Кыргызстанда 8 141 киши вируска кабылды, мурдагы спикер Турсунбеков пневмониядан көз жумду

Өлкөдө 7-июлга карата коронавируска чалдыккан 450 жаңы учур катталды. Алардын көбү Бишкек шаары (229) жана Чүй облусуна (84) туура келет.

Ал тапта бир сутка ичинде пневмониядан 29 бейтап каза тапты. Март айынан бери пневмониядан каза болгондордун жалпы саны 224 адам.

Бир күндүн ичинде 78 медицина кызматкери коронавирусту жуктурганы аныкталды. Жалпысынан өлкө боюнча 1225 дарыгер вирусту жуктурду.

Өлкөнүн премьер-министри Кубатбек Боронов дарыгерлер жана медайымдар ар бир бейтаптын өмүрүн сактап калууга бардык күч-аракетин жумшайт деп белгиледи.

Премьер-министр түзүлгөн кырдаалдын бирден бир себеби катары медициналык персоналдын жетишсиздигин атады.

"Борбордо 1202 атайы билимдүү дарыгер бар. Учурда болжол менен 300 врач ооруп жатат. Калган дарыгерлер иште болуусу керек. Бирок иш жүзүндө медициналык мекемелерде врачтар жетишпей жатат. Бардык врачтарды жана медайымдарды ишке кошулууга чакырам. Жарандар сиздердин жардамыңыздарга муктаж болууда. Силерсиз биз пандемияны жеңип, адам өмүрүн сактап кала албайбыз",- деди премьер-министр.

Экс-спикер Чыныбай Турсунбеков көз жумду

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы спикер Чыныбай Турсунбеков 6-июлда түндө пневмониядан көз жумду. Саясатчы жана ишкердин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Бишкектеги Улуттук госпиталда дарыланып жаткан болчу. Акыркы күндөрдө анын абалы оор экени кабарланып, жасалма дем алдыруучу аппараттын жардамы менен дем алып жаткан.

Чыныбай Турсунбеков 2010-жылдан тарта Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин V, VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган. КСДП парламенттик фракциясынын лидери эле. 2016-жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы болуп шайланган. Артында жубайы жана 3 баласы калды.

Турсунбековдун сыйлыктары:

  • 1999-жылы "Жылдын мыкты бизнесмени" наамын жеңип алган;
  • 2000-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган;
  • 2003-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы боюнча экономиканы өнүктүрүүгө өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн "Даңк" медалы менен сыйланган.