You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Саламаттык сактоо министрлиги: вируска каршы дарылар жардам бербейт
Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирусту башталышында дарылоо боюнча жапырт кеңеш берди. Оорунун белгилери пайда болгон алгачкы беш күндө активдүү дарыланып, дене тапты түшүрүп, ар кандай дарыларды алуу организмди алсыз кылары айтылды.
Адамдын температурасы 38,5 градуска чейин болсо көп суу ичүү гана керек экени белгиленди. Андан ашканда гана парацетомол, ибупрофен өңдүү дарыларды ичүү керек.
"Дене тап көтөрүлүп, кургак жөтөл, алсыроо пайда болуп оору жаңыдан башталып жатканда адамдар коркуп, активдүү дарыланып жатышат. Бул өтө кооптуу. Организмге козгоочу нерсе киргенде ал коргоно баштайт, ошондуктан дене тап көтөрүлөт. Аны түшүрө бергенде организмдин коргоочу күчү азайып, вирустун тереңдешине жол ачат", - деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы инфекционисти Айнура Кутманова.
Адистин айтымында, эч бир вируска каршы дарынын таасири далилденген жок.
"Ошондуктан биздин клиникалык жободо вируска каршы дарылар жок. Анткени анын таасири эч бир өлкөдө далилденген жок. Оорунун башында симптомдорго жараша гана дарылаш керек", - деди Кутманова.
Башкы инфекицонист ошондой эле ооруган адам жатпай, басыш керектигин, кыймыл зарылдыгын кошумчалады.
Адамдын абалы мындан оор болгондо дарыгердин жазып берген дарылоосун, анын көзөмөлүндө колдонуш керек.
Кыргызстанда үчүнчү клиникалык жобо 18-июнда чыгып, акыркы жолу 3-июлда толукталган. Ал оорунун башталышында көрүлчү чаралар тууралуу.
Пневмония коронавирус деп эсептелет
Министрлик пневмония коронавирус экенин жарыялады. 17-июлдан тарта пневмония жана тастыкталган коронавирус тууралуу статистикалык маалыматтар бөлүнбөйт. Лабораторияда тастыкталганы U07.1 - COVID-19, ал эми лабораторияда тастыкталбай клиникалык белгилерине жараша аныкталганы U07.2 - COVID-19 деп аталат.
Акыркы суткада өлкө боюнча 603 кишиден U07.1 табылды. Ал эми 1051 адам U07.2 менен ооруганы аныкталды, алардын жалпы саны 10682.
Акыркы суткадагы жоготуу 83, эпидемия башталгандан бери 785 киши кайтыш болду.