Булганыч аба балдарга көп таасир этет

    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Булганыч абадан эң көп балдар жабыркайт. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсебинде 2016-жылы 600 миң бала булганган абадан улам көз жумду. Бул айрыкча кирешеси төмөн өлкөлөргө тиешелүү. Балдарды булганган абанын терс таасирлеринен кантип коргойбуз?

Суук түшкөндөн бери бишкектиктердин санаа тартып, талкуулаган темаларынын бири булганыч аба.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму мындан көбүнчө балдар жабыркайт дейт. Анткени балдар бат-бат дем алат, бойлору кыска болгондуктан ылдыйдагы зыяндуу заттарды көбүрөөк жутат. Зыяндуу бүртүктөр жерде да көп.

Уюмдун эсебинде 2016-жылы 600 миңдей бала булганыч абадан улам дем алуу органдарынын жугуштуу ооруларынан каза болгон.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму булганыч абадан дем алган балдар аз салмакта төрөлүп, өнүгүшү жана аң-сезими начар болот дейт. Ошондой эле астма, пневмонияга туш кылат. Абадагы зыяндуу бүртүкчөлөр абдан кичинекей болгондуктан оңой эле өпкөгө кирип, канга аралашат.

Уюм кирешеси төмөн өлкөлөрдө балдардын 90 пайыздан ашыгы ушул маселеге кабылып жатканын жазды.

Индиянын абасы да өтө кир деп саналат. Анын балдарга таасирин изилдеген индиялык доктор Арвинд Кумар мындай дейт: "Бул биздин балдарды өлтүрүп жатат. Булганыч абадан дем алган балдардын акыл-эсинин иштеши төмөндөйт, өпкөсүнүн өсүшү начарлайт. Балдардагы ракка алып келүүдө. Кенже курактагы балдар өтө көп сандагы пневмонияга чалдыгууда. Кан тамырларга таасир этүүдө".

Доктор Кумар абасы булганган ири шаарлардагы балдар төрөлгөндөн тарта тамеки чеккенге барабар дейт.

Кыргызстанда абал кандай?

"2017-жылы изилдегенбиз. 2013-жылга салыштырганда 14 жашка чейинки балдардын өпкө оорулары эки эсе көп болду", - деди Би-Би-Сиге Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы "Профилактикалык медицина" уюмунун директор орун басары Кубат Садырбеков,.

Экологдор 29-ноябрда Бишкектин абасы өтө кир болуп, зыяндуу заттар нормадан он эки эсеге чейин жогору болгонун катташты. Бирок мамлекеттик мекемелер экологиялык бейөкмөт уюмдарынын жабдыктарын четке кагып, аба бул күнү нормадан эки же бир жарым эсе ашыкча кирдегенин айтышты.

Бийлик тараптагылар активисттер элди дүрбөлөңгө салып жатат деп эсептейт.

"Булганыч абанын ден соолукка түздөн түз таасирин өлчөгөн изилдөө Кыргызстанда жок болгондуктан жөн эле сүйлөй берген болбойт. Ооба, аба таза эмес, бирок дүрбөлөң түшө тургандай абалда эмес", - дейт Кыргызстандын башкы пульмонологу Талант Сооронбаев.

Республиканын башкы пульмонологу андан көрө үй ичиндеги абага көңүл бурууну, ал балдарга алда канча зыяндуу болуп жатканын айтууда.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму да муну четке какпайт. Үйдөгү аба сырттагы абадай эле кооптуу болушу мүмкүн. Ал тамак жасаганда, үйдөгү техникалардан улам кирдейт.

Уюм беш жашка чейинки балдардын өлүмүнүн ар бир онунчусуна булганыч аба себеп дейт.

Кыргызстанда балдардын абалын толук изилдөө аракеттери илгери жүргөн.

"Биз токсонунчу жылдары, кийин эки миңинчи жылдары изилдөө жүргүзгөнбүз. Бишкекте кир деп эсептелген жерлерде, мисалы борбордо дем алуу органдары ооруган балдардын саны 1000 балага 60 бала туура келсе, шаардын түштүк райондорунда 28 бала катталган",- деген маалыматты бөлүштү КР Эл аралык университетинин профессору, "Профилактикалык медицина" уюмунда мурда иштеген Айнаш Шаршенова.

Адистер балдарды коргош үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайт:

Балдарды унаа көп жүргөн жерден алыс кармагыла

Булганган деп эсептелген аймакта ойнотпогула

Убакытка жараша шаардан сыртка чыгарып тургула

Зарыл учурда маска таккыла

Унаа кыймылдаткычын керегинен көп иштетпегиле