You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Чек арадагы кыргыздар: ара жолдо ачка калдык, алып кеткиле
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Карантинге байланыштуу чет өлкөдөн Кыргызстанга келүү үчүн өкмөткө кайрылгандардын саны 4400гө чукул. Орус-казак чек арасында бир айдан бери көчөдө калган кыргызстандыктар "жашыл коридор" ачып тезинен алып кетүүнү өтүнүшүүдө.
Айрымдары "өкмөт өкүлдөрү элчиликтер аркылуу жардам берип жатабыз" деп жалган сүйлөдү деген кайрылуу жасашты.
Бир айдан бери жолдо түнөп жатышат
Орусиянын Оренбург облусунун Казакстан менен чектеш Соль-Илецк шаарына 16-мартта 100дөн ашык кыргызстандык келип, өтө албай калды. Казакстан ошол күнү чек араларын жапты. Алар автоунаа аркылуу Орусиянын ар тарабынан келе жаткандар.
Бир ай бою чек аранын ачылышын күтүп ошол жерде турушту. Бирок 15-апрелде Казакстан өзгөчө абал режимин 30-апрелге чейин узартып койду.
Жакын жайгашкан Оренбург шаарынын тургуну Таалайбек Курманбеков 16-мартта жарым жартылайы чыгып кетишкенин Би-Би-Сиге билдирди.
"Бүгүнкүгө чейн 140 чакты адам бар болчу. Эртең менен "Маштакова" чек ара бекети аркылуу өткөндөрү болуптур. Калгандары калды. Үй-бүлөлөр, аялдар жана балдар бар. Өкмөт чечим кылып, коридор ачып берсе деп эле үмүт кылып жатышат. Оренбург шаарынын өзүндө 18 жаран бар, азыр кабар алып келатабыз. Бүгүн аларга дагы тогуз киши келип кошулат экен", - деди 20 жылдан бери Оренбургда жашаган Курманбеков.
Айтымында, элчиликтен жарандардын тамак-ашына каражат берилген. Бир айдан бери ал түгөндү, дагы азык-түлүктөн жардамга муктаж болуп жатышат деди.
Соль-Илецкиде машинада жашап жаткан Тынчтык элчилик бөлүп бөлүп акча бергенин, ал ошончо кишинин үч күндүк тамагына жеткенин Би-Би-Сиге айтып берди.
Ал өкмөт жатакана менен камсыз кылдык деген маалымат жалган, унааларда, үй-бүлөлүүлөр бир кафеде жашап жатышат деди.
"Бирөөлөрдүн төрт жаштагы, алты жаштагы балдары бар. Кафеде муздак, сыз жерде жатышууда. Күн суук, дагы жамгыр жаайт деп жатат. Тамак-ашка акчаларыбыз калбады. Айрымдары телефондорун күрөөгө коюп, тамак алып жеп жатышат. Элчиликтен бир жолу 20 миңден ашык, бир жолу 60 миңден ашык акча беришти, рахмат. Бирок 100дөн ашык кишиге бат эле түгөнүп калат экен", - деди Тынчтык.
Анын айтымында, Өзбекстан өз жарандарын унаалары менен кошо поездге жүктөп коридор ачып алып кеткен. Тажикстандын унаалары өтүп жатканына дп күбө болуп жатышат.
"Бизге Казакстандын чек арачылары кыргыз тараптан эч кандай арыз түшпөгөнүн айтышты. Транзит үчүн мөөнөтүбүз да бүтүп калгандыктан артка да кайта албайбыз. Акча берип көрөлү десек азыр акчабыз да калбады. Суук, сыз болгондуктан арабыздан бирөө ооруп калды. Бейтапканада эки күн кармашып, чыгарып жиберди. Ижарага берилчү батирлер кооптонуп бизди киргизбей жатышат", - деп сөзүн улады маектешибиз.
Түркиядагы кыргыздар
Видео аркылуу кайрылган "Стамбулдамын" деген жаран сиңдиси экөө эки баласы менен жумушу жок, "батир акысын да төлөй албай калышканын" айтткан.
"Бизди бийлик уккан жок. Бизге консулдук жардам берип жатат деген маалымат жетти. Бирок бул калп. Консулдук иштеген жок. Айрым жарандар Кыргызстанга кете албай жатышат, кээ бирлери көчөдө калышты", - деген видеодогу айым.
Ушундай эле тараган дагы бир видеодо атын айтпаган мырза Стамбулга башка жактан транзиттик каттам менен келатып, 19-марттан бери ушул шаарда калып кеткенин айтууда. Ал аба майданда беш күн жаткандан кийин, жанындагы кишилер менен кошо көчөдө калганын билдирет.
"Ошондо биз "Замандаштын" балдары менен сүйлөшүп, алар бизге убактылуу баш калкалаганга жай таап беришти. Ушул жерде суубузду ичип жатабыз. Интернетте өкмөт кыйратып жардам бердик, азык-түлүк менен, акча менен жардам кылдык дептир, мунун бири да туура эмес", - деген жаран президентке, өкмөткө жана парламентке кайрылган.
Бул видеолорду "Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов таратты.
Ал "Фейсбуктагы" баракчасында мигранттар оор абалда экенин айтып, өкмөт отставкага кетишин талап кылды.
Бирок мындай курч кырдаалды саясатчылар алдыдагы парламенттик шайлоо үчүн колдонбой койбойт дегендер да бар.
Өкмөттүн жарыбаган аракети
15-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөт жарандарды алып келүү боюнча жетиштүү жумуш жасаган жок деген токтом кабыл алып, бул ишти аткарууга бир апта убакыт чектеди.
Бирок биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов кыска убакытта муну жасоо мүмкүн эместигин айтты.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 16-апрелде апрель, май айыларында чет жердеги 2000 кыргызстандык алып келинерин билдирди. Ал Новосибирсктеги жарандарды алып келүү үчүн сүйлөшүүлөр жүргөнүн кошумчалады.
Бул жердеги жарандар менен Түркиядагылардын маселеси чечиле баштаганын ЖКдагы Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Исхак Пирматов коомдук тармактарга түштөн кийин жазды.
Бирок Жеңиш Молдокматов тараткан дагы бир видеодо Новосибирск облустук адинмистрациянын өкүлдөрүбүз деген 4-5 кишиден турган топ кыргызстандыктар менен жолукту. Административдик кызматкер Сергей деп тааныштырылган адам Кыргызстандан макулдук болсо эле аларды алып келип, өз жарандарын салып кетүүгө даяр экенин айтып жатат.
Новосибирскте 20-марттагы аба каттам токтоп калганда, 150дөй жаран калып кетти. Кыргызстан бийлик өкүлдөрү башка өлкөлөрдүн да чек аралары жабык болгондуктан алып келүү мүмкүн болбой жатканын айтып келди.
Парламенттеги талкуу чурунда депутаттардын айрымдарынан Кыргызстан кабыл албай жатканы тууралуу сөздөр чыкты.
Биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов аба майдандар кабыл алууга даяр, маселе башкалардын да чек арасы жабык болгонунда деди.
Боронов ошондой эле Казакстан өз аймагынан жарандарды өткөрүүгө макул болбой жатканын айткан.
Кыргызстанга келүүнү каалап, бирок өкмөткө кайрылбагандарды кошкондо сандар 4400дөн алда канча көп болушу мүмкүн.
Кыргызстандыктардын эң көбү Орусияда жашап, иштешет. Расмий катталгандар 600 миңден ашык болсо, эсепке кирбегендер менен ал жактагы кыргыздардын саны дээрлик бир миллион деген маалыматтар бар.