You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Кыздарым Сириядан келсе, аларды эмне күтөт?"
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Акыркы жылдары Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдуу аймактардан жарандарын чыгарып кетүү маселеси Борбор Азия өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын дагы мүшкүлү болуп калды.
Буга чейин Казакстан, Тажикстан менен Өзбекстан Жакынкы Чыгышка атайын учак жөнөтүп, экстремисттерге кошулган жарандарын жана алардын балдарын алып келишкен. Ар кандай азгырыктар менен Сириядагы жаңжалга аралашып калган кыргыз жарандарынын жакындары кабатыр болуп, буга чейин кыргыз бийлигине бир нече ирет кайрылуу жолдошкон эле.
Алардын бири Рамаз Би-Би-Сиге үй-бүлөсү кабылган азаптуу күндөр тууралуу айтып берди. Алардын азаптуу турмушу 2014-жылы башталды...
Азгырыктын азабы
Азгырык деген бир балээ тура, кыздарым ошого чалынды. Кыздарым он жети жана он сегиз жашта эле. Өзүбүздүн эле кыргыз балдар Египетке окууга жөнөтөбүз, бекер окутабыз деп азгырып, үч-төрт айда эле баштарын айлантып коюшуптур. Дин жолунда жүрөбүз деп калышты, окууга барабыз деп көшөрүп жатып, анан Түркияга кетишти. Ал жактан Египетке окууга кетишмек. Бирок аларды азгыргандар Сирияга күчтөп жөнөтмөк болушат.
Сирияга аял киши жалгыз кире албайт деп, күчтөп бирөөгө баш байлатыптыр.
Шек алар замат документтеримди даярдап бир жума өтпөй аркаларынан Түркияга сапар тарттым. Түркияда элчиликте интернет аркылуу кызым менен байланыштым. Үнү чыкпайт, жанындагылардан коркуп, кысынып акырын үн чыгарымыш этип сүйлөштү. Аман-эсен экенине эле шүгүр дедим, бирок катуу түйшөлүп, амалсыз турдум. Сирия-Түркия чек ара тилкесине чейин бардым. Бирок 2014-жылы аймакта согуштук аракеттер катуу жүрүп жаткан маал эле. Газентеп, Хатай, Килис деген шаарлаарында бир ай жашадым. Ал жакта түрк күч органдары өздөрү аралашкан Сирияга өтсө болчу "коридор" бар экен. Кыздарыма илинчек чыгып калабы деп, бир ай ал жакты акмалап жүрдүм. Хиджаптары менен беттерин жапкан кыз-келиндер өтөт. Ошол маалдарда чуркаймын, кыздарыман бирөө "менмин" деп чыга калабы деп...
Тилекке каршы жолум болбоду, келдим.
Кийин сураштырып атып, кыздарымдын дарегин таап, интернет аркылуу байланыштык.
Эки кызымды алып келем деп, эки айлык боюнда бар жубайым алардын артынан кетти. Эне да, жүрөгү чыдабады. Анын үстүнө күйөө балдар да "апа, келип биздин жашообузду көрүп кетиңиз, бул жак тынч эле, келип санааңызды тынчытып кетиңиз" деп жатышты. Аялым алты ай ойлонуп-толгонду. Акырында, барып кыздарымды чыгарып кетейин деген ой менен Сирияга сапар алды. Оюнда жашоолорун көрүмүш болуп барып, кыздарын алып чыгып кетем деген. Баргандан кийин, чыгышың кыйын болот деп жакшы эле айттым. Энеси кыздарын кыя албады. Боюнда бар кыздарын төрөтүп, бир ай тыңытып алып эле бери жылып кетем деген ойдо болду.
Бирок ал жакка жетип, ары-бери болгуча эле өзүнүн ай күнү жетип калды, жол да кашайып жыбылып калат. Халифаттан да кишилер билип калып, кетсеңер "өлүм" деп анан ошол жакта кала беришти. Жубайым ошол жакта жүрүп уул төрөдү.
