You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Өз алдынча дарылануудан этият болгула": Бишкектеги дарыканаларда кымгуут абал
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Дарыгерлер жарандарды өз алдынча дарылануудан этият болууга чакырышууда. Антибиотик, гормон дарыларын колдонуу опурталдуу, эл азыр жапырт колдонуп аткан соданын да зыяны бар.
Бирок ооруканага жетпей, медициналык кеп-кеңеш алуу жеткиликсиз болуп жаткан шартта, элдин өзүн өзү дарылоодон башка аргасы жок болууда.
Бахар соңку күндөрү сыркоолоп, өз билгениндей дарыланып жаткан көп жарандардын бири.
"Ар ким ар кандай шартта өзүнчө эле дарыланып жатат. Вируска каршы деп ар кандай дарылар ичип жатышат. Мен да андай дарыларды алып алгам, бирок ичпедим. Жаш организм өзү күрөшөт деп отурам, эң негизгиси иммунитетти күчтөш керек экен. Андай болбойт дебей, туура кеңештер менен ролик даярдашса, аны улам кетирип турушса жакшы болмок".
Бишкекте даарыканаларда кымгуут абал өкүм сүрүп, вируска каршы жана антиботик препараттарын түшөрү менен талап кетип жатышат. Оорубаса да, дарыларды алдын ала запастап алып жаткандары да бар.
"Көпчүлүк аптекаларда антибиотиктер жоголду. Бүт баары эл өзүн өзү дарылап, эң күчтүү дарыларды алып атат. Пневмония десе эле ичип коелу дешет го. Бирок күз келет, дагы башка оорулар болот, көзөмөлү жок антибиотик колдоонун кесепети да бар. Эмне болсо да врачтын көзөмөлүндө болушу керек. Бирок күнөөнүн баарын жарандарга оодарып, өздөрүнө өздөрү кылып атат дегенден оолакмын. Анткени, өкмөт, штаб деген бар",- деди мурунку саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев.
Коронавируска каршы өкмөттүн маалыматтык саясаты чабал болуп, коомдук сайттарда адиси, адис эмеси да бул ооруга каршы туш келди кеңештерин берип, ага ынагандар көп болууда.
Алардын ичинен эң эле популярдуусу бул соданы кайнак сууга аралаштырып ичүү керек деген кеңеш болууда.
"Сооданы ичүүгө болбойт, ал органдардын бузулушуна алып келет. Соданы тамагыңыз же тишиңиз ооруганда гана колдонуп, ооз көңдөйүн чайкасаңыз болот. Башка максатта аны колдонуу зыян. Ушундай дүрбөлөңдө өзүнүздүн организмиңизге зыян келтирбегенге аракет кылыңыңыз",- дейт врач-хирург Эрмек Исмаилов.
Ал жана анын бир катар кесиптештери telegram "Врачи онлайн" баракчасын ачышып, аралыктан медициналык кеп-кеңеш берип жатышат. Каналдын катталуучулары бүгүнкү күнгө бир миллиондон ашты.
Бишкекте күн сайын жүздөгөн бейтаптар үчүн жаңы орундар даярдалып, бирок аларды тейлегенге медициналык кызматкерлер жетишпей жатышат.
Абалы оор болсо да, өз үйүндө калып, өлбөстүн чарасын көрүп жаткандары бар. Соңку күндөрү үй шартында өтө күчтүү дарыларды колдонуу практикасы жайылууда.
"Кээ бир дарылар бар, аны ооруканаларда гана врачтардын көзөмөлүндө пайдалануу керек. Татаал препараттарды үй шартында колдонууга такыр болбойт. Мисалы, дексаметазон тууралуу маалымат чыгары менен эл бул абдан корукунучтуу, химиялык аралашманы колдонуп баштады. Андан капельница алган ким болбосун, карысыбы-жашыбы абалы оорлошуп жатат. Азыр үйүндө каза тапкандардн көбү ушундай капельницалардын кесепетиненби деп коркуп жатам. Дексаметазон деген оор препарат, ал парацетомол, аспирин эмес жөн эле колдоно бергидей. Ал абдан күчтүү каражат, гормон",- деди далилдүү медицина боюнча эксперт Бермет Барктабасова.
Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги ар кандай чөптүн кайнатмасын ичип же өзү билгендей дарыланып реанимацияга түшүп калгандар болуп жаткандыгын билдирген.