You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Билим берүү министрлиги төртүнчү чейректи дистанттык түрдө окутууга даярданууда
Коронавируска байланыштуу киргизилген чаралар канчага уланаары белгисиз. Кыргызстандын Билим берүү министрлиги билдирүү таратып, төртүнчү чейректи дистанттык түрдө окутууга даярдык көрүлүп жатканын айтты.
Өткөн аптадан тарта мектеп жана жогорку окуу жайлар убактылуу жабылган. Билим берүү министрлиги ЭлТРдин "Билим" каналы менен чогуу видео сабактарды көрсөтүп баштады.
"Мөөнөтсүз каникул улантыла турган болсо, 8-апрелден тарта орто мектептин окуучулары төртүнчү чейректи дистанттык (үйдө отуруп) негизде окууга киришет. Окуучулар окуу программасына ылайык, жаңы темаларды видеосабактар аркылуу онлайн өздөштүрөт. Сабактар атайын түзүлгөн жадыбалдын негизинде «Баластан», «Билим жана Илим» телеканалдарынан берилет. Андан сырткары ушул эле сабактар "Ютубга", атайын порталга жайгаштырылат. Учурда Бишкек жана Ош шаарларынан тандалып алынган мугалимдер видеосабактарга тартылып жатат. Жакынкы күндөрү 1-11-класстар үчүн министрликтин "Санариптик окутуу" боюнча билим берүү порталы ишке кирет. Бул порталдан алынган билимди бекемдөө үчүн окуу материалдар, атайын тесттерди көрсө болот. Муктаждыкка жараша жыйынтыктоочу экзамендерди мектепке келбестен тапшыруу мүмкүнчүлүгү каралууда",-деп айтылат расмий таратылган маалыматта.
"Мындан сырткары министрлик окутуу кыргыз, орус, тажик жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн ар түрдүү тематикадагы 400гө жакын акысыз окуу материалдары жайгаштырылган https://lib.kg/lib/school/ сайтын сунуштайт. Ошондой эле министрлик окутуу кыргыз, орус, тажик жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн бардык предиеттер боюнча 400гө жакын окуу китептери жайгаштырылган https://lib.kg/lib/school / сайтын жана жакынкы күндөрү ишке берилүүчү kitep.edu.gov.kg электрондук китепканасын сунуштайт. Окуучулар жана ата-энелер ведомство тарабынан даярдалган "iBilim" (башталгыч класстар үчүн) жана "Билим булагы" мультимедиялык комплекстеринен колдонсо болот. Комплекстер төмөндөгү шилтемелерде жайгаштырылды - http://ibilim.kg/kyr/index.htmlhttp://bb.edu.gov.kg/index.php. Окуучулар менен кайтарым байланыш учурдагы технологиялардын (Zoom, Google classroom, Telegram, WhatsApp) жардамы менен ишке ашырылат. Мында үйдөн олтуруп эле тапшырмаларды берип, аларды текшерип алууга мүмкүнчүлүк болот", деди министрликтин басма сөз катчысы Акылбек Орозматов. (AbA)