика"
- "Бүтүн Кыргызстан"
- "Социал-демократтар"
- "Биримдик"
- "Мекеним Кыргызстан"
- "Ордо"
- "Кыргызстан"