ТИМ: Кыргызстандык коронавируска кабылды деген кабар кошунасынан улам чыкты

    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Саякатта жүргөн кыргызстандык коронавируска кабылганы тууралуу кабар желдей тарап жатат. Буга "Diamond Princess" кемесине ээлик кылган компаниянын интернет баракчасына жазылган кабар негиз болду. Анда бир нече өлкөнүн жарандары менен кошо бир кыргызстандыктан дагы Covid-19 вирусуна кабылганы тууралуу маалымат 16-февраль күнү чыккан. Бирок бул информация улам толукталып жатканы дагы кабарланган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан расмий маалыматка караганда окуянын чоо-жайы башкача. Анда саякаттап жүргөн кыргызстандык менен чогуу бир каютада жашаган адамдан коронавирс аныкталып, ошондон улам кыргызстандык адам да көзөмөлдө тургандыгы айтылат.

Билдирүүдө кыргызстандык саякатчынын дене табы көтөрүлбөгөнү жана ага эч кандай дарылоо жүргүзүлбөгөндүгү айтылат. Кыргызстандын Жапониядагы элчилиги бул адам менен тынымсыз байланышта болуп жаткандыгын дагы кошумчалаган.

"Diamond Princess" кемеси 3-февралдан тарта Жапониянын Йокогама портунда токтоп турат. Жапонияда вирус жуктургандардын саны 96 кишиге жетти. Кемеде болсо кеминде 450 кишиден коронавирус аныкталып, жүргүнчүлөрдүн көбү карантин максатына жетпей жатканын айтышууда. Кемеде жалпысы болуп үч миң жети жүз жүргүнчү жана команда мүчөлөрү бар.

АКШ кемедеги төрт жүзгө чукул жаранын кечээ күнү өлкөдөн чыгарып кетти. Кошмш Штаттарынан кийин Канада, Түштүк Корея, Израиль, Гонконг жана Тайвань сыяктуу мамлекеттер дагы жарандарын Жапониядан чыгарып кетүүнү көздөп турат.

Кытай коронавирус боюнча жаңы изилдөөсүн жарыялады

Кытайдын саламаттыкты сактоо боюнча расмийлери жаңы коронавирусту жуктурган 70 миң бейтапка байкоо салып, Covid-19 вирусу боюнча атайын изилдөөсүн жарыялады.

Кытайдын расмийлеринин айтымында, коронавируска кабылгандардын 80 пайызы инфекцияны жеңил көтөргөн, 13.8 пайызы оор абалда, 4.7 пайызы абдан оор абалда . Бирок Covid-19 вирусу өзгөчө карыяларга коркунуч жаратат. Вируска кабылган 80 жаштан жогору кишилердин 14.8 пайызы көз жумган.

Ошондой эле изилдөөдө Covid-19 дарыгерлерге олуттуу коркунуч экенин айтылат. 3,019 медкызматкер вирусту жуктурганы сөз болуп, алардан 1,716 учур тастыкталды. Беш медкызматкер коронавирустан улам көз жумду.

Коронавирусту жуктургандардын 2.3 пайызы көз жумган. Вирустун очогу саналган Хубэй провинциясында вирусту жуктургандардын 2.9 пайызы каза тапкан.

Кытай тараткан расмий маалыматтарга караганда, 72,436 киши вируска кабылды, 1,868 көз жумду. 12 миңден ашуун киши коронавирустан сакайып, үйүнө кеткен.

Кытайдын саламаттыкты сактоо расмийлери, шаарлардын тышкы дүйнө менен байланышын үзүп, кемелерди карантинде кармоо, бет кап кийип жүрүү сыяктуу аракеттер менен вирустун жайылышын токтотуу максатына жеткенин айтышууда.