Н.Усенбаев: Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере. Коронавирус катталган жок

    • Author, Айбек Абдылдаев
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы

Коронавирус катталган бир катар өлкөлөр кескин чараларга барууда. Италияда, Жапонияда мектептер, окуу жайлар убактылуу жабылды. Дүйнөдө коронавируска байланыштуу кырдаал көптөрдү чочулатып, ошол эле учурда элди дүрбөткөн ар кандай маалыматтар чыга калууда.

Ал ортодо Кыргызстандагы интернет колдонуучулар арасында "коронавирус катталган өлкөлөрдөн келген жарандарды текшерүү иши чабал болуп жатканы" тууралуу кабатырланган пикирлер талкууланууда. Кыргыз бийлиги коронавирус чыккан учурду жаап жашырып жатышы мүмкүн деген дагы пикирлер айтылып жатат. Ушуга байланыштуу Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы атайын түзүлгөн штабдын катчылыгынын жетекчиси Нурболот Усенбаев Би-Би-Синин суроолоруна жооп берди.

Н. Усенбаев: Кыргызстанда коронавирус каттала элек. Алдын алуу максатында көп аракеттер көрүлүүдө. Биринчи этапта, чек ара өтмөктөрү күчөтүлгөн режимде иштеп баштады. Биздин өлкөгө келген жарандардын баары текшерүүдөн өтүп, обсервациялык иш-чараларды алып барып жатабыз. Вирус миграция аркылуу: аба жолдору, темир жол, авто-унаа аркылуу келген кишилерден жугушу мүмкүн болгон үчүн ушул багытта иштеп жатабыз. Беш өлкөгө чектөө коюлган: Кытай, Жапония, Түштүк Корея, Иран, Италия эпидемиологиялык кырдаал курч өлкөлөр болуп жатат. Ал жактан келген жарандар болсо обсервациялык шарттарда кармап, медициналык көзөмөлдү катуу жасап, лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүп, анан ошонун жыйынтыгы менен калган иш-чаралар жүрөт. 28-февралдан баштап өкмөттүн токтому чыккан. Жагдайы кыйыныраак болуп калган өлкөлөрдө 20 күн болгон кишилерди он төрт күн карантинге алып жатабыз. Эгерде башка өлкөдөн келгендер болсо, аларга дагы өзүнчө алгоритм иштелип чыгып, үй шартында кармап, байкоого алган эрежелер дагы каралган.

Би-Би-Си: Обсервация дегенде, бул карантинге алынган кишилер да, туурабы? Кыргызстанда ушундай шартта кармалган канча киши бар?

Н.Усенбаев: Бүгүнкү күндө республикада атайын тизмек түзүлгөн, ошол жерде кыргыз жарандары турган жерлер бар, чет өлкөлүктөрдүкү өзүнчө.

Би-Би-Си: Эки жүздөн ашуун кытай жараны кармалып турат, корей жарандары бар деп айтылып жатпайбы. Ушул такпы?

Н.Усенбаев: Эки жүздөн ашуунун кармап туруп, бүгүнкү күндөн баштап 14 күндү толук обсервациядан өтүп, кийинки лаборториялык тестти өткөрүп, ошолордун жыйынтыгы менен кайра жалпы шарттарга чыгарганга киришип жатабыз. Төрт-беш жерде обсерваторлор бар эле, ошолордон чыгарып жатабыз. Бошогон жерлерге кайра эле чет жерден келгендер жаткырылат.

Би-Би-Си: "Чек арадан текшерүүсүз эле өтүп жатыптыр, кытай жарандары кирип кетиптир" деген маалыматтар чыга калууда?

Н. Усенбаев: Биз өзүбүздүн санитардык-карантиндик иштерибизди кылабыз. Чек ара кызматы бизге өткөрүп берген адамдардын баары менен иш алып барабыз. Анан "өтүп кетти, башкасын кылды" дегенде, чек арада текшерүү катуу, ал жерде көзөмөл жасап жүрүшөт.

Би-Би-Си: Кудай анын бетин ары кылсын, бирок коронавирус катталып калчу болсо, Кыргызстандын даярдыгы кандай? Пульмонолог адистердин даярдыгы, ооруканалардын шарты, дары-дармек, жабдыктар деген маселе көптөрдү кабатыр кылууда?

Н. Усенбаев: Вирус чыккандан бери бир жарым ай убакыт өтпөдүбү. Ошондон бери биз бир топ эле даярдык өткөрдүк. Миңдеген медкызматкерлерди окутуудан өткөрүп алдык. Атайын машыгууларды өткөрүп жатабыз. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дагы көмөк көрсөтүүдө. Элге маалымат берүү иштерин дагы жүргүзүп жатабыз.

Би-Би-Си: Көп өлкөлөр коомдук транспортко, аялдамаларга, көчөлөрдө дезинфекция кылып жатат. Бизде ошондой кылууга мүмкүнчүлүк барбы?

Н.Усенбаев: Кечээ күнү биз мына ушул чараларды көрдүк. Базарларды жаап, коомдук транспортту дезинфекциядан өткөрдүк.

Би-Би-Си: Болбой эле коомчулукта коронавирусту жаап-жашырып жатышат деген такталбаган маалыматтар күчөп кетти. Өзгөчө Өзгөндөгү окуядан кийин...

Н.Усенбаев: Ооруну жашырсаң - өлүм ашкере. Эртең жашыргандын баары өлүмгө дуушар болуп олтурса, ооруканалар толуп кетип, ары-бери сүйрөп жүрсөк, ошонун эмнеси жакшы! Дүрбөлөң түшө берген болбойт. Адистердин берген кеңештерин угуп, фейк жаңылыктарга азгырылып, дүрбөлөң түшпөө керек. Ошого чакырат элем.

Маекти толугу менен бул жерден көрүңүз:

(AbA)