You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Курулушту ушул аптада баштоо керек": өкмөт Бишкек менен Ошко оорукана салат
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Бишкек жана Ош шаарларында жаңы ооруканалардын курулуш иштери ушул аптанын аягында башталат. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирди. Жаңы оорукана куруу боюнча адегенде президент айткан эле. Бирок айрым байкоочулар мунун ишке ашаарынан күмөн санашууда.
Эки ири шаарда жугуштуу оорулар бейтапканасын салуу пландалып жатат. Ар бири 100 орундан болмокчу.
Өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдиргендей, алардын орду менен долбоору даярдалууда. Ооруканалар Бишкектеги жана Оштогу азыркы инфекциялык бейтапканалардын аймагына салынат.
Боронов бул тууралуу республикалык штабдын жыйынында тапшырманы Архитектура, курулуш жана турак жай - коммуналдык чарба агенттигине берди.
Ал эми ооруканалардын ичин жабдуу, медкызматкерлер менен камсыздоо иштерин Саламаттык сактоо министрлиги аткарыш керек.
"Бишкек жана Ош шаарларында ооруканалардын курулушун ушул жуманын ичинде баштоо керек", - деди премьер-министр жыйында.
Архитектура, курулуш жана турак жай - коммуналдык чарба агенттигинин басма сөз катчысы Азиза Масимованын айтымында буйрук 21-июлда даярдалып, өкмөткө киргизилди.
"Мамкурулуш агенттиги долбоорлоо документтерин, уруксат берүү кагаздарын даярдап, техникалык көзөмөлдү жүргүзүүгө даяр. Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду буюртма берүүчү болуп эсептелет. Кайсы каражатка курулаарын ошолор билет", - деп кабарлады Масимова.
Штабдын 20-июлундагы жыйынында аймактарда бош турган имараттарды ооруканага айлантуу керек деген пикир да айтылды.
"Алар бир айдын ичинде медициналык мекеме катары иштей башташ керек. Ооруканалар 100 бейтапка ылайыкталып, анын ичинен 25-30у реанимациялык орун болсун», - деген өкмөт башчы бул ишти өкмөттүн аймактардагы өкүлдөрүнө тапшырды.
Эки шаарда оорукана куруу тууралуу президент күндүзгү стационарга барып, ал жердеги кырдаал менен таанышканда айткан эле. Айрым байкоочулар мындай чечим өлкөдө эпидемияга байланыштуу кымгуут абал башталгандан кийин, өтө кеч айтылганын сындашкан. Бул демилге аягына чыгаарынан да күмөн санагандар четтен чыгууда.
Мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев куруу иштери баштала элек болгондуктан бул тууралуу сөз кылууга эрте деп эсептейт.
"Республикалык штаб пандемия "согушуна" каршы күрөшкөн, абалды толук билген жалгыз мамлекеттик орган. Ошондуктан жарандар анын чечимдерин ишке ашырганга жардам гана беришибиз керек. Анткени бул "согуштун" эрежеси ушундай. Эки ири шаарда оорукана куруунун каражаты, эсеп-кысаптары тууралуу али сөз жок. Куруу планы болсо, азыр колдоп гана туруш керек. Пандемия бүткөндөн кийин баа берсек болот", - деди Батыралиев.
Эки жаңы оорукананы салуу боюнча өкмөт башчы 20-июлда президент менен сүйлөшүүсүндө да белгиледи.
Июлдун башында Кыргызстанда коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал курчуп, ооруканалар толуп калды. Бейтаптар медициналык жардам жеткиликсиз болуп жатканын айтып, өлүм көрсөткүчү өстү. Бишкекте мектеп, спорт зал, мейманканалардын имараттарында ондон ашык күндүзгү стационар чукул уюштурулду.