Улут аралык ынтымактын тиреги - тил менен маданият

- Author, Айбек Абдылдаев
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
Кыргызстан мындан он жыл мурунку июнь коогалаңын эскерүүдө. Ош жана Жалал-Абад аймагында болгон улут аралык жаңжалда жүздөгөн үйлөр өрттөлүп, ондогон өмүрлөр кыйылды. Он жыл ичинде эмне өзгөрдү? Жаатташкан тараптарды элдештирүү, таарынычтарды аттап өтүп, ынтымакташуу жаатында жүргөн иштер натыйжасын бердиби?
Бул суроону Кыргыз Республикасынын эл артисти, Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Бактияр Тухтаматов жана жазуучу Зинакан Пасаңовага жолдодук.
З. Пасаңова: Ошол окуялардан кийин эле Ош шаарында эл бири-бирин аео, этияттык менен мамиле кылып баштаганы байкалды. Бул улам бекемделип олтуруп, кырдаал турукташты деп айта алам. Эл түшүндү, шаарда аралаш мектептер пайда болуп жатат. Мунун өзү көп нереседен кабар берет.

Сүрөттүн булагы, Social media
Б.Тухтаматов: Зинакан туура белгилеп жатат. Мен эң негизиги маселе катары элде бири-бирине кайтып келген ишенимди айткым келет. Ушуну баса белгилегим келет. Себеби, биз бир жерде жашайбыз, өзбектер Өзбекстанга көчүп кетпейт, кыргыз туугандарбыз башка жерге кетпейт. Биз бир жерде жашай турган элбиз. Ушуну убактысында түшүндүк. Бири-бирибизге жөлөк-таяк болуп, ушуга жетүүгө умтулдук. Биз депутат катары дагы ошол кезде "Улуттар биримдиги" партиясы менен элдердин досутугун, ынтымагын, ишеничин чыңдоого катуу аракет кылганбыз. Бир шаарда, бир мамлекетте жашасак, мына ушуну эл түшүнүшү керек экен. Аны мажбурлоо, коркутуу аркылуу түшүндүрө албайсың. Мына ушуну эл өз маалында түшүндү.

Сүрөттүн булагы, Social media
Би-Би-Си: Июнь коогалаңынан кийин ишенбеген, чочулаган көз караштар көпкө чейин сакталып турду. Ачык айтканда, таарынычтар ичте кала берген. Андан бери ынтымакты чыңдоо, келечегинде андайга жол бербөө сыяктуу максаттар менен бир катар мамлекеттик, эл аралык долбоорлор иштебедиби. Бирок сиздерден бул тууралуу эмес, башка жөнүндө сурагым келип жатат. Элдер бири-бирин маданияты, адабияты аркылуу жакшыраак тааныйт эмеспи. Ушул жаатта эмне иштер жүрдү?
З.Пасаңова: Ош шаарындагы чыгармачыл кишилердин байланышы жакшы. Ошто Малика деген акын эжебиз бар. Ал киши кыргыз акындарынын ырларынын көбүн өзбек тилине которду. Ошол эле өзбек тилиндеги жакшы ырларды кыргызчага оодаргандар көп. Коогалаң маалында деле чыгармачыл чөйрөдө бири-бирине арка-жөлөк болгондор болду. Өзбекстан менен чек ара ачылгандан кийинки байланыштарды тууралуу дагы айта кетейин. Чек ара көп жыл жабык турганда биз көп адабий жаңылыктардан артта калыптырбыз. Азыр Өзбекстандагы акын-жазуучулар менен байланыштар түзүлүп жатат. Биз өткөн жылдары эле Ферганага барып келдик. Өзбекстанда Чыңгыз Айтматовдун бардык чыгармасы которулуп, бир нече ирет, көп нускада басылып чыкканын угуп, аябай сыймыктанып келдим. Улут аралык мамиледе адабияттын дагы ролу чоң. Бирок бир маселени белгилегим келет, бизде "Кыргыз-өзбек" сөздүгү жок экен. Ушул дагы керек деп ойлойм, кээде китеп окуп олтуруп кайсыл бир сөздү издеп калсаң, сөздүк таппайсың. Ушуга көңүл бурушубуз керек. Анткени тил үйрөнөм дегендер үчүн сөздүк өтө маанилүү.

Сүрөттүн булагы, Social media
Б.Тухтаматов: Элдик дипломатия дейбиз, маданият кызматкерлеринин колунан көп жумуш келет. Бирок бизге мамлекет жетекчилери азыраак көңүл бурат. Элди бириктирүү, ынтымакташтыруу, бири-бирине таанытууда ушундан өткөн жол жок. Мисал катары айтам, биз ошол июнь коогалаңынын алдында таланттуу актрисабыз, Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматованы сурандым, биздин Бабур атындагы Ош драма театрына келиңиз, Султан Раевдин "Ханышанын көз жашы" спектаклин коелу дедим. Сиз Курманжан датканы кыргызча ойноңуз, биздин театр өнөрпөздөрү өзбекче ойносун, биз элге жеткирели, тилибизде, дилибизде түшүнбөй турган нерсе жок, баарын эле тушүндүрсөк болот дедим. Жамал Сейдакматова макул болуп, келип берди. Ошол майдан июндун башына чейин Ошто, Жалал-Абадда, Бишкекке чейин барып койдук. Абдан чоң натыйжа берди деп айта алам. Андан бир топ жылдан кийин Султан Раевдин "Барсбек" спектаклин сахнага алып чыктык. Бул кыргыздын тарыхы чагылдырылган чыгарма. Биздин негизги көрөрман бул өзбектер. Булар кыргыздын кандай тарыхы бар, кандай бай маданияты ээ экенин билиши керек. Ошону саханада тетар аркылуу көрсөттүк. Ушундай жол менен эки элдин ортосундагы түшүнбөстүктөрдү жоюп, тосмону жарсак, ошого аракет кылсак, көп нерсе колубуздан келет деп ойлойм.

