You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Ишкерлердин убайымы: Кыргызстанда бизнес оор абалга кабылды
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Коронавирустан экономика, бизнес жабыркады деген менен жоготуулар боюнча жалпы статистика азырынча жок. JIA бизнес ассоциациясынын сурамжылоосуна ылайык, бизнестин 70-80 пайызы жабылып калуу коркунучунда.
Өкмөт экинчи антикризистик программасы менен бизнеске жеңилдетилген насыяларды берет. Мындай колдоо ишкерлер үчүн өтө зарыл болуп турат. Бирок кимдерге кандай жол менен берилет?
Экономика менен бизнестин көйгөйлөрүн президент 11-майда айрым бизнес биримдиктеринин башчылары менен талкуулады.
JIA бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Пакыровдун айтымында, Кыргызстан товарлардын басымдуусун импорттогон Кытай, Түркия, Орусия, Казакстан мамлекеттериндеги чектөөлөрдөн, доллар кымбаттагандыктан бизнес олуттуу кыйынчылыкка учурады. Мисалы, текстиль тармагы сырьёну доллар менен алып Орусияга, Казакстанга ички валюта менен сатканда жоготуулар чоң болорун кошумчалады. Биримдик президент менен жолугушууда ишкерлерге насыя берүүнү жеңилдетүү маселесин көтөргөн.
"Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун уставдык капиталында беш жылдан бери иштетилбей турган 250 миң доллардын тегерегиндеги каражатты ишкерлерге жеңилдетилген жол менен берүү маселесин койдук. Өкмөттүн антикризистик прграммасын орто жана чакан бизнеске жеткирүүдө коомчулук активдүү катышып, акчаларды максаттуу колдонуу тууралуу сунуш айтылды", - деди Пакыров Би-Би-Сиге.
JIA ошондой эле салык каникулдарын узартуу, дүйнөдөгү тенденцияларга ылайык ишкерликке багыт берип туруу маселелерин көтөрдү.
Агрардык өндүрүш комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын башчысы Темирбек Ажикулов азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу сунуш бергенин билдирди.
Ал бизнестин өкүлдөрү жыйында ишкерлердин болжолдуу 80 пайызы кызматкерлерин кетирүүгө аргасыз болгонун айтышты деди. JIA бизнес ассоциациясынын 1100 ишкер катышкан сурамжылоосуна ылайык, 70-80 пайызы бизнеси дээрлик жабылып калганын белгилешкен.
"Бизге бул оор кырдаал жергиликтүү өндүрүшчүлөр өтө керек экенин көрсөттү дедим. Ал үчүн өндүрүшчүлөрдү атайын колдоо стратегиясы болуш керек, жеңилдетилген жол менен каржылаш керек деген сунуштарды келтирдим. Андан сырткары тыштан кирип жаткан аткезчиликти ооздуктоо маселесин койдук", - деп кошумчалады Ажикулов.
Аталган жолугушууга Кыргызстандын бизнес акыйкатчысы Робин Орд-Смит да катышып, эпидемияга каршы күрөш үчүн түзүлгөн штабда бизнестин эркиндигин жана кызыкчылыгын коргоо милдети эч кимге берилбегенин белгиледи. Ал ошондой эле экономикалык өтө оор абал түзүлгөндүктөн мамлекет кескин чара көрүп, адаттан тыш ой жүгүртүп, социалдык төлөмдөрдү кыскартыш керектигин айтты.
"Көпчүлүк санариптешүүгө өтүү жана өкмөт менен бизнестин байланышын түзүүнү белгилешти. Бул пикирлердин көбүнө мен да кошулам. Түзүлгөн татаал кырдаалда жумушка чыгуу үчүн ишкерлер учурап жаткан кыйынчылыктарга айрыкча тынчсыздануумду билдирдим. Ишкерлер жумуш ордун камсыз кылган жана экономикага салым кошо турган ишканаларын кайра жандандыруу менен алек болгондун ордуна документтерге, уруксат алууга убактысын коротуп жатышат. Бул экономиканы тез жолго салууга алып келбейт. Андыктан мен тиешелүү органдарды жумушуна уруксат берилген ишкерлер болушунча бюрократиялык тоскоолдуктарсыз ишин баштап кетишине шарт түзүүгө чакырам", - деди Би-Би-Сиге Орд-Смит.
