Ковид-19: Ламалар иммунотерапиянын сырын ачты

    • Author, Виктория Жил
    • Role, Би-Би-Синин илим боюнча кабарчысы

Рединг шаарынын талааларында байырлаган Фифи аттуу лама оттоп жүрсө дагы окумуштууларга коронавирусту дарылоо үчүн иммунотерпиянын сырын ачты.

Британиянын Rosalind Franklin институтунун окумуштуулары Фифи сыяктуу ламаларды пайдаланып, иммунитетти чыңдаган антителаларды иштеп чыгышты.

Эми коронавирус менен күрөшкөн антителалар бир айдан кийин клиникалык сыноодон өтөт.

Жаңы ыкма ламалардын антителаларын "атайын өзгөртүп", коронавируска каршы колдонот. Адамдын иммундук системасы иштеп чыккан антителаларга караганда, ламалардыкы жөнөкөй болот. Жаныбардын антителаларынын түзүлүшү жана көлөмү бир топ жөнөкөй болгондуктан, аны лабораторияда өзгөртүү кыйла жеңил.

Коронавирустун сырын ачуу

Rosalind Franklin институтунун директору, профессор Жэймс Франклин изилдөөнүн башкы окумуштууларынын бири. Ал жаңы ыкмага "коронавирустун кулпусуна дал келгендей ачкычты жасап чыгуу" деген түшүндүрмө берди.

"Ламанын антителаларын алсак, бул ачкыч кулпуга дал келбей калат. Ошондуктан молекулалык биологияны колдонуп, ачкычтын тиштерин өгөлөп чыгышыбыз керек. Ошондо гана ал коронавирустун кулпусуна дал келет",-дейт ал.

Антителаларды ийкемдүү иммундук система деп атасак болот. Молекулалар вирус же бактерияны байкаса, аны менен дароо күрөшө баштайт.

"Эгерде вируска кабылып калсаңыз, иммундук система антителаларды колдонуп, вирусту жок кыла баштайт",-дейт изилдөөгө катышкан профессор Нэйсмит.

Учурда коронавирустан сакайган адамдын канындагы антителалардын коронавирус менен натыйжалуу күрөшкөнү жөнүндө далилдер бар. Бирок жаңы ыкмасы вирус менен күрөшкөн антителаларды лабораторияда тез көбөйтүп, буюртмага жараша жасап турууга мүмкүнчүлүк берет.

Ламалардын атайын жасалган антителаларын нанотело деп дагы аташууда.

"Лабораторияда вирус менен натыйжалуу күрөшкөн нанотелаларды тез эле даярдап коебуз. Алар вирус менен абдан натыйжалуу күрөшөт",-дейт профессор Нэйсмит.

Изилдөөнүн эмдиги баскычында жаңы ыкманы жайында алгач жаныбарларда текшерип, кышында болсо окумуштуулар клиникалык сыноолорду баштамакчы.