Үйүнө кайта албай ара жолдо калган, ачка кыргыздар

Кыргызстан чет өлкөдөн келе албай аткан үч миңге жакын жаранын алып кетиш үчүн чартердик каттамдарды уюштуруп жатканын билдирген. Бирок Москва менен Новосибирскиден Бишкекке учуп кете албай, аэровокзалда түнөп, ачка, кыйналып жаткан кыргызстандыктар жөнүндө кабарлар келип жатат.

Москвадагы "Шереметьево" аба майданында жүздөн ашык, Новосибирскиде эки жүздөн ашык кыргыз жарандары уча албай, аэропортто түнөп, кыйналып жатканын жазып жатышат.

Орусиядагы кыргыз элчиси Аликбек Жекшенкулов өз кезегинде Фейсбуктагы баракчасына Москвада "Шереметьево" аэропортунда жалпы зонада кырктай, транзиттик зонада дагы он төрт кыргызстандык уча албай турганын жазды. Ал эми Новосибирсктеги Толмачево аэропортунда Бишкекке жол карап отургандар эки жүздөн ашык экенин элчи да ырастайт. Ошондой эле Орусия менен Казакстандын чек арасында кептелип келе албай жаткан дагы 90 адам бар.

Ошол эле убакта Москва, Санкт-Петербург, Красноярск, Сургут жана башка шаарларынан чартердик каттамдар менен Кыргызстанга жеткирилген кыргыз жарандарынын саны беш миңден ашты.

"Жарандык авиация агенттиги тарабынан Кыргызстандын жарандарын алып келүү боюнча иштер жүргүзүлдү",-деп ишендирген бир апта мурун эле жарандык ави

ация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев.

Анын айтымында, коронавирус инфекциясынын жайылуусунун алдын алуу боюнча республикалык штаб тарабынан Бишкекке жана Ошко чартердик каттамдардын графиги бекитилди. Учууларды "Аэрофлот", "Уральские авиалинии", Fly Dubai авиакомпаниялары аткарып жатат.

"Бүгүн күн аягына чейин 12 рейс аткарылат, 22-мартка сегиз, 23-мартка 5-6 рейс пландалган. Бул рейстер менен биз башка өлкөлөрдөн 3 миңдей Кыргызстандын жаранын алып келебиз. Калып калгандар болсо, аларга кошумча рейстерди уюштурабыз",-деди Акышев.

Кыргызстан 20-марттан тарта Сovid-19 пандемиясына байланыштуу бардык эл аралык каттамдарды токтотуп, Москвага гана үч каттамды калтырган."Манас" аба майданында эл аралык авиакомпаниялардын эл аралык каттамдарынын көбү, ошондой эле өлкөнүн ичиндеги каттамдар да токтотулган.

Кыргызстандын өзүндө коронавирустун 56 учуру катталды. (КС)