УКМК жетекчиси: атайын кызматтын алты аскеринин абалы оор

Сүрөттүн булагы, Official
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаев атайын кызмат Кой-Ташка аскердик операция өткөрүү үчүн эмес, Атамбаевди тергөөгө күчтөп алып келүүгө гана барган деп белгиледи. Бул себептүү аскерлер жанына ок атуучу куралдарын алышкан эмес.
УКМК төрагасы Атамбаевди суракка күчтөп алып келүү үчүн жетиштүү аскер бөлүнгөнүн, алар негизинен желим ок, үн чыгаруучу граната жана союлдар менен гана куралданганын баса белгиледи.
"Бирок Атамбаев баш ийбей, чебинде, бункеринде жашынып алды. Куралдуу каршылык көрсөттү. Атамбаев аскерлерге снайпердик "Драгунов" үлгүсүндөгү куралдан ок чыгарган",- деди Опумбаев.
Анын айтымында азыркы учурда атайын кызматтын алты аскеринин абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө жатышат.
7-августтагы окуяда Атамбаевдин тарапкерлери "Альфа" кызматкерлеринен 26 помповая курал, 14 автомат АК-74У жана 15 тапанча тартылып алынганын ачыктады.
Кечээги окуяларда каза тапкан скер 1972-жылы туулган Үсөнбек Ниязов экени такталды. Ок анын темир зоотун тешип өткөн. Маркумдун артында төрт баласы калды.
Жогорку Кеңеш бүгүн Атамбаевдин тегерегиндеги кырдаал боюнча чукул жыйынга чогулуп, өкмөт өкүлдөрүнүн бандамасын угуп жатат. (EKa)




