Covid-19: жаңы учурлардын көбү Бишкекте

Бишкек

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо расмийлери 17-апрелге карата өлкөдө Covid-19 инфекциясын жуктуруп алган 23 жаңы учур катталганын кабаралады. Алардын көбү Бишкекте - 14 киши.

Ал эми төртөө Ош облусунда, экөө Ош шаары менен Ысык-Көл облусунда. Чүй аймагында бир учур катталды.

"Бир сутка ичинде жалпысынан 23 бейтап айыгып ооруканадан чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 114 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды",-деп айтылат расмий маалыматта.

Кечээ күнү коронавирус эң көп катталган - Нарын облусу болгон. Кечээги жалпы он жети жаңы учурдун он бири ушул чөлкөмгө таандык деп көрсөтүлгөн. Кыргызстанда сандар кескин секирик жасап кетпегени менен күн сайын жаңы учурлар катталууда. Масштабдуу тест өткөрүүгө өкмөттүн колу жете элек.

Кыргызстанда жалпысы болуп аныкталган Covid-19 инфекциясы 489га жетти. Эң көбү өлкөнүн аймагы чоң жана калкынын саны көп Ош облусуна таандык - 135. Бишкек шаарында болсо жалпы 102ге жетти. Жалал-Абад облусунда - 93, Ош шаарында - 73, Нарында - 45, Чүй аймагында - 28, Ысык-Көл облусунда - 8, Баткенде 5 учур катталган.

Ал ортодо медицина кызматкерлери арасында вирустун жайылышы күчөп барууда. "Бир сутка ичинде 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында - 116 учур катталды",-деп ырастады Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Апта башында Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө коронавирустун эң жогорку чеги 20-24-апрелде болушу мүмкүн деп күтүлүп жатканын билдирген эле. (AbA)