Коронавирус кемирген Кыргызстандын кирешеси

    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Эпидемияга байланыштуу Кыргызстандын бюджети быйыл 28 млрд сомго толукталбай калышы мүмкүн. Мамлекет эл аралык донорлордон сураган жардамдар келе баштады.

Оболу өлкөнүн туризм, тейлөө, тигүү жана кен казуу тармагы жабыркаганын вице-премьер министр Эркин Асрандиев билдирди.

Бирок азыр экономикалык жоготуулардын эсеби чыга элек.

Буга чейин мамлекеттик бюджет 400 млн долларга толбой калат деп айтылса, 7-апрелде Эркин Асрандиев ал 28 млрд сом болушу мүмкүн деди.

Өкмөт Бюджет боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуштап, парламентке жөнөтөт. Анда чыгымдар кыскартылат.

Өкмөттүн чаралары

Кыргызстан 30 пункттан турган антикризистик иш-чаралардын планын кабыл алды.

"Анда биринчиден азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу каралган. Экинчи багыты - өзгөчө кырдаалдан улам тамак-аш, дарыкана бизнесинен сырткары баары токтоп калгандыктан ишкерлерге көрсөтүлчү жеңилдиктер. Бул жеңилдиктер салыктар менен социалдык төлөмдөрдү, ижарага алынган мамлекеттик имараттын акысын үч айга жылдыруу", - деди Асрандиев 7-апрелде.

Салык тууралуу отчетторду тапшыруу үч айга, бирдиктүү салык декларациясы бир жылга жылдырылды. Бир жыл ичинде эч кандай мамлекеттик көзөмөлдөө болбойт.

Пландын үчүнчү багыты - бизнесмендерге каржылык көмөк көрсөтүү. Бул жеңилдетилген кредит түрүндө болушу мүмкүн.

Ишкерлерге көмөктөшүү үчүн Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун каражаттары тартылышы мүмкүн, ал 200-250 млн доллар деп божомолдонуп жатат.

"Биз башка өнүккөн мамлекеттерге окшоп өзүбүздүн эсептен бизнеске бекер акча же пайызсыз насыя бере албайбыз. Толугу менен салыктан бошото албайбыз", - деп белгиледи Асрандиев.

Эл аралык донорлордун акчасы эмнеге жумшалууда?

Эл аралык валюта фонду убада кылган каражаттын биринчи бөлүгү 31-мартта түштү. Ал берчү жалпы 120,9 млн доллар эки нерсеге - бюджеттик чыгымдарга жана коронавируска каршы күрөшүүгө жумшалат.

Дүйнөлүк Банк Кыргызстанга 12,15 млн доллар берет. Бул каражат эпидемиялык кырдаалды жөнгө салууга бөлүнүп жатат.

"Covid-10 пандемиясына ыкчам чара көрүү долбоорунун максаты - адам өмүрлөрүн сактоо жана оорунун жайылышын чектеп калуу", - деп билдирген Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Болормаа Амгаабазар.

Дүйнөлүк Банк мындан сырткары буга чейин башка долбоорго бөлүнүп жаткан 9 млн долларды чукул берет. Бул акчалардын жарымы грант, жарымы 38 жылга 0,75 пайыздык үстөк менен жеңилдетилген кредит экенин штабдан билдиришти. Эл аралык институт бул акчаны медициналык каражаттарды - жасалма дем алдыруучу жабдык, коргоочу кийимдер, жандандыруу бөлүмүнүн жабдыктары, анализ тесттерин, 20 тез жардам унаасын, 38 ыкчам чара көрүү унааларын, дары сатып алуу жана медициналык кызматкерлердин окутуу менен айлыгына акча кошуп берүү үчүн берүүдө.

Дагы суралып жаткан каражаттар

Ал эми ишкердикти колдоо үчүн Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы менен 100-150 млн доллар жардам алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Андан сырткары, бийлик Азия өнүктүрүү банкы жана Ислам өнүктүрүү банкынан каражат сурап жатат.

7-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен жолукту. Алар азык-түлүк коопсуздугун талкуулашты.

Президент ошондой эле Абу-Дабинин канзаадасы Мухаммед бин Заед Аль Нахайян менен телефон аркылуу сүйлөшүп, колдоо керектигин айтты.

Мамлекеттик карызды төлөш керек

Мамлекеттик бюджет боюнча мыйзамга ылайык, Кыргызстан 2020-жылы карызынын 28 млрд 818 млн сомун төлөш керек. Анын 16 млрд сомдон көбү сырткы, 12 млрд сомдон ашыгы ички карыз.

Кыргызстан 2020-жылдын январь-февраль айларында карыздын 5 млрд 362 млн сомун берген.

"Андан тышкары мартта дагы бюджеттен мамлекеттик карызды тейлөөгө каражат бөлүндү. Ошону эске алганда бир топ азайып калды. Мындан ары да белгиленген график боюнча карызды төлөө уланат деп үмүт кылып жатабыз. Анткени эл аралык донорлор менен сүйлөшүүлөр жигердүү жүргүзүлүп жатат", - деди Каржы министрлигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Самат Тоялиев.

Массалык маалымат каражаттарында эл аралык институттар экономикасы чабал өлкөлөрдүн карызын бул жылы албаш керек деген маалыматтар чыгууда. Бирок Кыргызстандын тышкы карызынын эң чоң бөлүгү Кытайга туура келет.

Айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу

Казакстандан 22 миң тонна ун алып келүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Орусиядан 100 миң тонна буудай апрель-майда келет.

Жарандар айыл чарбага керектүү каражаттарды ташууда тоскоолдуктар боюнча даттанып жатышат.

Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев быйыл кант кызылчасы өңдүү жашылчаларды азайтып, кылкандуу жана чанактуу дан өсүмдүктөрүн көбүрөөк себүү пландалууда деди:

"Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы аянты быйыл 1 млн 221 миң гектар же өткөн жылга салыштырмалуу 2,5 миң гектарга көп болот деп болжолдоп жатабыз. Дан эгиндеринин аянты 631,9 миң гектар. Бул жалпы эгиндин 51,8 пайызын түзөт".

Ушу тапта жазгы себүү иштеринин 48 пайызы аткарылды.

Башка тармактардын абалы

Ушу тапта сомдун баасы түшүп, бир доллар дээрлик 85 сомго жетип жатат.

Ушул апта соңунда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын, кийинки аптада уюмдун жогорку кеңешинин жыйыны өтөт. Жолугушууда улуттук валюталардын куну, ага колдоо көрсөтүү тууралуу сөз болот.

Кытай менен жүк ташуучу унааларды өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. "Эркечтам" чек ара бекети ачылары күтүлүп жатат.

Ушу тапта Орусияда жумуш апрелдин аягына чейин токтогон. Тамак-аш тармагынан башка жакта иштеген кыргызстандыктар да жумушсуз отурат. Бул мамлекеттен акча которуулар ИДПнын дээрлик үчтөн бирине барабар болчу. Ушул жагдай дагы элдин жашоосуна таасир этээри талашсыз.