Жеңилдетилген насыя чыныгы муктаж ишкерге жетеби?
Мындан сырткары бизнес өкүлдөрү президент менен ишкерликке берилчү кредитти талкуулашкан.
Ажикулов кредит 4 пайыз менен берилсе, бул чынында төмөн үстөк экенин, бизнес үчүн жакшы жардам болоорун белгиледи.
Бирок ал кредитти муктаж ишкерге жеткирүү боюнча азырынча толук документ көрө электигин кошумчалады.
"Акчаны кантип беришет, кандай жол менен кимге таратышат деген жол-жоболору тилекке каршы так жазылып чыга элек. Мен бизнеске дайыма берилгендей, "Айыл банк", "РСК банк"аркылуу берилет деп ойлойм. Бул насыя болгондуктан, ишкерлерге насыя берүүдө демейде кандай талаптар коюлса, ошондой талаптарды коюшу мүмкүн. Мисалы, күрөөңдү алып кел, документ чогултуп кел, расмий жүргүзүлгөн эсебиң болсун дейт. Бул эми нормалдуу нерсе. Ким талапка жооп берет деген суроо болот. Албетте, биз такыр эле бекер акча күткөн эмеспиз", - деди Ажикулов Би-Би-Сиге.
Насыянын шарттары
Жеңилдетилген насыя жалпылаганда, өндүрүшкө, кайра иштетүүчү жана азык-түлүк багытына, жумушун медициналык каражат чыгарууга өзгөрткөн ишканаларга берилет.
Ал 4-8% менен, 3, 5, 7 жылга берилет. Бир жылдан бир жарым жылга чейин жеңилдетилген мөөнөт каралат.
Өкмөттөн айтылган маалыматка ылайык, адегенде антикризистик фонд түзүлөт. Жеңилдетилген насыя ишкерлерге ошол фонддун эсебинен таратылат.
Баштапты баскычта берилчү каражаттын суммасы 14 млрд сом.
"Ал эми 2020-2021-жылдар ичинде жалпы антикризистик фонд аркылуу бул программага 40 млрд сомдон кем эмес каражат бөлүнөт деген пландар бар. Ага ички жана сырткы булактар изделип, аныкталып жатат. Ички булактардын бири - мамлекттик бюджектти кайра карап, чыгашаларды кыскартабыз. Адан бошогон каражатты ишкерлерди колдоого жумшамакчыбыз", - деген вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.
Ички булактардын бири катары - көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууну көздөп жатышат. Кумтөрдөн мурда түшүп келген бюджеттеги каражаттар да ишкерликти колдоого сарпталат. Өкмөт бизнеске берилчү насыяны тышкы донорлордон жана ЕАЭБдин "Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду" өңдүү институттарынан да алмакчы.
"KFW жана Европа инвестициялык банкы менен сүйлөшүүлөр бүтүп, макулдашуулар болду. Бул эки өнөктөштөн биз жалпы суммасы 50 млн доллардан ашык каражат алууну пландап жатабыз. Башка донорлордон да каражат тартабыз", - деген Асрандиев.
Мамлекеттик "Кепилдик фондунун" акчасына 1 млрд долларга көбөйтүшмөкчү. Аталган фонд орто жана чакан бизнестин кредитине күрөө жагынан жардам берчү мекеме.
Улуттук статистикалык комитеттин 2018-жылдагы маалыматына ылайык, Кыргызстанда 14 миң 500дөн ашык чакан, 770 чамалуу орто ишкана бар. 400 миң чамалуу жеке кишкер жана 430 миңден ашык фермердик чарбалар иштейт.
Ошол эле жылдагы статистикага ылайык өлкөдө жумушсуздуктун саны 6,2 пайыз эле. Экономика министрлиги быйыл ал 8 пайызга жетет деп божомолдоп жатат. Эмгекке жарамдуу калктын саны 2,5 млн кишиден ашыгыраак.