You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Covid-19: айыл жерлери вирус менен күрөшүү аракетинде
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстанда коронавирус боюнча абал оорлошкон акыркы апталардан кийин 20-июлда көбүрөөк киши айыгып, өлүм саны салыштырмалуу аз катталды. Анткен менен вирус аймактарда көп чыгып жатат.
Бишкек менен Чүйдөгү абалдан кийин айылдарда жергиликтүүлөр күндүзгү стационар ачып, өз алдынча дары-дармек, жада калса медициналык жабдыктарды чогултууга аракет кылып жатышат.
Өзгөн районундагы Большевик айылынын жашоочулары айылдык маданият үйүнө 17 орундук күндүзгү стационар даярдашты.
"Акча чогултуп, элди дарылайлы десем, айылдыктар абдан жакшы кабыл алды. Үймө-үй деле кыдырган жокмун. "Вотсаптагы" топко жазсам эле, ар ким жардамын алып келип кошуп жатат. 80 миңдей акча чогулду. Бишкек менен Орусияда жүргөн айылдаштарыбыз өзүнчө чогултушту. Орусиядагылар дары менен жардам берип, 2600 рублдан таап 35 куту "Клексан" берип жиберишти. Айылдашыбыз Бактыбек Тургунбаев адегенде 10 "Клексан" алып берген. Элден керебеттерди чогултук, сырдадык. Ага жаңы төшөнчүлөрдү сатып алдык. Кычкылтык жабдыгын колго жасап, сегизди койдук. Аны хирург дарыгерибиз билет экен. Тиги концентратордон айырмасы жок экен", - деди айылдык кеңештин депутаты Канат Маматов.
Башкы дарыгер катары иштеп жүргөн хириругду дайындашкан. Ага кошумча айылдын медайымдары, фельдшерлер бейтаптарды карап жатат.
Маматовдун айтымында, аталган айылды тейлеген Мырзаке бейтапканасы менен райондук ооруканада орун калган эмес. Жаштар уюштурган стационар айыл ичинде илдетке кабылгандар көбөйө баштаган учурда даяр болуп, коңшу айылдын жарандарын да кабыл алып жатат.
"Айыл өкмөткө кирген ар кайсы айылдан келгендерди карап жатабыз. Коңшу айылдан эки жаш эле жигит келип жатат, 12 күндөн бери ооруканага жата албаптыр. Ачылганыбызга үч күн болду. Биринчи күнү 21 киши келген, кечээ 7 адам келип кетти", - деди Маматов Би-Би-Сиге.
Сапаттуу дарылоо зарылчылыгы турат
Кыргызстандын кайсы жеринде болбосун жергиликтүү эл колунан келишинче өзүнө өзү жардам берүүдө. Бирок медициналык кызматкерлер өтө тартыш. Оор абалдагы бейтаптар менен күрөшпөй, болушунча көп адамга оорунун башталышында жардам берүү үчүн дарылоо жолдорун ким уюштурат?
Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүнүн маалымат катчысы Нуркыз Кадырбек кызынын айтымында, медициналык билими менен иштебей жүргөндөр, медициналык окуу жайдын жогорку курсунун студенттерди окутулуп, мындай күндүзгү стационарларга тартылууда.
"Алар бейтапканаларга, "кызыл зонага" кирбейт, күндүзгү стационарда гана иштейт, - дейт Кадырбек кызы, - Ийнесин саясат, кеңеш берет. Бейтаптар Кыргызстан боюнча 118 номеринен онлайн кеңеш алат. Күндүзгү стационарда дарылоо кагазы колунда бар адамга гана жардам берилет. Ал эми дарылоосу жазылган эмес болсо оор учурда гана, ыкчам медициналык жардам көрсөтүлөт".
Байкоочулар элдин жардамын бириктирчү, координациялоочу күчтүн жок болуп жатканын, өлүм саны өскөндүктөн дарылоону туура уюштуруу зарыл экенин белгилеп жатышат.
Жарандык активист Тилек Токтагазиев өлкө боюнча 730дан ашык кишиге ылайык кычкылтек станциясын колго жасап орнотту. Ал командасы менен дээрлик бардык аймактарды кыдырып чыкты. Айтымында, ушу тапта дары-дармектин тартыштыгы жана өмүрдү сакташ үчүн кычкылтекке туташтыруу эң орчундуу маселе. Ал эми медкызматкердин жетишпегендиги бул системалуу кризис деди Токтогазиев Би-Би-Сиге.
"Координация кыла турган, натыйжалуу бир орган болуш керек. Республикалык штабдын жумушу аябай начар болуп жатат. Кайсы жерде кандай маселе бар, кайсы тарапка эмне жетишсиз экенин онлайн көрүп турган бир платформа керек. Ошол эле гуманитардык жардам кимден келип, кайда кетип жатканын билип турушубуз керек. Аны "рахмат, рахмат" деп алып, сүрөткө, видеого түшүп коюп, сатып жибердиби же туугандарына берип койдубу деген күмөн жаралып жатат. Азыр бийлик менен элдин ортосунда чоң жарака кетти. Эл бийликке ишенбей өзүнчө аракет көрүп жатат", - деди Би-Би-Сиге Токтогазиев.
Кыргызстан боюнча 20-июлда 781 киши ооруканалардан коронавирустан айыгып чыкты. Бул бир суткада вирус тастыкталгандардан көп, жаңы аныкталгандардын саны 611.
Ал эми 34 киши кайтыш болду, бир суткада каза болгондордун саны эки күн мурда 73 болчу. Эпидемия башталгандан бери ооругандар 13109 кишиге жетти, 1037 киши каза болду.