Кыргызстан Тажикстанга нааразылык нотасын жөнөттү
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Баткен аймагындагы чек ара чатагына байланыштуу Тажикстанга нааразылык нотасын жөнөттү.
Министрликтин нотасы Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Сухроб Олимзодага тапшырылды. Анда "Максат" жана "Сай" бекеттеринде болгон чек ара чатагында Тажикстандын чек арачылары мыйзамсыз аракетке барганы сынга алынган.
Ошондой эле, тажик тарап биринчи болуп ок атып, анын кесепетинен кыргызстандык аскер каза таап, жетөө жарадар болгону айтылат. Андан тышкары жайкын тургундар арасында жетөө октон жаракат алып, бирөөсү өспүрүм бала болгону көрсөтүлгөн.
"Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев бардык маселелер кошуналык алаканын негизинде, сүйлөшүү жолу менен чечилиши керектигин белгиледи",-деп айтылды расмий маалыматта.
Тажик тарап өз кезегинде чатакты ырбатты деп Кыргызстанды айыптады. Исфара шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Икбол Тешаев Sputnik агенттигине Кыргызстан тактала элек чек ара тилкесине курулуш иштерин жүргүзбөө тууралуу 2014-жылдагы макулдашууну бузду деп айткан. Тажик тарап үч чек арачысы каза тапканын айтууда.
Жыл башынан бери кыргыз-тажик чек ара тилкесинде бир нече чыр-чатак катталды. Июль айында катталган жаңжалдан кийин президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон жолугушкан эле. Алар чек ара тилкелериндеги айылдардагы коопсуздукту камсыздоо, чатакташууларды болтурбоо убадаларын берген.
Чек ара чатагы катталган аймакка барган премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү күчөтүп, чек араны чечүү өкмөттүн алдындагы биринчи жумуш болорун убада кылды. Бирок жергиликтүү тургундар өкмөт убададан ишке өтүүсүн талап кылууда.

Октон жаракат алгандар Бишкекке алып келинет
Расмий маалыматка караганда, кечинде болгон чек арадагы ок атышуудан "Бөрү" атайын тобунун кызматкери, прапорщик Равшан Муминов ок жаңылып курман болду, 13 адам жаракат алды, анын ичинде экөөнүн абалы оор деп айтылууда. Жаракат алгандардын он бири аскердик учак менен Бишкектеги ооруканага жеткирилет. Аймакта жүргөн кабарчыбыз Аскар Баймуратовдун айтымында, бүгүн эртең менен абалы оор делген жарадарларды Лейлектин район борборунан Баткенди көздөй жөнөтүштү.
Ок атышууга жеткен чатак тажик тарап тактала элек тилкеге курулуш кургандан улам чыкканы айтылды. Ушул эле аймакта жашаган кыргызстандык жаран дагы буга жооп кылып, өзүнүн үйүнүн жанына коргон тургузуп баштаган. Бул окуядан кийин чек ара жетекчилери жолугушуп, курулуш жүргүзүүдөн карманып туруу боюнча макулдашкан экен. Бирок ошого карабастан, тажик тарап курулушту уланта берген.

"Кечки саат 19:30 чамасында тажикстандык аскер кишилери келип, Кыргызстан жаранына курулушту тез арада токтотуу тууралуу буйрук берип, орой мамиле жасаган",-деди Чек ара кызматы. Мунун арты кийин ок атышууга чейин ырбаган чатакка айланды. Тажик тарап бул окуяга Кыргызстан жарандарын күнөөлөдү. Кыргыз жарандары тактала элек тилкеге курулуш иштерин баштап жиберген дейт тажик тарап. Тажикстандын дагы ондон ашуун жараны жаракат алганы кабарланууда.
Чек арадагы мыйзамсыз курулуш боюнча маселе бир күн мурун Баткен районунда дагы козголгон эле.
Баткендеги нааразылык: Тажикстан тактала элек тилкеде курулуш баштады

Буга чейин Баткендеги Көк-Таш жана Орто-Боз айылдарынын ортосундагы Жака-Өрүк тилкесине тажик тарап өткөрмө бекет куруу үчүн курулуш иштерин баштаганы айтылып жаткан
"Коңшулаш тажик облусунун губернатор орун басарына телефон чалып, алдыра албай жатабыз. Бирок кечинде сүйлөшкөн элек. Ал киши бул аскердик кызматтын иши деп айтты. Чек ара кызматы өздөрү чечишсин деп, жолугушууга дагы келген жок. Биз аларга кат жолдогонбуз. Алардын мыйзамсыз иштери боюнча акимин дагы кабардар кылганбыз. Тиешелүү жерлерге кат жолдонгон, бирок алардан жооп жок болуп жатат",-деди Баткендеги өкмөт өкүлүнүн орун басары Кеңеш Салихов.
Мамлекеттик чек ара кызматынын төрага орун басары Абдыкерим Алимбаев такталбаган тилкедеги курулуш жүргүзуү аракети кооптонуу жаратканын жашырбайт.
"Баткен облаусундагы кыргыз-тажик чек арасында бүгүнкү күндө жалпысынан абал туруктуу. Бирок бир заматта өзгөрүп кетиши мүмкүн. Тажик тараптан шагыл-таш төгүүгө аракет кылышты. Бугүнкү күндө да кандайдыр бир жумуштарды жасайбыз деп аракет кылып жатышат. Эки элдин ортосунда кандайдыр бир чыр-чатак чыгып кетет дегенге эч кандай негиз жок",-деди Абдыкерим Алимбаев.
Аймактагы чек ара маселесин жакындан билген адистердин бири Таштемир Эшалиев маселе жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан чечиле турган маселе эмес экенин белгилеп жатат.
"Чек ара бекеттерин куруу мамлекеттик деңгээлде чечиле турган маселе. Губернатор же айыл өкмөтү, аким ошол постту коюшубуз керек, эл талап кылып жатат деген туура эмес. Министрдин деңгээлинде каралып чечилет",-дейт Таштемир Эшалиев.
Эки өлкө ортосунда тактала элек аймактарда курулуш болбосун деген макулдашуу бар. Бирок анын аткарылышы боюнча эки тарап бири-бирине доомат артып, чатакташууга чейин жеткен учурлары буга чейин да болгон.
Тажиктер бекет курат деген жердин таржымалы дагы талаштуу дейт адистер. Айрым эксперттер тажик тараптын аракетинен Кыргызстан аймагындагы Ворух анклавына коридор ачуу максатын көрүп жатышат.









