You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Коронавирус: камырабастык кесепети
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
8-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктурган жаңы 42 учур катталды. Ошону менен өлкөдө коронавируска кабылгандар жалпы саны 270 жетти.
Оорунун жайылып кетпеши үчүн киргизилген эрежелерге дагы деле шалаакы мамиле кылган жарандар болуп жатат. Карантинди сактабай жакындарына вирус жуктурган Ош тургунуна кылмыш иши козголду. Бул коронавируска байланыштуу Кыргызстанда козголгон биринчи кылмыш иши болуп калды.
"Абал курч"
Саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримов өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал курч тейден калып жатат деп, элди үйдөн чыкпай отурууга чакырды.
Вирус жуктургандардын саны секирик менен өсүп жатканынан кабатыр болбош керектигин баса белгиледи министр:
"Бирок мындан коркпош керек, себеби бул биздин иштин сапатын көрсөтүп жатат. Убагында таап, изоляция кылсак, эпид чараларды көрүлсө, процесстин токтошуна жардам берет".
Коронавирус Ош, Жалал-Абад облустарында жана Бишкекте тездик менен жайылып жатат. Алардын көбү оруну биринчи жуктуруп алгандар менен байланышта болгон жарандар.
"Сакайса эле камалат"
Кыргыз өкмөтү жарандарды карантиндин шартын бекем кармоого чакырган сайын, ага кулак салбай өз эле саламаттагына эмес, өзгөлөрдүн да өмүрүнө тобокел жаратып жаткандар болууда. Мындан улам чаралар да катталдана баштады.
Ошто санитардык-эпидемиологиялык эреже бузуп, башка адамдарга COVID-19 вирусун жуктурган адамга кылмыш иши козголду.
"Бир жаран өзүнүн ооруп калганын билип туруп тууган-туушкан, теңтуштары менен катташып жүрө берген. Анын оорусу оорлошо баштаганда текшерсек, илдетке кабылганы такталды. Дос, кесиптештерине чейин текшерсек, алардын жыйынтыгы да илдетти көрсөттү. Бул жаран обсервацияга жаткызылып, изоляцияга алынды. Жакшы болуп чыгары менен камалат",- деди Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов.
Мындай шалаакылыкка Кылмыш кодексинин 280-беренеси боюнча чара көрүлөт. Ага ылайык, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге баш ийбей, атайылап же билбей көп санда адамга оору жугузган адамды 340 миң сомго чейин айып пулга жыгып же беш жыл эркинен ажыратса болот.
"Өзүңдү ойлобосоң да, өзгөлөрдү ойло"
Өзүнүн эле эмес, башкалардын саламаттыгына бейкамдык кылган мындай мисалдар Бишкекте да бар. Өткөн суткада коменданттык саат эрежесин 58 адам бузду.
Буга чейин мэр Азиз Суракматов борбордогу бир жаран таксист болуп иштей коюп, COVID-19 чалдыгып, бирок анын белгилерине маани бербей жүрө берип, вирусту үй-бүлөсүндөгү алты адамга жугузганын айткан эле. Коронавирус аны эки небересине да жуккан.
Даваттан илдет жуктуруп келген Каракол шаарынын тургуну ким менен байланышта болгонун милиция жана врачтарга айтпай атканы тууралуу кабарланган эле.
Кыргызстанда алгачкы коронавирус Сауд Арабияга кичи ажылыкка барган жарандардан катталып, андан кийин эле Индия, Пакистанга даватка барып келгендер аркылуу жайылып жатат. Аларга врачтардын, милициянын тили өтпөй жатат.
"Аалымдар аркылуу динге өтө берилип кеткен адамдарга кайрылуу бул айла жоктун иши. Болбосо алар врачтардын бул кооптуу оору деп айтканына же ИИМ министринин эшикке чыксаң болбойт, карантин дегени укпай коюшу мүмкүн. Бирок алар сыйлаган аалымы чыгып эле төрт сөз менен эле жеткирмек беле. Бизге азыр жыйынтык керек болуп атат. Туура же туура эмес андай кылган деген убакыт жок. Эч кимди көчөгө чыгарбоого кандай болсо да ыкма керек",- деди конфликтолог Бектөрө Төлөн уулу.
Ал азыркы абалга түркөйлүк, караңгылык да себепчи болуп атканын айтты. Буга чейин обсервациядан кое берилген айрым адамдар догдурлар жазып берген дарыларга шек келтирип, оорунун өзүн жокко чыгарган видео кайрылуулар жасаган.
Бирок эми парламент тийиштүү мыйзамдарга толуктоо киргизип, мындан ары милиция талабына, өзгөчө абал шарттарына көнбөгөн жарандарга катаал чаралар көрүлө баштамакчы.