Карантиндеги Борбор Азиянын эң байыркы шаары. ФОТО

Ош - өзгөчө абал киргизилген аймактардын бири, Кыргызстандын экинчи ири шаары.

osh

Сүрөттүн булагы, Akzhol aibashev

Шаардын жашоосу көбүнчө соода-сатык менен. Бир айдан бери шаардын турмушу түп тамырынан өзгөргөндөй болду. Улуу Жибек жолунун тоомундагы Борбор Азиядагы эң байыркы шаарда кайнаган базар, көчөдөгү ызы-чуу, автоунаа тыгындары кан буугандай токтоду.

osh

Сүрөттүн булагы, Akzhol aibashev

osh

Сүрөттүн булагы, Akzhol aibashev

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эң көп автотыгын жаралган көчөлөрдүн бири - А. Навои көчөсү

"Оштогу борбордук базарда жууп-тазалоочу каражаттарды сатабыз. Бир айдан ашты го, жумушка чыкпай калганбыз. Азыр эми эптеп эл катары турмуш өтүп жатат. Мындай абал канчага уланат, тиричилигибиз эмне болот деп санаа тартым жатам. Баламдын окуусуна акча төгүшүбүз керек эле. Товарлардын көбүн насыя алып эле сатып берчүбүз. Ошонун баары үйүлүп жатат. Качан эл базарга чыгып, качан соода жанданат? Ошону биле албай санаа тартып жатам",-деп айтып берди Оштун тургуну Гулмира.

Ушундай эле мүшкүл бир тобунун көңүлүн өйүп турганы белгилүү.

"Вирус тууралуу толгон-токой маалыматтар чыкты. Бир алдын кооптонуп, корктук эле. Эми болсо улам күн өткөн сайын турмушту ойлоп кабатыр болот экен киши",-дейт такси кызматында иштеген тургундардын бири.

osh

Сүрөттүн булагы, Akzhol aibashev

2009-жылы Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине катталаган. Быйыл тоого жылдагыдай туристтердин келиши күмөн

Сүрөттүн булагы, Akzhol aibashev

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2009-жылы Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине катталаган. Быйыл тоого жылдагыдай туристтердин келиши күмөн

Кыргызстан коронавирустун жайылышына жол бербөө максаты менен 22-мартта бүт өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жарыялаган эле. Көп өтпөй 15-апрелге чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизген.

Шаардагы ишин мурдакыдай эле улантып жаткан кызматтардын бири - Өрт өчүрүү кызматы

Сүрөттүн булагы, Akzhol aibashev

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шаардагы ишин мурдакыдай эле улантып жаткан кызматтардын бири - Өрт өчүрүү кызматы
Үйлөргө, коомдук жайларга дезинфекция кылып жатышат

Сүрөттүн булагы, Akzhol aibashev

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Үйлөргө, коомдук жайларга дезинфекция кылып жатышат

"Тазалыктын" түйшүгү бир аз жеңилдеген сыяктуу. Анткени күндө көрүнгөн жерге таштанды ыргыткан кишилердин аягы тыйылган.

osh

Сүрөттүн булагы, Akzhol aibashev

osh

Сүрөттүн булагы, Akzhol aibashev

Ош шаары коронавирустун жайылышына жол бербөө максаты менен биринчилерден болуп чектөө чараларын киргизген эле. Андан соң өзгөчө абал киргизилип, мындай чара 10-майга чейин узартылды. Коронавирус катталгандардын саны Ош шаарында жүздөн ашты.

osh

Сүрөттүн булагы, Akzhol aibashev

*