You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Депутаттардын көбү ооруп калды": Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулары арсар
Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны регламент боюнча президенттин, өкмөттүн же депутаттардын үчтөн биринен кем эмес бөлүгү талап кылган учурда гана чакырылат. Парламенттин кезексиз жыйынын чакыруу жөнүндө бир катар депутаттардын сунушуна бүгүн Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы ушундай жооп кайтарды.
Өлкөдө эки аптадан бери пандемиядан өлүм-житим көбөйүп, дары-дармек жана дарыгер жетишпей, өкмөт кырдаалды жөндөй албай жатканына байланыштуу бир катар депутаттар парламентти чукул жыйынга чогулуп, түзүлгөн кырдаалды кароого чакырып жатышат. Парламент ушундай кыйын кырдаалда каникулга тарап кеткени үчүн ансыз деле коомчулукта сын жаап жаткан учур.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков чукул жыйынга чогулуу жөнүндө маселеге жакында эле Би-Би-Сиге сүйлөгөн сөзүндө дагы токтоло кеткен эле:
"Биз зарыл мыйзамдарды, чечимдерди кабыл алуу үчүн чогулганга даярбыз. Бирок аппараттагы бөлүм башчылары ооруп калды, ошол бөлүмдө иштеген кызматкерлердин көбү обсервацияда, үй карантинде жатышат. Азыр аларды чогултуп алып, жыйын өткөрөм десем, кайрадан ооруну күчөтөбүз. Депутаттарыбыздын дагы көбү ооруп калды".
Парламентти чукул жыйынга чогулууга чакырган сунуштар менен бир катар депутаттар, анын ичинде Наталья Никитенко жана Жанар Акаев төрага Дастан Жумабековго расмий кайрылуу менен чыгышкан. Жанар Акаев парламент чукул жыйынга чогулуп, азыркы кырдаалды талкуулап, шайлоо мөөнөтүн жылдыруу маселесин карашы керек деп билдирген.
Наталья Никитенко өкмөттүн пандемияга көрүлгөн даярдык жөнүндө отчету жалган болуп чыкканын, бүтүндөй тармактын даярдыгы жок экенин, өз убагында каржылоо болбогонун, кычкылтек концентраторлору, дары-дармектер жетишпей, мамлекеттик так координация болбой жатканын сынга алууда.
Кыргызстанда 14-июлга карата 421 жаңы учур катталды, алардын 94 медицина кызматкери. Республикалык штаб бир сутка ичинде эки бейтап коронавирустан, 45 киши пневмониядан көз жумганын кабарлады.
Кечиккен аракеттер
Соңку күндөрү оорудан көз жумгандар жөнүндө суук кабарлар кан майдандан келген кара кагаздар эле жайнап чыгып атат. Тез жардам жетпей, же ооруканада орун жок, орун болсо караган дарыгер жок деген нааразылык көп болууда. Ошол эле убакта эң керектүү дары-дармектер тартыш болуп, баасы асмандады.
Дарыгерлердин өздөрүнүн арасында инфекцияга чалдыгып, ооруп калгандары 1800дөн ашты. Ушундай шартта мамлекеттик органдардын чабал иш-аракетине, начар даярдыгына нааразылык эң чоң деңгээлге чыгып баратат. Коронавирус пандемиясы башталган февраль-март айларынан бери алганда төрт-беш айда даярдык иштери талаптагыдай болбогону, сырттан келген олчойгон жардамдын баш-аягы жок болуп жатканы катуу сынга алынууда.
"Шалаакылык"
Өкмөттүн иш-аракетиндеги шалаакылык жөнүндө ЖК төрагасы Дастан Жумабеков өзү да баса белгилеп жатат:
"Коопсуздук Кеңешинде президент Сооронбай Шариповичтен тапшырмалар болду. Мен өзүм да өкмөт тараптан кеткен кемчиликтерди айттым, анын ичинде Саламаттык сактоо министрлиги кетирген кемчиликтерди, шалаакылык болуп калган жерлерди көзгө сая айттык. Илдет бүткөндөн кийин дагы баарынын баасы берилет",-деди төрага.
Бир күн мурда президент Жээнбеков менен премьер-министр Боронов онлайн кеңешме өткөрүп, эпидемиологиялык кырдаалды талкуулаган. Дары-дармек менен дарыгерлердин жетишсиздиги жөнүндө көйгөйлөр тууралуу сөз болгон. Бирок алардын реалдуу иштерине караганда эми араң "дары-дармек менен камсыз болушубуз керек" деген сөздөрү оорудан жаны кейип турган адамдарды ого бетер беймаза кылууда.
Ошол себептүү, коомдук сайттарда пандемияга талаптагыдай даярдык көрбөй шалаакылык кылды деген негизде президентти, премьер-министрди, экс-премьерди жоопко тартуу жөнүндө талкуулар жүрүп жатат. Раушан Айткулова баштаган бир жарым миң киши кол койгон тийиштүү арызды Башкы прокуратура каттоого кабыл алганы бүгүн кабарланды. (КС)