Сүрөттүн булагы, BBC
Би-Би-Си: Июнь коолгаңынан кийин Оштогу өзбек мектептеринде кыргыз класстар ачыла баштаган. Ошол азыр кандай иштеп жатат? Мамлекеттик тилди үйрөнүп, ошол аркылуу жогорку билим алууга жол ачыларын, мамлекеттик кызматка барууга болору жөнүндө түшүнүк канчалык жеткиликтүү болуп жатат?
Б.Тухтаматов: Абдан жакшы суроо болду. Тил үйрөнүү чоң байлык да. Өзгөчө өзүң жашап жаткан өлкөдөгү мамлекеттик тилде сүйлөө шарт. Балдарыбыз кыргызча эркин сүйлөйт, "Манас" айткандар бар. Кыргыз мектепке тапшырып, институт, жогорку окуу жайларда окуган өзбек улан-кыздар көп. Бул өзбек эли үчүн чоң кадам деп эсептейм. Муну биз дагы да улантабыз. Тил, маданият аркылуу гана интеграция кылууга болот. Кишилерди камчылап, сен муну үйрөн, тигини жаса деген менен иш бүтпөйт. Тил, маданият аркылуу гана байланыштарды бекемдесек, эл бири-бирин тааныйт, түшүнөт. Мындан кийинки жашоо улам жакшыра берет. Андан кийин маданиятты өнүктүрүүгө дагы жакшы стимул болмокчу.
Би-Би-Си: Күчкө салбай эле, элди жуурулуштуруп, ынтымакташтыруунун жолдору бар экенин бир катар мисалдар менен бышыктап айтып жатасыздар. Мындан кийинки ушул жааттагы иштер кандай жүрүшү керек?
З.Пасаңова: Ош шаарында илгертен кыргыз-өзбек калкы обочолонуп, өзүнчө бөлүнүп жашап калышкан экен. Мисалы, кээ бир өзбектер жыш жашаган райондордо айрым жаштар шаардын борбордук бөлүгүнө түшкөндөн коркушат деп айтышат. Анткени кас кишилер "сабап салат" деген ар кандай чагымчыл кептерди таратып, коркута берип, жаштарды обочолонтуп салышкан. Мен өзүм кыргыз-өзбеги аралаш жашаган кварталдамын. Мамиле такыр башка, канча жыл чогуу жашап, бири-бирибизге зыяныбыз жок экен, жакшы билебиз. Балдар чогуу ойнойт. Демек, бири-бирин түшүнүү чоң мааниге ээ. Ошондуктан обочолонуп жашаганды жоюш керек. Кийин шаарга жаңы райондор түшөбү, шаарды кеңейтүү паланы болобу, ушуну эске алуу керек.

Сүрөттүн булагы, Empics
Б.Тухтаматов: Мен Оштогу Бабур атындагы өзбек академиялык музыкалык театрында 27 жыл директор болуп иштедим. Кыргыздын эң улуу чыгармаларын, мисалы, "Манастын уулу Семетей", "Курманжан датка", "Барсбек" жана башка улуу дастандарды театрлаштырып, бул спектаклди Өзбекстанда дагы көрсөтүп келдик. Алар спектакль аркылуу Манасты, Семетейди, Сейтекти, Курманжан датканы тааныды. Кыргыз-өзбек элин бири-бирине интеграция кылууга мамлекетибиз бир аз жардам берсе, анан муну саясатка аралаштырбасак. Өлкө жетекчилери тарабынан бир аз көмөк болсо, коңшу элдер менен бири-биринин чыгармаларын которуп, театрлаштырып, бири-бири менен камыр-жумур болуп жакшы жашай берет. 2000-жылдардын орто ченинде "Театр өнөрү аркылуу бири-бирин таануу" аталышындагы фестиваль уюштурдук. Жети мамлекеттен жүз кырктай киши катышты. Ушундай маданий иш-чараларды көп-көп уюштурсак, баарыбыз үчүн жакшы болот. Мисалы, акыркы жылдары Тажикстан менен мындай маданий иш-чаралар уюштурулбай калды, ал жакта биздин жакшы досторубуз бар. Алар менен алака-катышты жандантышыбыз зарыл. Тажикстан менен элдик дипломатияны орнотушубуз керек. Ошондо коңшу өлкөлөр үчүн чоң утуш болот. Бирок мындай аракеттер солгун болуп жатат. Өзбекстанда төрт жылдан бери саясат өзгөрдү, биздин өлкө менен Өзбекстандын мамилеси абдан жакшы болуп калды. Акын-жазуучулар барып жатат, ырчылар, тетар өнөрпөздөрү барып жатат. Мына ушундай саясатты Тажикстан, Казакстан менен жакшыртышыбыз керек. Маданият ишмерлери элге жакын. Алардын вазыйпасы ушул жакта. Шайлоого иштетпей, андан көрө ушул жаатта пайдаланса жакшы болот.










