You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Аймактарда керебеттер даярдалууда, бирок медкызматкер жок
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Президент Коопсуздук кеңешинин жыйынында облустар аралык жолдорду жабууну сунуштаган менен, андай чечим жок. Мисалы, Ысык-Көл облусунун расмийлери туризмге байланыштуу жолдор жабылбай турганын Би-Би-Сиге билдирди.
Ал тапта аймактарда эпидемиологиялык абал курчуп кетсе деп бейтаптарды кабыл алууга орундар даярдалып жатат. Бирок ага жабдык менен медкызматкерлер жок.
Коопсуздук кеңешинин 6-июлдагы жыйынында эпидемиологиялык кырдаал талкууланды.
Ал эми кеңешменин жыйынтыгынын орчундуулары булар:
-Өкмөткө медкызматкерлердин кошумча айлыгы менен кенемтелерин кечиктирбей төлөп берүү тапшырылды;
-Саламаттык сактоо мекемелеринде орундарды көбөйтүү;
-Кошумча түзүлгөн күндүзгү стационарды кеңейтүү;
-Дары-дармектерди сатып алууну тездетүү;
-Өлкө боюнча беткап кийип жүрүү чарасын иштеп чыгуу тапшырылды;
-Саламаттык сактоо министрлигине сырттан келген дарыларга, медициналык жабдыктарга лицензия берүүнү тездетүү;
-Реагенттердин 6 айлык корун түзүү;
-Мурда түзүлгөн медициналык персоналдын бүткүл резервин ишке тартуу;
-Бейтаптарга аралыктан маалымат берүү үчүн техникалык шартты камсыздоо;
-Күндүзгү стационарлар менен пневмония бейтаптарынын дарыланган жерлеринин онлайн картасын иштеп чыгуу тапшырылды.
-Жергиликтүү бийлик калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттендирилди.
Аймактардагы абал
Расмий булактардан облустар эпдемиологиялык абалдын ар кандай өрчүшүнө камданып жатканы кабарланууда.
Абал Бишкек менен Чүйдө курч деп айтылган менен, вирус дүйнөгө учкундай тез тараганын эске алуу керек.
Ош облусу боюнча Covid-19 тастыкталгандардын саны 579, Ош шаарынын өзүндө эле 856га жетти.
Облус боюнча күндүзгү стационарга 300 чамалуу орун, обсервация үчүн 1900 орун уюштурулду.
"Обсервация үчүн орундардын көбү вирустун очогу болуп калган Кара-Суу жана Ноокат райондорунда, Өзгөндө болчу. Бирок пневмония үчүн күндүзгү стационар өзүнчө даярдалып жатат. Күндүзгү стационардан ар райондо күнүнө беш-ондон киши жардам алып жатышат", - деди өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат катчысы Нуркыз Кадырбек кызы.
Бирок ал жаңы даярдалып жаткан жайларга медкызматкерлер жок экенин белгилеп, эл арасынан ыктыярчыларды, студенттерди тартып, аралыктан окутуу каралып жатканын кошумчалады.
Ысык-Көл облусунда ушу тапта коронавирус тастыкталгандардын саны 234кө жетти. Башында 8 сегиз учур сырттан келген болсо, азыр жергиликтүү жашоочулардын арасында тарап жатканын айткан өкмөттүн облустагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев эл арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын айтты.
Анын билдиришинче, бейтаптарды кабыл алуу үчүн жаңы 267 орун түзүлгөн.
"Азыр көбү бош. Обсервация үчүн ооруканаларда 645 орун бар болчу. Бүгүн өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Караколдогу күндүзгү стационардын абалы менен таанышып келди. Облус боюнча 738 күндүзгү стационар ачылып жатат. Андан сырткары пансионаттар, конок үйлөрү менен 1800 орунга алдын ала келишим бар, алардын көмөгү үчүн ыраазыбыз", - деди Кожоев.
Ысык-Көлдө 193 кычкылтек концентратору болсо, 34ү иштебейт. Бирок ар кандай уюмдар, жергиликтүүлөр сатып берүүдө.
Жасалма дем алдыруучу аппараттан 45 болсо, 13ү бузук. "Ысык-Көл өнүктүрүү фонду" суюк кычкылтек жабдыгы үчүн 14 млн сом бөлүүнү карап жатат, бул суммага жети даана орнотууга мүмкүн жана анын ар бири бир канча адамды камсыз кылат.
Мурдагы премьер-министр Темир Сариев өкмөт Кумтөр алтын кенин иштеткен "Центерра Голд инк" компаниясындагы активдерин алып Бишкек менен Ошто ири инфекциялык бейтапкана салыш керек дейт.
"Жүз реанимациялык оруну боло турган, бардык жабдыктары менен эки оорукана керек. Ар бир облуска жасалма дем алдыруучу аппараттарды, кычкылтек концентраторлорун, компьютердик томографияны берели. Томографияга азыр он күн кийинкиге жазылып, кезек күтүп жатышат. Дары-дармек жетишпей жатат. Чечим кабыл алалы", - деп Сариев бийлик бутактарына кайрылды.
Ошентип бардык аймактарда мектептердин же башка ар кандай мекемелердин имаратында керебеттер коюлууда. Бирок негизги маселе медициналык жабдыктар менен адистердин жоктугу.