Ал убакта Сирия, Иракта согушчандардын мизи кайтып калган эле. "Өкмөттүк күчтөр ала элек бир-эки эле шаар калды. Бир эле айлаңар бар, качкыла, эптеп күрддөрдүн колуна түшсөңөр алып кетүү мүмкүн болот" деп аларга акыл айттым. Макул болушуп, кичи балдары менен күндөп-түндөп жол жүрүп, ортомчулардын жол көрсөтүүсү менен күрддөр көзөмөлдөгөн аймакка келип, алардын колуна түшүп беришти. Биринчи, уулу кызым ал жакта колго түштү. Андан кийин аркасынан экинчи кызым, энеси менен келишти. Кыздарым экиден балалуу болушту, күйөөлөрү согушта каза болушту. Ошону менен азыр үй-бүлөмдөгү сегиз киши Сирияда кала берүүдө.
Жашоом тозокко айланды
Бул жакта жети жаштагы кызым калган, 4- класста окуган балам бар. Аларды караганга караан болсун деп сексен жаштагы энемди алдырып алгам. Үй-бүлөм экиге ажырап, күн кечирип келебиз. Соңку беш-алты жыл жашоом тозокто эле өтүп жатат.
Жубайым, кыздарым күрддөрдүн лагеринде. Чек арада өтө албай кыйналып турушат. Лагерде жашоолору кыйын, тамак-ашы тартыш. Күрддөр каалаган убагында кирип келип, текшерип, талап-тоноп турушат. Балдар андай убактарда жүрөктөрү түшүп ыйлашат дейт. Кээде такыр эле чектен ашкан кылыктар болот экен...Кыздарым кумга телефон көмүп коюп, араң байланышка чыгышат. Телефон менен кармалгандарга жаза күч деп айтышты.
Кыздарым Кыргызстанга келсе, аларды эмне күтөт?
Бул маселеде кыздарымды коркутуп бир ай сүйлөшпөй койгонумду да айта кетейин. Кыздарым "Папа, сизден башка биздин эч кимибиз жок, байланышта болуңуз, биз барын түшүндүк дешти".
Кандай болуп келесиңер? Бул жака келсеңер эмне болот? Ал жакта силердин башыңарды айлантты, тигил жактан таасири бар да силерде дегем. Кыздарым кадимки жашоону сагынышканын, үйгө келсе, тынч эле турмушун улантарын айтып жатат. Алар ал жакка барып террорист болгон жок, үйдө эле бала төрөп отурушту. Бир кызым медициналык билим алам деген тилеги бар болчу, азыр деле ошого кыялданат. Экинчиси, сулуулук салондо иштечү. Бетибизди жаппайбыз, кара кийинбейбиз деп атышат. Коомчулуктан ар кандай сөздөрдү угуп атам. "Эмнеге келишет? Жоголсун! "деп жатышпайбы.
Балам төрткө толду...
Сирияда төрөлгөн өз баламды көрө элекмин, эмнесин айтайын. Төрткө толду, видео байланыш менен сүйлөшсөм "папа" деп таанымыш этет. "Алып кет мени" дегени жүрөгүмдү эзет. Орусча үйрөтүшүптүр, орусча сүйлөйт. Анан кыргызча дагы сүйлөйт. "Папа, мени алып кет", деп коёт. Эки-үч сөздү айтат. "Папа, забери, забери нас отсюда, Рамаз папа!"- деп коёт. Жүрөгүм ооруйт.
Башында абдан кыйналдым. Эми көнүп баратам. Менин тагдырымды уккан-көргөндөр таң калат, кантип карманып жүрөсүң деп. Аргам барбы? Кеткен кыздарым, жубайым бир күн болбосо, бир күн келээр деген үмүт менен жашап келем. Бул жакта кичине кызым турса мөлтүрөгөн, өспүрүм балам турат. Өзүмдү таштап койсом, булар эмне болот?
Президенттен жардам күтөбүз
Балдары Сирияда жүргөн ата-энелердин WhatsApp каналы бар, өздөрү чыгышат, жүзгө жакындап калды. Арасында унчукпай отугандары толтура. Кыздары, уулдары Сириядагы "Роуж", "Ал-хол" деген лагерде кармалгандар бар. Сирияда жүзгө жакын кыз-келиндер калып атат. Балдарын кошкондо андан көп, беш жүзгө чамалайт. Эми мендей ата-энелердин бир эле суранычы бар, президент менен менен жолуксак дейбиз. "Балдар үчүн ата-эне күйөт бышат, эмнени гана кылбайт", деп президентибиз өзү айтып жатпайбы. Ага жолуга албай келебиз. Берки өкмөттө иштеген, ошого жакын адамдар үнүбүздү жеткирип атабы биле албай койдук.